«Назик» бий тобунун жетекчиси Назик Исраилова:«36 КҮЙӨӨ БАЛАМ, 17 НЕБЕРЕМ БАР»

Бий дүйнө

Негизги курамы жети кыздан турган, атына заты жарашкан “Назик” бий тобу тууралуу сиз да уксаңыз керек, окурман. Аталган бий топто учурда 600 кыз бийлейт. Ушунча кыздын башын бириктирген Назик Исраилова өзүнчө эле баатыр энедей туюлат.

– Назик, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен!
– Рахмат.
– Бий дүй­нөсүндө канча жылдан бери жашайсыз? Негизи эле бий сиз үчүн эмне?
– Кичинемден ырчы болом деп, Индиянын тасмаларын көрүп, каармандар менен чогуу ырдап, тоголонсо тоголонуп, жөрмөлөсө жөрмөлөп, ыр менен чогуу кыймыл-аракетти жасап чоңойдум. Бирок мектепти аяктаган соң БГУнун журналистика факультетине тапшырдым. «Жан дүйнөң эмнеге жакын болсо, ошондон чоң ырахат аласың» деген туура экен. Башында бий мен үчүн хобби болсо, эми жашоомдун бүт бөлүгүн ээлеп алды. Тамакка тойсом да, бийге тойбойм. Кесибим башка болсо да, бийге байланып чыга албай калдым окшойт.
– Сиз жетектеген “Назик” тобу качан тү­зүл­гөн?
– Студент кезде университеттин маданий иштерине активдүү катышчумун. Бир жолу окуу жайлар арасында чоң сынак өтүп мен топтогон кыздар бий боюнча жеңип алганбыз. Ошондон тартып бийге болгон кызыгуум ого бетер артып, ишенимим күчөп, жакшы стимул пайда болду. 7 кыздан турган топ чогултуп, атын өзүмдүн атымдан “Назик” деп атап койгом. Ушул жылы 10 жыл болот.
– Акыркы кезде то­буңардын курамы абдан кеңейгени байкалды...
– Биздин топ канчалык көбөйгөн сайын ошончолук кубанам. Себеби бий дүйнөсүндө жашаган адам дайым таза, ден соолугу чың, жан дүйнөсү бай болорунан шек жок. Учурда 600дөн ашык окуучум бар. Бул жылы дагы жагымдуу жаңылык болду. Эми топко 5 жаштан өйдө балдарды кабыл ала баштадык.
– Жалаң кыздар менен иштешүү кыйынчылык­ты туудурбайбы? Ор­тодо уруш-талаш, кө­ралбастык болгондо кырдаалдан кантип чы­гасыңар?
– Мен топтогу кыздардын экинчи энесиндей эле болуп калдым. Алардын жүрүм-турумунан баштап, кийим-кечегине чейин көзөмөлдөйм. Ар бири мени сыйлашат жана сөзүмдү угушат. Кыздарыма «мени таарынтсаңар, көңүлүм муздай түшөт. Көңүлдүн муздаганы – иштин бүткөнү. Мындан кийин иштешпейбиз» деп эскертүү берип турам. Сөзүмдү эки кылганды аябай жаман көрөм. Мүнөзүмдү кыздар жакшы билгендиктен, катачылык кетиришпейт.
– «Экинчи энесиндеймин» деп жатпайсызбы. Эне катары «Назик» тобунан канча кыз узаттыңыз?
– 36 кызды күйөөгө узаттым. Алардын ар биринин үлпөт тоюнда кыздарым менен барып бийлеп бергенбиз. Бүгүнкү күндө 17 «неберем» бар. Кызыгы, кыздуу болгон окуучуларымдын баары наристесине Назик деген ысым коюшту.
– Той демекчи,“став­каңар” жө­нүндө айта кет­сеңиз?
– Сахнада бийлеген бийибиз үчүн акча албайбыз. Анткени артисттерге дос катары эле келип бийлеп беребиз. Ал эми тойлорго чоң акча сурайбыз. Чыдагандар чакырышат. 3 бий 150 долларды түзөт.
– «Бий жашоомдун бү­түн­дөй бөлүгүн ээлейт» дедиңиз. Ал эми жү­рө­гү­ңүздү ээлеген адам барбы? Сизди «актёр Аскат Эрбаев менен баш кошот» дегенди угуп калганбыз. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Жүрөгүмдү ээлеген адамга качан кезигем деп күн санап күтүп келем. Жигиттердин арасында досторум көп. Аскат алардын катарында.


