Атактуу адамдын перзенти болуу – чоң жоопкерчилик. Ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жана ырчы Гүлбүбү Орозкул кызынын улуу кызы Айзуура Иманалиева да «чоң жоопкерчилик менен чоңойдум» дейт. Алма сабагынан алыс түшпөй, Айзуура «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер сулуу-2013» сынагында «Сымбаттуу сулуу» наамын багындырган.
«БАЛДАРЫ ҮЧҮН АПАМ АТАМА КАРАГАНДА ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КЕЧ КИРИШТИ»
– Үй-бүлөдө улуу кызмын, менден кийин Сезим аттуу сиңдим бар. Кичинекейибизден катуу тарбияда чоңойдук. Азыркыга чейин эле түнкү клуб, кафелерге барбайбыз, көчөдө ашыкча баспайбыз. Мен төрөлгөндө ата-энем жаш болгон экен. Апам бизди карап чыгармачылыкка атама караганда кечирээк киришти. Атам чыгармачылык деп жүрүп биздин кандай чоңойгонубузду деле билбей калды окшойт.
Эс тартканы үйүбүздөн атактуу адамдардын аягы үзүлгөн жок. Ошондон болсо керек, менин ысымымды Илимбек аяш атам (ред. Калмуратов), ал эми Сезимдин атын Сыймык аяш атам (ред. Бейшекеев) коюптур.
«ЫРЧЫНЫН КЫЗЫ ЭКЕНДИГИМ 2-КЛАССЫМДА БИЛИНГЕН»
– Мектепке барарда апам мага туугандарыбыздын кызынын аппак көйнөгүн сурап берген. Ал мезгилде чачым кыска эле, чачымды суулап тарап, баягы ак көйнөктү кийип, жасанып алып Туңгучтагы №73-мектепке бардык. Короодогу балдардын баары мени карап, өзүмдү ханышадай сезген элем.
Классташтарым ырчынын кызы экенимди 2-классымда билишти. Апам «Балама» деген ырына клип тартмакчы болуп, мен мугалимиме барып «апам клип тартат» десем, «Айзууранын апасы клип тартат экен» деп ызы-чуу түшүп, эртеси кыздардын баары ак бантик тагынып келишкен. Ошондон кийин мени «ырчынын кызы» деп таанып калышты.
Атам сабак окуганга стимул болсун дечү окшойт, «күндөлүгүңө коюлган ар бир «5» деген баа үчүн 5 сом берем» деген. Бир күндө 6 сабак болсо, баарынан «5» алсам 30 сому кетип калат. Акыры бир күнү тажады окшойт, «сен мугалимдер менен сүйлөшүп алып, менден алган акчаны тең бөлүшүп жатат окшойсуң» деп тамашалаганы эсимде.
6-классымда №5-гимназияга которулуп кеттим. Башында ата-энем сабактарыма жардамдашып жүрүштү, кийин класс жогорулаган сайын тапшырмаларды өздөрү түшүнбөй башташты.
«АТАНЫН СҮРҮ БОЛОТ, ИЙМЕНИП КӨП НЕРСЕНИ АЙТА АЛБАЙМ»
– Негизи атама караганда апама жакыныраакмын. Атанын атадай сүрү болот, андан ийменип, көп нерсени айта албайм. Элмирбек Иманалиев сахнада кандай күлүп-жайнап жүрсө, жашоодо деле ошондой жөнөкөй адам. Ачуусу чукул, бирок бат жазылат. Бул сапаты мага да өткөн. Апам болсо токтоо, оңою менен ачуусу келбейт, келсе ушундай бир жарылат дейсиң. Сырымды апам менен бөлүшөм. Ага бүт баарын жашырбай айтам, эч качан кагып салып же кол шилтеп басып кетпейт. Кунт коюп угуп, жөндүү кеңеш берсе «ии, чын эле ушундай да» деп калам.
Ушул кезге чейин ата-энемдин атактуулугун пайдаланган эмесмин. Бул нерсе мага жакпайт дебейм, тескерисинче, атам менен да, апам менен да сыймыктанам. Бирок «Иманалиевдин кызы» дедирбей, баарына өз күчүм менен жетким келет.
Мен 6-классты аяктап жатканда, тилекке каршы, ата-энем ажырашып кетишти. Мындай учурда балдарга кыйын экен. «Атаң менен каласыңбы же апаң мененби?» деген суроонун өзү оор болду. Азыр баары жакшы, ал мезгил өтүп кетти. Учурда атам менен жолугушуп турабыз. Баласы Эрулан бизге өзгөчө жакын. Атам «Эрулан силерге эч бир чаң жугузбайт» деп калат. Ал эми кызы менен кичүү уулун көрө элекмин. Буюрса, келечекте жакшы катышабыз деген ойдомун. Анткени бир атанын балдары эмеспизби.
Ата-энемден ашыкча акча алгым келбейт. Айрым кыздарды көрүп жүрөбүз, ата-энесинин акчасы барбы, жокпу, болбогон нерсе үчүн сурап кыйнашат. Атамдан аябай керек болсо эле албасак, кайрылбайбыз деле. Анын үй-бүлөсү, үч баласы бар дегендей, аларды да багыш керек. Керектөөлөрүбүздүн баарын апам бүтүрөт.
Асыл Орозбекова
star@super.kg