Орусиянын географиялык коомунун археологиялык экспедициясы Красноярск крайындагы Иджим дарыясынын жанындагы өрөөндөн X-XII кылымга таандык байыркы көчмөнгө тиешелүү кийимдерди жана темирден жасалган курал жарактарды казып чыгышты. Окумуштуулардын айтымында, мындай талап-тонолбогон көрүстөн биринчи жолу табылып жатат.
Бейиттин тегерек чети таштан тизилип, диаметри 6 метрди түзгөн. Орусия илимдер академиясынын материалдык маданият тарыхы институтунун директорунун орун басары Наталья Соловьеванын айтымында, жоокердин сөөгү көмүлгөн жана мындай сөөк каадасын кылуу көчмөн кыргыз урууларына мүнөздүү.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg