«Багындырган ийгиликтериме аракет жана эмгектин артынан жетишкем. Кээ бир сахнага чыга албай жүргөн ырчылар мендей аракет кылып иштешсе, сахнанын өчпөс жылдызына айланышмак» дейт каарманыбыз Дайыр Исмадияров. Бүгүн биз ырчы менен бирге анын дүйнөсүнө саякатка чыкмакчыбыз.
– Дайыр, маектериңде окууну артыкчылык менен бүткөнүңдү айтып каласың. Жакшы окуган окуучуда кесип тандоо мүмкүнчүлүгү көп болот эмеспи, сенде бул жаатта кандай болду?
– Мен кичине кезимден эле элдин көңүл борборунда өсүп-чоңойгом. Мектепте окуп жүргөндө атырдын идишин микрофон кылып алып «Руки вверх» тобунун ырларын созолонтуп, артымда эки кызды ойсоктотуп бийлетип койчумун. Студенттик кезде деле ал өнөрүм калган жок. КВН, университеттер ортосундагы сынактар менсиз өтчү эмес. Мектепти да, университетти да артыкчылык менен аяктагам.
Ал кезде Германияга элчи болом деген кыялым бар эле. Элдин баары англисче үйрөнүп жатышканда мен Германияга кетем деп тытынып немис тилин окуп жүрдүм. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп акча тартыштыгына байланыштуу ал жакка барбай калдым. Ал учурда ата-энемден акча суроо мен үчүн уят эле. Тескерисинче, стипендиямды чүпүрөккө ороп апама салып жиберчүмүн.
Студенттик кезде көпчүлүк сыяктуу кыйын күндөрдү баштан өткөргөн жокмун, бир үйдүн эркесимин, апам туугандарына табыштап, бир туугандарым көмөктөшүп турушту.
– Чыгармачылыкта тынымсыз иштеп жатканыңды билебиз, бирок ырларыңа, клиптериңе калтырылган комментарийлерде сени сындагандар көп...
– Өзүмдүн аткаруумдагы чыгармаларым менен сыймыктанам. Ооба, мактанып жатат деп ойлошуңар мүмкүн, бирок адам өзүнө баа бергенди билбесе, эч ким анык, туура баасын бере албайт экен. Анткени дарегиме жөндүү да, жөнсүз да сындарды көп угам. «Үнү жок», «ырлары жакпайт» дешет, айтор, толтура. Үнүм, талантым, аракетим жок болсо мен сахнада 7 жыл кармалбайт элем. Азыркы багындырган ийгиликтериме бир гана аракет жана эмгектин артынан жетишкем. Эгер кээ бир сахнага чыга албай жүргөн ырчылар мендей аракет кылып иштешсе, эбак сахнанын өчпөс жылдызына айланышмак.
Пиарды чыгармачылыкка жаңы аралашып жатканда колдонгонбуз, азыр ага муктаждыгым деле жок. Чыгармачылыкта көп кыйын күндөрдү көрдүм, студиядагы уйкусуз түндөр, тынымсыз гастролдор, жолдо ачка-ток калган күндөргө өз кесибин сүйгөн адам гана чыдай алат. Мурун сын айткандарга теригип «ырдабай эле койсомбу» деп да ойлоп кетчүмүн. Азыр андай ойлорго алдырбай калгам. Канчалык таланттуу, жөндөмдүү болбо, ал баары бир аракеттен көз каранды. Мен мээнеткеч адаммын, ушул сапатым өзүмө жагат. Өзүмдүн угармандарым, күйөрмандарым бар, ошолор үчүн ырдайм, мени жактырбагандарга дайыма эшик ачык.
– Сыртыңдан такыр көйгөйү жок адамдай көрүнөсүң, сенде деле кайгырган күн болсо керек?
– Сахнада, жашоодо, достор менен да дайыма шаңдуу жүрөм. Ошон үчүн көбү «кайгы-капасы жок жүрөт, мында ой барбы?» деп ойлошсо керек. Ооба, менде деле жүрөк өйүгөн көйгөйлөр болот, бирок аны билдирбегенге аракет кылам. Ал нерсени эң жакын адамдарым эле билбесе, калгандарынын көз алдында шайыр, күлкүсү дубал жарган Дайыр бойдон калгым келет. Мага өзүм сыйлаган эле бир улуу адам «сырыңды эч кимге билдирбе» деп айткан. Андыктан көйгөйлөрүмдү айтып жакындарымды түйшөлткүм келбейт. Бирок дайыма жылмайып, күлүп жүргөнгөбү, жашоомдо кайгылуу убактар аз эле болгон.
– Күйөрман кыздар дале таң калтырышабы?
– Бир жолу гастролдо концерт берип жүргөм. Телефонум улам чырылдап, чарчагандыктан сүйлөшкүм келбей жаткам. Бир маалда гримёркага бир кыз кирип келип эле «Эмне трубканы албайсың?!» деп кыйкырат. Сүйлөгөнүн көргөндөр аялы экен деп ойлоп калса керек. Таң калып «мен чарчадым, телефонду алганга чамам жок» десем «ал муну, анан чалам» деп колума телефон карматып кетип калды.
Концерттен чыксам бир машина бетиме жарык берет, барсам жанагы кыз отурат, өзүнчө эле ханыша. Сөзүн «бир түнгө канча турасың, айткан бааңа макулмун» деп баштады. «Кой, карындаш, туура эмес дарекке кайрылып алдың» деп жатып анын туткунунан кутулуп чыккам. Келсем досторумдун баары шектенген көз караш менен карашат. Айтып берсем, «ии, бизге айтпайт белең, арзан эле барат элек» деп биротоло «прикол» кылып алышты.
– Бир үйдүн эркесимин деп айтып калдың, эми чоңойгондо тескерисинче апаңды сен эркелетип жатсаң керек?
– Апама аябай жакынмын, жыл сайын меникине келгенде курортко алып барып эс алдырып турам. Студент болуп жүргөндө эле мени алыска жибергенден коркчу. Германияга кетем деп жатканда да «кой, сен ал жактан бир немиске үйлөнүп, келбей коёсуң» деп болбой койгон. Азыр Бишкектеги үйүмө каттоого тура элекмин, каттоом Өзгөндө. Апам чыгарттырбай койгон, каттоодон чыгып кетсем эле биротоло кетип калчудай болот окшойт.
Бир жолу Жаңы жылда апама бриллиант чөгөрүлгөн сөйкө-шакек алып берсем «кой, муну көчөдө тагынгандан корком, жулуп качып кетсечи» деп кайра ал белегимди кайтарып берген. Эне да, «мен бриллиант тагынгандан көрө балам ыр жаздырып, клип тарттырып алсын» деди окшойт. Кайра аны тапшырганга туура келген.
Тойлордо ырдап калганда апам отурса кадимкидей уялып кетем. Апам негизи менин чыгармачылыгымдын күйөрманы эмес, ырларымды деле билбейт, бирок мен үчүн күйгөн адам.
КЫСКА-НУСКА
– Спортко болгон мамилең?
– Спорт менен өзүң машыккан башка, ал эми кызыккан башка. Мен кызыгуучулардын катарындамын. Быйыл футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта Аргентина командасына, Мессиге күйөрмандык кылдым. «Месси» деген жазуусу бар футболкамды азыркыга чейин чечпей кийип жүрөм.
– Өзүңдү баймын деп эсептейсиңби?
– Мен өзүмдү Кудайдын колдоосунда жүргөн адаммын деп эсептейм. Көбү меникиндей жашоону кыялданышат. Үйүм, унаам, үй-бүлө бакканга каражат тапчу булагым бар. Ата-энем, бир туугандарым кашымда, досторум, колдогон ага-эжелерим көп.
– Көз салып жүргөн кара көзүңдү тандадыңбы?
– Дагы деле тандоо этабындамын. Жаш өткөн сайын тандоонун талаптары да күчөй баштайт экен. Учурда 1-2 кызды байкаштырып жүрөм.
– Тоого бир кыз менен барып эс алып келдиң окшойт, сүрөттөрдөн көрүп калдык...
– Ал кыз менин менеджерим. Октябрь айында өтчү жеке концертиме кол кабыш кылып жүрөт.
Лунара Бекиева
star@super.kg