Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

«Журт бузар!» деп калчылдап кетти Абил бий. Бирок бул журтту бузгандык эмес болчу.
– Ушул журт бузганбы, паңсат аке? Жок! Мен алаканда турган акыбалды айттым. Бөөдө өлүмдөн жигиттердин башын арачаладым. Курал табылды дегиле, барбай койсом ошондо айткыла...
Ушуларды айтып Бекназар кандай катуу келсе, жигиттери менен ошондой жөнөп берди.
Чыныгы алакандагы акыбал болчу. Ал жыйында отургандардын бири да Теңирберди аксакалдын же жапжаш туруп жесир калган Айзааданын кейпин кийгиси келмек эмес.
«Туура айтты баатыр!», «Ыя?! Тете курал берсин да, урушка сала турган болсо!», «Койдой чуурутуп эле өлүмгө айдап бара береби?», «Кой, бөөдө өлгүм жок менин...» Ушундай сөздөр менен кылкылдап отурган эл тосмону жарып өткөн суудай болуп заматта тарап кетти. Жөөсү жөө, атчаны атчан, атүгүл атка минип жетишпегени элден калгысы келбей калдактап, атын жетелеген боюнча кетишти. Дөңдө ушунун баарын карап, «кой» деп алдын тосо албай Абил бий менен элчи калды, бир ууч аксакалдардын жанында.

Кайраты жүрөгүндө, каары кылыч мизинде, акылы жетик, бир кемчилиги, айла-амалкөйлүгү жок Бекназарды ар бир окурман көз алдына келтирип, ага жан күйөрлүк кылып, боор тартып, анын өлбөй аман жүрүшүн, тилек-максатына жетүүсүн каалайт. Ушундай баатыр чыныгы турмушта болгонбу? Мына ушул суроо окурмандын көңүлүн кытыгылаары анык. Биз да кызыгып көрдүк. Төлөгөн Касымбековдун уулу, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөновдун айтымында, ал турмушта болгон инсан. Болгондо да Төлөгөн Касымбековдун эки ата өткөн агасы болгон. Баяндоонун жүрүшүндө бул көк жал баатыр тууралуу кеңири сөз кылабыз.

1842-жыл...
Таякеси Ажыбай датка бөөдө өлүмдөн арачалап кетип, султандын тукуму экенин элге айтпай жүрүп чоңойткон Шералинин тактыга келгенге чейинки жашоосун автор «ээн жайытта
оттоп жүргөн мал сыяктуу бейгам болчу» деп сүрөттөйт.
Шералинин мына ушундай бейгам жашоосу Таласка Нүзүп бийдин келиши менен түп тамырынан өзгөрүп кетти.
Бээлерди саан маалында айдап келип, адаттагы жумушу менен алек болуп жүргөнүндө таякеси чакырып жатканын айтып жанына бир жигит келди. Жыл маалында бир көз салып койбогон таякесинин чакырыгы Шералиге күтүүсүз эле. Он эки канат ак өргөөгө Таластын кадырман карылары, жакшы чыкма мырзалары шыкала толушкан экен. Шерали кирпигин кыбыратып араң салам айтып кирип келгенде орундарынан дүркүрөй тура калып алик алышты. Мына ушул өргөөдө, элдин назарынан жүдөп, кысынып отуруп, башы кылтылдап, эти жок тизелери эки ийинине жете карыган таякесинен өзүнүн султандын тукумунан экендигин укту. Болгондо да Амир Темир Көрөгөндүн, Султан Бабырдын тукуму экенин билди.
Амир Темир Көрөгөндөн Миран-Шах, андан Өмөр-шайх, Өмөр-шайхтан Бабыр.
Султан Бабыр бабасы Амир Темир түптөп, кийин балдарынын ортосунда бытыранды болуп бөлүнүп кеткен өлкөнү бириктирем, өзгөлөрдөн коргойм, чыңдайм деген тилеги ишке ашпай, жакындарынан колдоо таппай Оуган тарапка ооп кеткенге аргасыз болот. Ошол жолдо Султан Бабыр уулдуу болот. Жаңы төрөлгөн кызыл эт наристе куугундан качып бараткан маалда атка урунуп өлбөсүн, балким, бирөө-жарым таап алар деген үмүт менен энесинин ууз сүтүн эмизип, алтын бешикке бөлөп, Бабырдын каухар чөгөрүлгөн кемер курун бешикке арта таштап кетишет. Жайыт чалып жүргөн бир адам эл коно элек тоо арасынан баланы таап алат. Көзүн ача элек кызыл эт бала... Алтын бешик... Кунда жок каухар кемер... Жөн тегин адамдын баласы эместигин сезген жакшылар узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кабар кылып, таанып алары чыкпаган соң Алтынбешик деп ат коюп багып алышат.
Шерали ошол Алтынбешиктин тукуму эле. Алтынбешиктин Теңиряр деген уулунан баштап Нарбото бийге чейин он үч муун өтөт. Нарбото бийдин өзгөчө басым жасалып айтылып жатканынын да себеби бар. Ал тыштан кирген жоого туруштук бере ала турган бирдиктүү ордо уюштурмакчы болуп, 1216-жылы (азыркы жыл санагы боюнча 1760-жыл) тун уулу Алимди ак кийизге салдырып хан көтөртөт. Ошол күндөн тартып Кокон ордо аталат.
«Алим ханды көрүп калдым. Ташкан суудай кайраттуу, өтө айлакер, акылы тетик, кишиге оңой менен ишенбеген, аяганды билбеген залим киши эле. Анын тушунда Кокон жел тийген өрттөй күч алып өстү. Аргымактардын туягын, азаматтардын канын аяган жок. Бүткүл хандык доорун тынымсыз жортуулда өткөрдү.
Нарбото бийдин көзү өткөн соң, ал кокустан такка мураскор болуп чыга калат го деп кичине эле шектенген алыс-жакын туугандарынын көзүн жойду. Биринчи болуп сенин атаң Хажи бийдин башы кетти... Хажи бий менен Нарбото бий атасы бир, энеси башка бир тууган болчу. Эки бир тууган батышпай, Хажи бий көбүнчө Чаткалда тагаларын жамынып жүргөн. Биз менен сөөк жаңыртып, сенин энеңди ушу Таласта алган. Ошо Нарбото бий өлгөндө ариетине барып, ошол бойдон ордодо кала берген болчу. Ошентип эч капарсыз ордодо жүргөн убагында жанагинтип шек санап, кайран сөөгүбүздү Алим хан күм-жам кылып салды. Бул иш 1223-жылы (азыркы жыл санагы боюнча 1808-жыл) болду. Ошондо мен да ордодо элем. Жигиттеримди ээрчитип, карындашымды коштоп, сени өңөрүп алып, түн катып ордодон чыгып кеттим» деп баяндайт Ажыбай датка.
Алим хандан кийин тактыга анын бир тууганы Өмөр хан келет. «Өмөр хан Алим ханга караганда кыйдыраак, ишти кылыч менен эмес акыл менен жүргүзүшкө жөндөмү бар хан чыкты. Алим хан таажы кийген эмес, койкоюп такка отурган эмес, ат үстүнөн оокат жеп, ат үстүндө уктап, өмүрүн жоокерчиликте өткөргөн. Таажыны биринчи Өмөр хан кийди. Такка отуруп арыз сураганды биринчи Өмөр хан баштады. Ал шаарларга мечит, медресе салдырып, кайракы жерлерге кош арык чыгартты. Ушинтип агасы Алим хан адамдын канына жууруп жараткан мамлекетин ичтен бекемдеди. Өмөр хандын көзү өтүп, анын уулу Мадали ордун басты. Эй, жакшы атанын кашык менен жыйнаган мүлкүн жаман уул чөмүч менен чачып түгөтөт деген миң мерте ырас экен го.
Кокондун кулачы бир жагы Вадахшан, бир жагы жети шаар, бир жагы Арал деңизине жетип калган эле. Бир же эки шаарын алдырып тим болсо кана?! Акылсыз Мадали аталары улуу эмгек менен кураган ордонун таркин кетирди. Баарын колунан чыгарды. Мына, быйыл жазда Бухаранын амири Насурулла-батыр-хан капилеттен кол салып, Мадали хандын колун Кокондун жанында кыйратып таштап, Коконго кириптир. Өлөрүнө жакын Өмөр хан бир кожонун сулуу кызына ынак экен. Өмөр хандын көзү өткөндөн кийин шарият урган Мадали сулуулугуна азгырылып жолоп койгон имиш. Насурулла-батыр-хан мына ушул жерден кармаптыр. «Мадали энесин алды. Шарияттан чыкты. Шарияттан чыккан кара бет киши мусулман тагында отура албайт!» деп жайып, уруш баштаптыр. Дин урганды ордосунун босогосуна мууздатып таштап, Кокондун бүт эли, бүт жери Бухара-и-Шарифдин бактылуу амираны Насурулла-батыр-хандын адил бийлиги астына ыкрар болду деп жар чакыртып, Коконго өзүнүн бегин коюп кетиптир. Мына, уктуңбу муну, жарыгым? Жетим элең жетилдиң, карып элең оңолдуң. Эми замандын кезмети сага келди. Аттан эми. Багыңды Насурулла-батыр-хандын колунан талашып ал. Талашпасаң так жок, күтүнбөсөң бак жок, жарыгым... Учур деген бир келет. Мына, учур келди...
Шерали жүрөксүдү. Жашып кетти. Жалгыз кайда барат?
«Андан кам санаба, жарыгым,- деди эркелете.
Бул отурган эл сени жалгыз аттандырбайт. Бүт Аксы, бүт Талас, Чаткал азыр сенин колуңда. Ат жалын тартып минишке жараганы сенин кошунуң, жарыгым. Эмне? Жүрөксүп турасыңбы? Эч жүрөксүбө. Жумуру баштын мойнунда бир өлүм бар, анын эртеси-кечи баары бир. Көп караламандын бири болсоң бир жөн эле, султанзаада болгон соң ата мурасын талашпай, көр оокаттын артынан коңулда калган намыс. А намыс өлүмдөн катуу болот... Мына, Аксынын бийи Нүзүп бий... А муну болсо тааныйсың. Өзүбүздүн инибиз Сыйдалы бек. Мына, жарыгым, бири колбашчың, бири жолбашчың... Ушул азаматтардын этегин кармап барсаң, мурадыңа жеткен соң, эсиң болсо ыраазылыгын алып, кадырлашып кетерсиң. Бирөөнүн адал кызматын адал кызматың менен өтөй бил. Мындан ары сенин этегиңе тооп кылат эл. Элге кенен бол, бурадарга күйүмдүү бол».
Эртеси күнү Нүзүп Ажыбай датка кошуп берген жетимиш жигит менен Шералини алып, түн катып Кара-Буура ашуусу аркылуу Аксы багытына ашып кетти.

АЗЫРКЫ КЫЙДЫ САЯСАТЧЫЛАРДЫ АБИЛ БИЙ ДЕШЕТ
Белгилүү публицист, тарыхчы, журналист Тынчтыкбек Чоротегин Төлөгөн Касымбеков дүйнө салганда эскерүү жазып, «Сынган Кылычты» «Ылакаптар кенчи» деп атап, «Бул роман соңку кыргыз саясатында жана коомдук турмушунда арбын колдонулган ылакап кептердин кени болуп калды» деген.
«Маселен, «Шералынын чокою» деген эле кеп эмнеге татыйт!
Бул 1842-1844-жылдары Кокон хандыгын бийлеген айтылуу Шералы (Шер Али, 1792-1844) хандын саясий тагдыры менен байланыштуу. Кокон ханы Нарбото бийдин иниси Ажы бийдин (Хажы Бий) уулу Шералынын энеси кыргыз болгон жана ал Чаткалда, Таласта чоңоюп-өскөн.
Нүзүп (Йусуф) деген өтө таасирдүү кыргыз колбашчысы 1842-жылы Шералыны такка отургузган да, миңбашы даражасы менен иш жүзүндө хандын атынан саясат жүргүзүп калган.
Романда жазылган уламышта Шералы хан кантип чоңойгонун жана бийликке кантип келгенин унуткарбасын үчүн миңбашы анын ак сарайынын дубалына эски чокоюн илдирген имиш.
Чыгармадагы дагы бир кейипкер – Абил бийдин ысымы да бүгүнкү кыйды саясатчыларга тымызын жармаштырылчу «тергеген» сөзгө айланды» дейт тарыхчы.

Жакында, өткөн апталарда, саясатка аралаша баштаган беш-алты жаш жигит Шералынын көн чокоюн президентке тапшырабыз деген акция өткөрмөкчү болушуп, бирок максаттарына жетишпеди. Милиция кызматкерлери аларды кармап кетишип, эскертүү берген соң бошотушту. Бул түшүнүктү биз турмушта абдан кеңири колдонобуз. Чын эле Шералинин көн чокою турмушта болгон окуябы? Же ал элге болгон окуядай сиңип, бардык заманда актуалдуулугун жоготпой келе жаткан автордун күчтүү фантазиясыбы? Бул тууралуу да Фергана өрөөнүнүн хандары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жүрүшкөн адамдардын оюн бөлүшөбүз.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
orun
2014-08-02 13:33:06
"Сынган кылыч" романын турктордун " Даназалуу доор" сериалы сыяктуу кылып тарыхый сериал катары тартса соонун сериал болмок. Даяр ценарий ...
+1
kanyshaikg
2014-08-06 21:25:44
orun,бирок акчасы кыйын болуп калат го.ошондой кылса жакшы болмок.
+1
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан