Көрөрмандар көптөн бери бет ачарын күтүп жаткан «Курманжан датка» тасмасы үстүбүздөгү жылдын 21-августунан 1-сентябрына чейин Канаданын Монреаль шаарында өтчү Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалдын «Focus on World Cinema» («Дүйнөлүк тасмаларга көз салуу») категориясына катышмакчы.
Тасма жарыкка чыкпай туруп кандайча фестивалга чакыруу алгандыгын билүү максатында кинонун режиссёру Садык Шер-Нияз менен байланыштык.
Ал: «Биз тасманын толук иштелбеген версиясын, тагыраагы, үнү, музыкасы жазылбаган боюнча аталган фестивалдын уюштуруучуларына жибергенбиз. Дүйнөдөгү мыкты деп эсептелген 10 фестивалдын бирине «Курманжан датка» тасмасы катышып жаткандыгы биз үчүн да, элибиз үчүн да сыймык. Учурда тасманы англис тилине которуу иштери аяктап калды. Фестивалга башкы каармандардын ролун аткарган актёр, актрисаларды кошо алып барууга каражат жетишпей, демөөрчүлөрдү издеп жатабыз.
Демократиянын шарапаты менен тасма тууралуу ар ким ар кандай нерселерди айтып жатышат. «Тасмага бөлүнгөн каражатты туура эмес короткон» дегендер да чыкты. Балким, алардын кыргыз маданиятын көрө албаган, кандайдыр бир идеологиялык кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Тасмага бааны эл берет. Башка өлкөлөрдө тарыхый тасмаларды тартуу үчүн мындан 10 эсе көп каражат кетет. Ошондуктан мен аз акчага иштеп берген тартуучу топко ыраазычылык билдирем»,- деди.