Кыргыз сахнасына бир канча ырчы мырзаларды таптап чыгарган аттын кашкасындай таанымал продюсер жана режиссёр Канат Култаев дагы бир «уулдуу» болду. Тагыраак айтканда, продюсер жакындан тарта «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ремейки» наамына талапкер ырчы Сагыныч менен келишимдин негизинде иштеше баштады. «Учурда Сагынычтын имиджин, ырдоо стилин өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Эми ал сахнага мурдагыдан такыр башка болуп чыгат» дейт продюсер бул тууралуу.