«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Сериалдын режиссёрлору эмне үчүн «Даңазалуу кылымды» башынан аягына чейин эң жакшы чагылдырып берген персонаж – бул Махидевран деп эсептешет? Күлкүсүнөн ыйы көп Махидеврандын ролун жараткан Нур Феттахоглу каарманын эмнеликтен жактырбайт? Жоопторду кезектеги баяныбыздын ичинен таба аласыздар.

ЭКИНЧИ СЕЗОН
57-63-сериялар: Хүррем Махидевранды гаремден кууп чыгат
Махидевран менен Мустафа Норанын сөзүнө таянып, Хүрремдин тактын башкы мураскерин ууландырмакчы болгонун султанга айтышат. Хүррем бул окуядан да кургак чыгат, ошондон улам Ибрагим паша Мустафага «Мындан ары Хүрремден алыс бол. Ал өтө коркунучтуу. Хүрремдин айынан атаңа да арызданбай жүр, султан баары бир Хүрремдин сөзүнө ишенет. Инилериң менен жакындаш, алар чоңойгондо апасынын эмес, сенин тарапташтарың болсун» деген кеңешин берет.
Бул аралыкта валиде Айше Хафса султан Нигардын Ибрагимдин ойношу экенин, атүгүл андан кош бойлуу болуп калганын билип, аны Сулейманга айтууга жетишпей, эси ооп жыгылат. Көзүн ачканда мындан кабардар болууга үлгүргөн Хүррем «Ибрагимдин сырын Хатижеге айтам» деп валиденин кулагына шыбырайт. Араң жан турган валиде бул сөздү көтөрө албай,
о дүйнөгө узап кете берет.
Валиденин ордуна гаремди башкаруу Махидевранга тапшырылып, бирок бат эле бул кызматтан Хүрремдин «жардамы» менен кол жууйт. Анын үстүнө Махидевран эртеңин ойлобой, уулу Мустафаны Маниса дубанына жөнөтүү үчүн болуп көрбөгөндөй чыгашага, карызга батат. Хүррем «сага дайыма акылдуулук жетчү эмес» деген сөзү менен Махидевранды гаремден узатат.
Валиде Айше Хафса султандын түбүнө жеткен соң Хүррем Хатиже менен Ибрагим пашага өтөт. Алардын ак сарайына тымызын Ибрагимдин сырын ачкан кат жөнөтөт. Жыйынтыгында Хатиже Ибрагимдин өз оозунан «Нигардын баласынын атасы менмин» деген сөз менен көп жылдар бою сактап келген «а көрсө, сиз империя, мен бир кул экенмин» деген таарынычын кошо угат.
Бир-бирден душмандарын жеңип чыккан Хүррем Сулеймандын буйругу менен гарем башкаруучусу болуп дайындалып, экинчи сезон Хүрремдин «Мага гарем эмне болуп калыптыр?! Мен али дүйнөнү башкарам!» деген сөздөрү менен аягына чыгат.

«ЖАЗ РОЗАСЫ» АТЫККАН МАХИДЕВРАН СУЛТАН КИМ БОЛГОН?
Гүлбахар Махидевран султан тарых барактарында теги черкес, Осмон империясынын эң сулуу айымдарынын бири болгон деп жазылган. Махидевран Хүрремге окшоп империяга күч менен алынып келинген күңдөрдүн бири эмес эле. Ал ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан ханбийке, чоң атасы черкестердин падышасы болгон. Черкестер Осмон империясы менен саясий мамилени бекемдөө үчүн ханбийкесин 11 жашында эле хан сарайга жөнөтүшкөн. Сулеймандын апасы крымдык валиде Айше Хафса султандын Махидевранга жан тартканы да черкестерге тууган болуп кеткендиги менен түшүндүрүлөт.
Махидевран Мустафа жалаанын айынан өлүм жазасына буюрулганга чейин дээрлик дайыма дубандарда ханзааданын жанында жүргөн, уулунун өлүмүнөн кийин болсо өтө жакырчылыкта карызга белчесинен батып күн кечирген. Айрым маалыматтарга караганда, ал 20 жыл бою кургак нан менен жашаган. Махидевран Сулейман султан жана Хүррем султан, атүгүл алардын такка отурган уулу Селим менен башка уулдарынан да көп жылдарга өмүр сүрүп, 80 жаштан өтүп каза таап, сөөгү өзү салдырган Мустафанын күмбөзүнүн жанына коюлган.
Махидевран султандын балдарынан (ред. тарыхта Махидевран менен Сулеймандын Мустафадан башка дагы бир уулу менен кызы болгон деп айтылат) тараган неберелеринин бири Саиде Перизад Темрукоглу «Жумхурийет» гезитине мындайча маек берген: «Мен үчүн Махидевран султан чыныгы ханыша. Хүрремдей интригадан башы чыкпаган жашоодон алыс болгон. Бирок тагдыр ага ийгилик буюрбаптыр. Кичинебизде чоң атам үй-бүлөсүнүн тарыхы жөнүндө көп айтып берчү. Ал ханзаада Мустафа менен апасы жашап өткөн Маниса, Амасья, Бурсага чейин барып, айрыкча экөөнүн сөөгү жайгашкан күмбөзгө көзү өткөнчө зыярат кылып турган».


«МАХИДЕВРАНДЫ КӨРӨЙҮН ДЕГЕН КӨЗҮМ ЖОК»
Хүрремди жек көргөн күйөрмандардын бири калбай Махидевранды аяган, кайгысын тең бөлүшкөн, колдогон көрүүчүлөр болуп саналат. Анын ролун жараткан 1980-жылкы Нур Феттахоглу актрисалык карьерасын баштаганга чейин банк кызматкери болуп иштеп, түрк телеканалында экономикалык жаңылыктарды алып барып да жүргөн. Дизайнер деген диплому бар. Н.Феттахоглу «Тыюу салынган сүйүү», «Карышкырлар өрөөнү» сериалдарына тартылып, атактуулукту багындырган. 2008-жылы Мурат Айсанга турмушка чыгып, кийин аны менен ажырашып, 2013-жылы Левент Везироглунун колун кармаган.
Нур Феттахоглу «Даңазалуу кылым» тууралуу мындай дейт: «Сценарийден Махидевран тууралуу биринчи жолу окуганымда жүрөгүм дүкүлдөп чыккан. Сулуулугу менен даңкталган, роза деп атыккан Махидевранды Сулейманга алып келишип, аны болочок султан үчүн атайын даярдашат. Ал үчүн Сулейман баары болгону менен, жалгыз таянычы уулу Мустафа эле. Башында Махидевран ак сарайда эң сонун жашоону өткөрөт, бирок Хүрремдин, орус жыланынын келиши менен анын бүткүл өмүрү өзгөрөт.
Тартуу процессине келсек, күн сайын күзгүдөн окшош эле жүздү көрүүгө чыдоо кыйын болду. Биринчи жана экинчи сезондо мен «Махидевранды көрөйүн деген көзүм жок, анын кайгы-запкысын башымдан өткөргүм келбей калды» деп эле жүрдүм. Кийинки сезондордо «карыган Махидевранды көргүм келбей жатат» деп баштадым. Каармандын улгайган учурун ойноого көпкө чейин баш ийе албай, кийин ага да көндүм. Атүгүл грим, чач жасалгалоо, костюм кийүү даярдыктарын жарым саат ичинде бүтүрүүгө жетишип калдык».
Сериалдын костюм үчүн жооптуу кызматкеринин «Махидеврандын азап чеккен аял болгонун көрсөтүү үчүн аны тээ башынан эле ачык түстөргө кийинтпей, кофе, жез түсүндөгү көйнөктөрдү кийгизип жаттык» деп айтканы бар.
Ал эми «Даңазалуу кылымдын» режиссёрлорунун бири Ягмур Тайлан: «Тарыхтан алып караганда сериалдагы окуялардын баарын эң жакшы чагылдырып берчү персонаж – бул Махидевран. Анткени ал эң акыркы болуп көз жумат. Жашоосунда кандай гана жамандыктар болуп өтпөсүн, ал баарын көмүп туруп, анан кайтыш болгон»,- деп айткан.

«Даңазалуу кылымдын» монтаждоо иштери боюнча жооптуу кызматкерлеринин айтымында, эфирде 1,5 мүнөт болуп көрсөтүлчү окуяга 45 мүнөттүк видео тарткан күндөр өткөн. Эмки сандан тартып «Даңазалуу кылым» сериалынын үчүнчү сезонунун кеңири баяндоосу менен миң түркүн кызыктар түрмөгүн баштайбыз. Үзбөй окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Nur92
2014-07-28 10:20:05
Супер Инфо кыргызча котормосун жуктоп койгулачы сураныч?
+1
admin_portal
2014-07-28 10:24:12
Nur92, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
sultan.kg
2014-07-29 01:15:27
Махидевран башында жакшы эле аял эле, кийинчирээк кобра болуп кеттиго.
0
Oceana
2014-07-29 09:08:50
Калганын качан койот экен? Телефизордон.
0
sultan.kg
2014-07-29 14:23:27
Oceana телевизордон 1 сентябрьдан баштап корсотот
0
zara-919
2014-07-29 23:58:15
сентябрдан коет буйруса
0
Cholpon555
2014-08-01 05:10:50
Супер, кыргызчасын кутобуз
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан