«ТАЛАСТЫК ШАБДАН, КАЙДАСЫҢ?»
– Бишкекте жүрүп капыстан бир жигит менен таанышып калдым. Аты Шабдан, таластык жигит болчу. Ал өзү тууралуу Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жашаарын, келинчеги менен ажырашып кеткенин жана 2 баласы бар экенин айтып берген. Жашы болжол менен 35-40тарда. Ага жолуксам дейм. Шабдан, окуп калсаң кабарлаш.
Таанышың Айпери,
тел.: 0771 68 80 22
«КЛАССТАШЫМА ИЗДӨӨ САЛАМ»
– Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айылында мектепти 1987-жылы бирге аяктаган классташым Замир Мырзакановду издейм. Көрүшпөгөнүбүзгө 20 жылдын жүзү болду. Азыр кайда экенин билгим келет. Замир, окуп калсаң байланыш.
Нурзат,
тел.: 0707 23 05 71
«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Бишкектеги №18-кесиптик лицейде чогуу окуп аяктаган чоң-кеминдик Алмамбет кызы Гүлзатты издейм. Ал 1993-жылы туулган. Январь айында турмушка чыгып кеткен боюнча кабар жок. Гүлзат, окуп калсаң мага чалып койчу, Жумгалдан курбу кызың Толгонай.
Тел.: 0773 86 80 61
«ШЕКЕР, КАЙДАСЫҢ?»
– Жалал-Абад шаарында окуп жүрүп, студенттик кезде таанышкан курбум, 1959-жылы туулган Шекер Маматованы издейм. Ал Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Жар совхозунан болот. Курбум тууралуу кандай маалымат болсо да билгим келет. Жолугабыз деп ишенем жана күтөм. Сени сагыныч менен күткөн курбуң Санабар (Санаш).
Тел.: 0772 24 36 69
«ГРУППАЛАШТАР, БАРСЫҢАРБЫ?»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жамааты? Сиздерге бир кезде чогуу окуган группалаш курбу кыздарымды тапсам деген тилек менен кайрылып жатам. Алар Венера Исмаилова, Айнура Абасканова жана Жийдегүл. Силерди көптөн бери издеп жүрөм. Группалашыңар Гүлнар Ишенбаева.
Тел.: 0703 45 90 44
«БӨЛӨМ АТАСЫН ИЗДЕЙТ»
– Мен Исаев Ибраим Жаныбаевичти издейм. Ал Оштун Жапалак айылынан, менин бөлөмдүн атасы болот. Таанып-билгендер болсо кабарлап койсоңуздар. Бөлөм кичине кезинде эле кандайдыр бир себептерден улам ата-энеси менен чогуу жашабай калышкан экен. Эми бой жетип, атасын издеп жатат.
Айка,
тел.: 0778 58 91 58
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37