– Биз жакында көп кабаттуу үйдөгү батирибизди сатууну чечип, риелтордук агенттикке кайрылган элек. Алар үйдүн документинин көчүрмөсүн алып калышкан. Эми риелтордук агенттик ал документти колдонуп, батирди сатып жибербейби?
Зухра, 26 жашта, Кара-Балта
– Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 245-беренесине (турак жайды жана батирди менчиктөө укугу) жана 222-беренесине ылайык, менчик ээси өзүнө тиешелүү турак жайга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун алардын багытына ылайык жүзөгө ашырат. Батирдин документтеринин көчүрмөсү болгон күндө да, ээсинин сатууга уруксат берген ишеним каты болбосо риелторлор сатып жибере албайт.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.Канымжан Усупбекова
koom@super.kg