– Күйөөм экөөбүздүн ажырашканыбызга 2 ай болду. Ортобузда бир балабыз бар, ал азыр кайын журтумдун колунда. Анткени аны 4 айынан баштап кайненем багып, тарбиялап келе жаткан. Эми баламды колума алгым келет, алар болсо берүүдөн баш тартышууда. Кайненеме телефон чалып айтсам, мени уга турган түрү жок. Эмне айла кылсам болот?
Венера, 29 жашта, Талас.
– Сиз арыз менен жашаган районуңуздагы сотко кайрылыңыз. Арызда баланын жашап турган жерин көрсөтүп, баланы өз колуңузга алгыңыз келгенин белгилеңиз.
Баланы мыйзамдын же соттун чечими жок чоң атасы менен чоң энесинин кармап турууга укугу жок.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.