Белгилүү клипмейкерлердин бири Мирлан Саткымбаев жакында үйлөнөт. Анын жүрөгүн багындырган сулуу Наржан аттуу бийчи. Ал Даниелдин "Сүйүү керемети", "Когда я стану ближе?", Нурлан Насиптин "Жоопсуз сүйүү", Урмат Усеновдун «Бир элес» аттуу ырларынын клибин көркүнө чыгарган. Бул кубанычтуу кабар тууралуу клипмейкер: «Мен мурда концерттерди уюштурчу элем. Бир концертте Наржанды көрүп, ошол жерден көзүм түшүп калган. Экөөбүз ал жерден таанышып, кийин кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. Быйыл сүйлөшкөнүбүзгө 3 жыл болду. Буюрса, 24-августта үлпөт тоюбузду өткөрүүгө камынып жаткан чагыбыз»,- деп жооп берди.