– Сиңдим залалсыз шишик оорусу менен ооруйт. Бишкектеги дарыгерлерге көрүнүп, дарыларды ичип жүрөт. Бир жолу ага өзүбүз жактык дарыгер жолугуп, “жакшы таасир берет, айыгып кетесиң” деп бир топ дарыларды карызга бериптир. Сиңдим аларды бир топ күн ичсе да таасир бербей жатканын айтып мага телефон чалды. Барып дарылар менен таанышсам, баары биологиялык активдүү кошулмалар (БАД) экен. Эми биз ал дарыгерди БАДды дары деп алдап сатканы үчүн сотко бере алабызбы?
Элмара, 36 жашта, Токмок
– Сиңдиниз өзү жашаган райондогу прокуратурага арыз менен кайрылуусу керек. Арыздын негизинде тергөөчү керектүү адамдарды сурактан өткөрүп, жыйынтык чыгарат. Жыйынтыкка карата токтом түзүлөт. Эгер кылмышка карата фактылар табылса, анда кылмыш иши козголот. Акырында чечимди сот чыгарат.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.Канымжан Усупбекова
koom@super.kg