НАЗИК КЫЗДАРГА БИР СОБОЛ:

АСЕЛ, 18 жашта.
Лакап аты – Дива
– Кечелерде бийлеп жаткан учурда акча кыстарып калса, кандай абалда каласың?
– Аябай ыңгайсыз абалда калып, өзүмдү жаман сезип кетем. Кээ бир байкелер кармалап да жиберишет. Ошондуктан, ага жеткирбей кыстарганы келе жатса, колума ала коём. Себеби денеме бирөөнүн колу тийсе итиркейим келет.

АСЕЛ, 19 жашта.
Лакап аты – БГУ
– Топтогу кыздар ичимдик ичип, тамеки тартышабы? Дегеним, учурда бул көрүнүш жат болбой калбадыбы?
– Бий – спорт. Дайым бийлеп, кыймылда жүрсөң, жашооң да спорттук мүнөздө болуп, сергек жүрөсүң. Спортчу тамеки, спирт ичимдигинен алыс болот. Биздин кыздар тамекиге, спирт ичимдигине жолобойт деп 100 пайыз кепилдик берем.

АСЕЛ, 19 жашта.
Лакап аты – КРСУ
– Баарыңар аябай кели­шим­дүү­сүңөр. Диета кармай­сы­ңар­бы?
– Назик эже, бизди «аябай арык­сы­ңар, тамакты көбүрөөк ичкиле, кулап каласыңар» деп урушат. Анан каяктагы диета? Биздин мүчөбүздү бий эле келишимдүү кармап коёт окшойт.

АЙЗАДА, 20 жашта.
Лакап аты – Сестра хозяйка
– Назик эжеңерден аябай коркот ок­шой­суңар?
– Назик эжекебиз биздин “мамашабыз”. Анын ар бир сөзү биз үчүн мыйзам. Муну коркуу эмес, сыйлоо деп түшүнсө болот.

АЙГҮЛ, 20 жашта.
Лакап аты – Братишка
– «Назик» кыздар кантип эс алышат?
– Эс алууга дайыма убакыт табыла бербейт. Бир жолу эс алабыз деп түнкү клубга барып балдардын талашында калганбыз. Ошондон кийин түнкү клубга такыр барбайбыз. Эс алуу деп биз чоң торт сатып алып, бир үйгө чогулуп чер жазып сүй­лөшүүнү түшүнөбүз. Көбүнчө ушинтип эс алабыз.

МУНАРА, 20 жашта.
Лакап аты – Муня
– Кандай бийлерди бий­лей­сиңер?
– Брек-дэнстен башка бардык бийди бийлей алабыз. Ал эми негизги багытыбыз – чыгыш бийи.


Туулган күнүң менен

ӨЗГӨЧӨ ӨТКӨН ӨЗДҮК МАЙРАМ
30-октябрь күнү борбор шаарыбыздагы кафелердин биринде Назик Исраилованын өздүк майрамы болуп өттү. Эки саатка кечигип башталган бул кечеге Назик Лимузин менен келип түштү. Туулган күн продюсер Назгүл Насиева, куудул Назира Жетигенова, «60 К» тобунан Талант, ырчылардан: Сапар Эркебаев, Сема, Султан Садыралиев, Анжелика, Гүланда, Айбек Карымов баштаган коноктор менен кошо Назиктин жакын адамдарынын курчоосунда өттү. Кече атайын даярдалган Назиктин сүрөттөрүнүн слайд-шоусу менен башталды. “Назик” бий тобунун 5 жаштагы кыздарынан баштап чоңдоруна чейин бийлеп, коноктордун маанайын көтөрүп жатышты. Бул өздүк майрамды башкарган “Таалай элеси” тобунун ырчысы Тотомидин бирде ырчыларды ырдатып, бирде кызыктуу оюндарды уюштуруп, кечени шаңга бөлөгөнү менен эсте калды. Султан Садыралиев “Супер-Инфодон” келишиптир, абайлагыла” деп этияттап отуруп, эки ыр ырдап, көздөн кайым болду. Сема болсо сулуу кыздарды жандап бийлей коюп, Сапардын ичин күйгүздү. Ошентип, үч-төрт түрдүү кийим которгон Назиктин туулган күнү чоң торт кесилип элге таратылып, шаңдуу аяктады.

Бактыгүл Сокушова, Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан