Диета кармап арыктоонун көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы, жалаң шире ичип же жумуртка менен алмурут гана жеп арыктоо. Бүгүн көп колдонулуучу диета түрлөрү тууралуу сөз кылабыз.
АЙРАН ДИЕТАСЫ
Бир күндө 1-1,5 литр айранды 5-6 бөлүп ичүү керек. Айран менен кошо жашылча-жемиштерди жегенге болот.
Бул диета менен адам 1 аптада 3 килограммга арыктай алат.
ГРЕЧКА ДИЕТАСЫ
Гречка – пайдалуу, аш болумдуу жана курамында көмүртек аз акшак болуп эсептелет. Анын курамында темир, белок жана аминокислоталар, йод, фосфор, витаминдер бар. Гречка капиллярдык кан тамырларды бекемдеп, боордогу ууларды чыгарат, кандагы холестеринди азайтат. Гречка диетасын 2 апта кармоо менен 7-14 килограммга арыктоого болот.
Гречканы даярдоо ыкмасы:
Кечинде 1 стакан тазаланып, жуулган гречканын үстүнө 2,5 стакан кайнаган суу куюп, үстүн бекем жаап, эртең мененкиге чейин калтыруу керек. Эртең менен суусу сарыктырылса эле гречка жегенге даяр. Гречканы кайнатуу сунушталбайт. Андыктан бул диетаны 1 же 2 апта гана колдонуу кажет.
Гречкага татымалдар, соус, туз, кыскасы эч нерсе кошулбайт. Боткону жеп, артынан айран ичсе болот. 1 суткада 1 литр айран ичүүгө уруксат. Газы жок минералдык суудан күнүнө 1,5-3 литрге чейин ичүү зарыл. Мунун ордуна кантсыз чай ичсе болот. Эгер курсак ачып, адам кыйналса, анда суткасына 150 грамм йогурт же 2-3 жемиш (апельсин, банан ж.б.) жегенге болот.
Эскертүүчү нерсе уктаарга 4 саат калды дегенден тартып эч нерсе жебөө кажет.
ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ДИЕТАСЫ
Бул диета ырчы Лариса Долинанын диетасы деп да аталып келет. Кечки 6дан кийин эч нерсе жебөө керек. Бул диета менен апта ичинде 7 килограммга арыктоого болот.
1-күн: 5 сууга бышкан картошка; 0,5 литр айран;
2-күн: 200 грамм каймак; 0,5 литр айран;
3-күн: 200 грамм быштак; 05 литр айран;
4-күн: 400-500 грамм тузсуз сууга бышкан тоок эти (териси желбейт); 0,5 литр айран;
5-күн: 1 килограмм алма же 500 грамм сабиз салат (май кошулбаган) же 0,5 литр айран;
6-күн: 1 литр айран;
7-күн: 1литр минералдык суу.
Диетада көрсөтүлгөн тамак-ашты бир күндө бөлүп-бөлүп кабыл алуу кажет. Башка азыктарды колдонууга болбойт.
ИЧ ТАРТЫЛСЫН ҮЧҮН ДИЕТА
Ичтеги казыдан арылуу үчүн ак нанды, бисквитти, таттуу токочторду, момпосуйларды болушунча чектөө керек. Аз-аздан күндө бир убакта тамактануу кажет. Дасторконуңузда көбүрөөк апельсин, лимон ширеси, капуста (кресс-салат) болушу шарт.
Эртең мененки нанүштө: (2 варианттын бирин тандаңыз).
а) 1 стакан йогурт, 1 апельсин.
б) 1 даана сууга бышкан жумуртка, 2 кесим катырылган нан.
Түшкү тамак: 250 грамм тоок эти же балык, капуста салат (майсыз).
Кечки тамак: 1 бифштекс, 75 грамм сууга бышкан буурчак, 1 апельсин.
Кааласаңыз түшкү менен кечки тамакты алмаштырып алсаңыз болот.
Бул диетаны кармаган адам аптасына 2-3 килограммга арыктоо менен курсактагы казыдан да арылат.
КРЕМЛЬ ДИЕТАСЫ
Кремль диетасы америкалык астронавттардын диетасы деген аталыш менен да белгилүү.
Кремль диетасын кармоодо таттуулардан, ундан жана картошкадан жасалган тамак-аштардан, күрүчтөн, нандан качуу керек. Диета кармоонун алгачкы күндөрүндө курамында көмүртек көп жашылча-жемиш, ширени да колдонбоо кажет (көмүртек семирүүгө жеткирет).
Ал эми этти, балыкты, сырды, жашылчаларды жегенге болот. Таблицада курамындагы көмүртекке карата ар бир азыкка шарттуу бирдик берилген.
Диетанын шарты боюнча этти канча болсо да жей берүүгө болот. Ал эми курамында көмүртек бар азыктарды чектөө керектелет. Анткени көмүртек азайганда, организм топтолгон майларды иштетүүгө киришет. Башкача айтканда, адам арыктайт.
Суткалык рационду төмөнкүдөй түзүү керектелет:
3 КҮНДҮК ДИЕТА
Бул диетаны кармоо менен 3 күн ичинде 1,5-3 килограммга чейин салмак таштоого мүмкүн. Кичинекей порцияларга бөлүнгөнү менен, бул диетада балык, жумуртка, быштак жана жемиштерди жегенге болот.
1-күн.
Эртең мененки нанүштө: кара кофе же кантсыз чай, 1 кесим кара нан, 2 аш кашык кыям (варенье).
Экинчи нанүштө: жарым алмурут.
Шашкеде (саат 11лерде): 150 грамм консерваланган балык (тунец же скумбрия), 1 кесим кара нан.
Түш оогондо: 100 грамм тоок эти, 200 грамм сууга бышкан кызылча, 1 кесим кара нан.
Уктаарда: 1 алма.
2-күн.
Эртең мененки нанүштө: кара кофе же кантсыз чай, 1 даана сууга бышкан жумуртка, 1 кесим нан.
Экинчи нанүштө: 1 банан.
Шашкеде: 1 стакан быштак, укроп, 5 даана крекер печеньеси.
Түш оогондо: 2 сосиска, 200 грамм сууга бышкан броколли капустасы, 100 грамм сабиз салат (майсыз), 1 кесим кара нан (броколли менен сабиз салаттын ордуна борщ ичсе болот).
Уктаарда: чай, 2-3 даана кургатылган өрүк.
3-күн.
Эртең мененки нанүштө: кара кофе же кантсыз чай, 5 даана крекер печеньеси, 1 кесим сыр.
Экинчи нанүштө: 1 алма.
Шашкеде: 1 даана сууга бышкан жумуртка, 1 даана бадыраң, 1 кесим нан.
Түш оогондо: 200 грамм тоок эти (куурулган же сууга бышкан), 200 грамм сууга бышырылган кызылча, 100 грамм түстүү капуста, 1 кесим кара нан.
Уктаарда: 1 алма.
Диеталардын терс таасирлери да бар. Андыктан өнөкөт оорусу барлар, өзгөчө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, ашказан оорусунан жапа чеккендер врачка кайрылып, алар уруксат берсе гана кармоолору керек. Оорум жок дегендер да организмине доо кетирип албоо максатында врач-диетологго кайрылып, кеңеш алуусу кажет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg