Мушкер Алмазбек Раимкуловдун биринчи жубайы Динара Орозбаева менен ажырашып Ассоль Молдокматовага үйлөнүшү, көп өтпөй алардын да эки ажырым жолго кетиши коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Динара айым турмуштун соккусунан сынып калбай чыйралып, чиедей эки баласын жалгыз тарбиялап, коомдук иштерге активдүү катышып, кыскасы, бүгүнкү күндө ийгиликтүү айымдардын катарында.
Туулган жери – Өзгөн району, Куршаб айылы
Билими – Ош мамлекеттик юридикалык институтун,Бишкектеги Эл аралык укук, финансы жана бизнес академиясын аяктаган
Хоббиси – Ат чабуу, машина айдоо
Учурда – БААУда коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча директор
– Динара, Алмазбек мырза менен ажырашкандан кийин коомдук иштерге активдүү катыша баштадыңыз. Бул мушкерге көрүнүүнүн аракетиби?
– Мен Алмазбек менен жашап жүргөндө өзүнчө аракет кылайын, элге таанылайын деген эмесмин. Америкада биз баш-аягы төрт жыл жашадык. Апамдын каза болгонун Алмаз айтпай коюп, бир жылдан кийин билгем. Ал кезде менин боюмда бар эле, балама зыян болуп калат дептир. Ошондо эле көңүлүм сууп калган. Апамдын жылдыгына Кыргызстанга келгенимде Алмазбек менен Ассоль Молдокматова АКШда үйлөнүп алышыптыр.
Жашоодогу эң жакыным апамдан айрылганым, көзү өтүп кеткенин мага бир жыл айтпай коюшканы, ал аз келгенсип жолдошумдун башкага үйлөнгөнү, өлгөндүн үстүнөн көмгөн болду. Бир ай төшөктөн тура албай жөрмөлөп калгам. Эжелериме, курбуларыма ыраазымын, күнү-түнү жанымдан карыш жылбай карашты. Кызым Малика ал кезде бир жарым жашта, уулум Эрназар жети айлык болчу. Улуу байкем менен эжем «балаңды алып коёлу деген жерибиз жок, өзүңө келгиче багып берели» дешкенинен болбой койдум. Эне менен бала эч качан эки башка жерде болбошу керек деп ойлойм.
Кыргыздын мен-мен деген аттуу-баштуу мырзалары бар, ошолорго рахмат. Адам катары, кыргыздын жигити катары менин акыбалымды түшүнүп, жардам беришти. «Эмне жардам керек, карындашым?» деп акчаларын көтөрүп чуркап, ар түрдүү жумуштарды сунушташты.
Алмаз менен ажырашканым эмес, апамды акыркы сапарга узата албай калганым катуу тийди. Күйөөсү менен ажырашкандардан мен биринчи же акыркы эмесмин. Алмаз өз тагдырын тандады. Мага ошондой турмушту көрсөткөнүнө азыр рахмат айтам. Анткени бутума турдум. Менин азыркы иш-аракеттерим ага көрүнүү эмес, элиме кызмат кылуу.
– Балдарыңызга "атаңар Алмазбек Раимкулов" деп айтасызбы?
– Ал киши менен акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө оозунан мындай сөз чыккан. «Балдар баары бир меники, сен жөн гана багуучусуң.
18 жашка чыкканда өздөрү эле мени издеп келишет» деп катуу айткан. 18ге кантип чыгат, кандай күндөрдү көрөт, аны менен иши да болгон жок. Ошондо "Алмаз, сен эркектик сөзүңдү айттың, айтылган сөз атылган ок" дегем. Эркек болсо эми сөзүнө турсун. Бул Америка эмес, Америкада факт менен иш кылат. Ал эми кыргыздар үчүн ар бир сөздүн мааниси чоң. 18 жаштан кийин өздөрү келет дедиби, күтсүн эми. Ага чейин балдардын психикасын бузбасын.
Мен үчүн балдарымдын психикалык абалы жанымдан артык. Ошондуктан үйдө ал кишинин аты айтылбайт. Балдарым эч нерседен кем болбой өсүп жатышат. Машинабыз, үйүбүз бар. Кымбат төлөнүүчү бала бакчага барышат, андан сырткары бала багуучум да бар.
– Америкада жүргөндө англис тилин билчү белеңиз?
– Ал жакта жүргөндө тиричиликке керектүү эле сөздөрдү билчүмүн. Тил үйрөнгөнгө убактым деле болгон жок. Пол жуугуч, идиш жуугуч да болдум. 9 айлык боюмда бар кезде рак менен ооруган адамды карап иштедим. Ал мени аяп, «жок, мени көтөрбө, төрөп коёсуң» дечү. Англис тилин Кыргызстанга келип үйрөндүм.
– Мушкердин жашоосуна көз салып, ким менен жашап жатат деп кызыгасызбы?
– Жок. Мен Алмазбек бактылуу болуп, балалуу болсо экен деп тилейм. Иши кылып мага келбесин, тийишпесин дейм. Ал жөнүндө ойлогонго, кызыкканга убактым жок. Кайда жүрсө аман болсун.
– БААУда (Борбордук Азиядагы Америка университети) кандайча иштеп калдыңыз?
– АКШдан келип, өзүмдү колго алган соң ар кайсы жерлерге резюме жөнөтүп, жумуш издеп баштадым. Улуттук стратегиялык институтта пресс-катчы болуп бир аз иштегенден кийин ЖКдагы бир депутаттын кеңешчиси болуп кеттим. Ал жерден өзүмдү ыңгайсыз сезип, кысыла бердим. Баары бир чыгармачыл адаммын да. Анан БААУга резюме жибердим.
– Анан ал жактан чакырык алдыңыз...
– Ооба, окуу жайга коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча жетекчиси болуп ишке кирдим. БААУнун ичинде болгон жаңылыктарды жазабыз, иш-чараларды, тренингдерди өткөрөбүз, жолугушууларды уюштурабыз. Өзүбүздүн сайтыбыз, гезитибиз, журналыбыз бар. Ушул иштердин жоопкерчилиги менин моюнумда.
– Америкалыктар менен иштеш жеңилби же оорбу?
– Алар бизге салыштырмалуу өтө так, жоопкерчиликтүү келишет. Адамдын ишин жыйынтыгы менен баалашат. Иштей албайсыңбы, «жакшы бар» дешет. Анан, албетте, биздей тууганчыл эмес. Мага алардын ушул сапаттары жагат.
– Дайыма спортчулардын курчоосунда жүрөсүз. Бул Алмазбек Раимкуловдун таасириби же башка себеби барбы?
– Алмаздын да таасири болсо керек. Мен кээде спортчуга эмес, спортко турмушка чыккам го деп ойлоп калам. Алмазга чейин деле мыкты спортчулар досторум эле. Ажырашкандан кийин да спортчулар эмнегедир өздөрү мага телефон чалып, «мындай мелдеш, эскерүү өткөрөт элек, уюштуруп бериңиз» дей башташты.
– Интернет баракчаңызга "жүрөгүмдүн ээси бар" дегендей жазып жатасыз...
– Учурда жүрөгүмдүн ээси бар. Ажырашканымда эркектерге эч качан ишенбейм деп ойлогом. Азыр жакшы көргөн адамым эркекке ишенсе болорун далилдеди. Бирөө сени баалабаса, экинчиси бааларын түшүндүм. Адам жашоодон эч качан түңүлбөш керек. Айымдарга айтарым, өзүн баалап, барктап, өзүн-өзү тарбиялашы керек. Ажыраштыңбы, дароо башка эркектин этегин кармоо туура эмес. Анда өзүңдү баалаганга убактың болбой да калышы мүмкүн.
– Кандай аялсыз?
– Мен күчтүү аялмын. Ошол күчтүүлүгүмдөн баарын жеңдим. Анан да боорукермин, талапты катуу коём. Ажырашкандан кийин оюмдун баары карьерада болду. Ишенсең, мен азыр жумасына жок дегенде 2 аялдан кат алам. Мага эмне себептен жазышат, менин дарегимди кайдан алышат билбейм. «Мени 2-3 балам менен күйөөм таштап кетти» деген маанидеги каттар келет. Колумдан келген акчамды берип, аларга кеңешимди айтып жөнөтөм.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg