Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин мурунку сандарында Сайкал Садыбакасова ырчы, аранжировкачы Эрнест Жоошев менен кыз-жигит катары сүйлөшөрүн, эки жашка апасы Гүлшайыр Садыбакасова батасын бергенин айткан эле.
Сүйүшкөндөргө көз тийдиби же кандай, акыркы учурда ырчы айым социалдык тармактардагы өздүк баракчаларынан Эрнест экөөнүн сүрөттөрүн өчүрүп, башка жигит менен жанаша түшкөн сүрөттөрдү жүктөй баштады. Кайда барбасын ал жигит ырчыны жандап жүргөнү көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, шоу чөйрөдө күбүр-шыбыр кептерди жаратууда. Сырдуу мырза Сайкалдын досубу, агасыбы же жөн гана күйөрманыбы? Бул суроого азырынча жооп жок. Бирок шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында «Сайкал менен Эрнест сүйлөшпөй калды...» деген сөз шамалдай тарады. Кала берсе, «Кыз-Бурак» тобунун жаңы «Сизге» аттуу ырынын клибинде сырдуу мырза ырчынын сүйүктүүсүнүн образын жаратып, бул кептерге жан бергендей көрүнөт.