ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-августтан 10-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө чала тааныш адамдар менен кер-мур айтышууга чейин жетүүңүз мүмкүн. Шейшембиде буга чейин сизге жардам көрсөтүп келгендерге колдоо көрсөтөсүз. Шаршембиде эмерек же башка буюм сатып алууңуз ыктымал. Бейшемби – сүйүү жаатындагы маселелерди тартуулайт. Жекшембиде таза абада сейилдөө пайда алып келмекчи.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн кырдаалга туш болуп, бир топ кейийсиз. Шаршембиде кандай ишти колго алсаңыз да, натыйжасы мыкты болмокчу. Бейшембиде эски сезимдердин жаңыруусуна түрткү болчу окуя чыгат. Жума күнү интригалар бир топ ойго салмакчы. Ишембиде кылган ишиңиз алгылыктуу болбойт, андыктан эс алганыңыз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында өзүңүздүн кандай экениңиз иште да, жеке жашоодо да сынга алынат. Токтоо болуу сунушталат. Шаршембиде конок күтөм деп убараланасыз. Бейшембиде боло турган окуя сизди бир топ алдастатып, жашоого көз карашыңызды өзгөртөт. Жекшембиде кийимди айрып же булгап албоо үчүн жолдо шашкалактабай жүрүү сунушталат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбү – ийгиликтүү күн, оор иштерди бүткөрүп алыңыз. Шаршембиде сизди кызыктуу окуя жана жаңы таанышуулар күтөт. Бейшембиде күтүлбөгөн өзгөчө жаңылык угасыз. Жума күнү көптөн бери ичте жыйналган ойлорду сыртка чыгарып, жакшы адам менен кеңешесиз. Жекшембиде терс эмоцияга жол бербөө кажет, болбосо үйдөгүлөр менен чыр чыгат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында кайсы бир маселе боюнча жаңылбай тургандай чечим кабыл алуу кажет. Болбосо артынан түйшүк арттырып аласыз. Шейшембиде соода кылганда акчаны туура санаңыз, алдап кетүүлөрү мүмкүн. Бейшембиде сизди жолугушуу, жагымдуу мүнөттөр күтөт. Жекшембиде туугандар менен чогуу бир жакка барууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө бирөөлөрдү алдайм деп талкууга түшүп калуунун алдын алыңыз. Шаршембиде көчө иттеринен, мас адамдардан сактаныңыз. Бейшембиде жүрөктү өйүгөн маселеңизди чечип, жеңилдейсиз. Жума күнү текшерилбеген жаңылыкты колдонбоңуз. Жекшембиде балдардын көйгөйү менен чуркооңуз күтүлүүдө.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада жаңы идеяларды ойлонуп ишке ашыра баштабасаңыз, чыгымдан башка эч нерсе арттыра албай каласыз. Сурагандарга акчаны чектеп бербесеңиз, өзүңүз акчасыз калууңуз мүмкүн. Шаршембиде бирөөлөр сизди алдоо жолу менен бир иштерге колдонгусу келет, жол бербеңиз. Ишембиде кошумча акча табууга сунуш түшөт, акысын алдын ала сүйлөшүү керек.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта диета кармоого, врачтарга көрүнүп текшерилүүгө ылайыктуу. Дүйшөмбүдө документ иштери менен чуркайсыз. Шейшембиде жакындар менен мамилелер чыңалып, таарынышуулар болот. Шаршембиде досуңузга жардамга барасыз. Ишембиде сүйүктүүңүз жакшы сунушу менен сүйүндүрөт. Жекшембиде жаздым басып кулап кетүүдөн этият болуу зарыл.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө бирге иштешкендерден билбей жаткан нерсеңизди үйрөнүүдөн тартынбаңыз. Шейшембиде алыстан жагымсыз кабар келет. Бейшембиде сөз көтөрө билүү кажет, болбосо жетекчилик менен чырдашасыз. Жума күнү пландап жаткан сапарыңызды артка жылдырууңуз ыктымал. Ишембиде жакындарыңыз белек тартуулашы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жетекчилик оор иштерди жүктөйт, качпаңыз, кошумча акчалуу болуп каласыз. Келечек пландарды карап чыгып, айрымдарын өзгөртүү керектелет. Шаршембиде көпчүлүк эл чогулган жерде туура эмес сүйлөп жибербөө кажет. Жума күнү сезимдерге көлөкө түшүп, сүйүктүүңүз менен териштирүүлөргө барууңуз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Шейшембиде иште катачылык кетирүүңүз чыгымга жеткирерин эске алыңыз. Шаршембиде чөйрөдөгүлөр кайсы бир ишке сизди күнөөлүү кылгылары келет. Ак экениңизди далилдеңиз. Бейшембиде кыймылсыз мүлк маселелери оңой чечилет, мүмкүнчүлүктү кармап калыңыз. Апта акырында каалаган буюмуңуз колуңузга тиет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Шейшембиде бейтааныш адамдар менен баарлашып, керектүү маалыматты угасыз. Шаршембиде банкка акча салуу (алуу) же эсеп ачуу иштери күтөт. Жума күнү өз пайдаңыз үчүн көп иштерди бүткөрөсүз. Ишембиде туугандарга жардам берип, алар эмгегиңиз үчүн сый көрсөтүшөт. Жекшембиде сулуулук салонуна баш багууңуз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан