– Биз “Аламүдүн” базарынан павильонду ижарага алып иштетүүнү чечип, кожоюну менен сүйлөшкөн элек. Ал макул болуп, 3-4 күндөн кийин иштете берүүнү чечип, алдын ала ижара акысы үчүн 6000 сом алган. Бирок байкасак ал павильон жолдон оолак болуп, эл көп кирбейт экен. Эртеси күнү эле ээсине барып, оюбуздан айныганыбызды айтып, акчаны кайтарууну сурандык. Ал “Жок кылып койгом, анын үстүнө кечээ 1 айга деп электр энергиясына жана күзөт кызматына 1800 сомун төлөп салгам. Бул сумманы силерге кайтарып бере албайм, иштетебиз деп алдаган өзүңөрсүңөр. Калганын акчам болгондо берем” деп койду. Ошону менен акчабызды ала албай жүрөбүз. Телефонуна чалсак албайт же үйүн билбейбиз. Эмне кылсак болот?
Сапар, 32 жашта, Бишкек
– Акчаны берүүдөн мурда павильонду ижарага алуу тууралуу документ түрүндө келишим түзүү керек болчу. Сиздер андай кылбай, өз ара оозеки сүйлөшүпсүңөр. Акчаны бергенде да ошол суммага, ошол орунга макул болгонсуздар. Эгер киреше кирбей турган жер болсо, анда ал келишимди бузууга жатпайт. Демек, акчаны ала албайсыздар (сот аркылуу да).
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.