ТАЛАНТТУУ БАЛДАРГА КЕЛЕЧЕК КЕҢ!

Билеги күчтүү бирди жыкса, билими күчтүү миңди гана эмес, миллионду да жыгарын турмуш өзү көрсөтүүдө. Билими терең адам кайсы жерде болбосун жол таап, өз келечегин гана куруп чектелбестен, башкалардын караңгы жолуна шам болуп берет эмеспи. Ал эми адам билимди кайдан алат? Албетте, окуу жайдан. Бирок биздин өлкөдөгү билим кени болгон орто мектептердин көпчүлүгүнүн билим берүү деңгээли төмөн экенин уядан учкан бүтүрүүчүлөрдөн байкоого болот. Бул көйгөйдү жоюу тиешелүү министрликтин колунда экени айтпаса да белгилүү. Билим берүүдөгү «боштукту» толтуруу үчүн Кыргызстандагы Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) да четте карап турбай өз салымын кошуп келе жатат.

БОШТУКТУ ТОЛТУРУУГА МАКСАТТАЛГАН ПРОГРАММА
Кыргызстандын орто мектептеринин көпчүлүгүндө, өзгөчө айыл жергесиндеги мектептерде билим берүүнүн сапаты төмөн. Алсак, 2013-жылы окуучулардын билим деңгээлин баалоо боюнча эл аралык программанын (PISA) жүргүзгөн иликтөөсүндө 65 өлкөнүн ичинен кыргызстандык окуучулар акыркы орунга ээ болушкан. Анда окуучулардын математика, жазуу жана окуу боюнча билими текшерилген. Мына ушул көйгөйлүү маселени байкаган БААУнун президенти Эндрю Вахтель атайын программа түзүүнү демилгелеп, аталган университеттин алдында Жаңы муун академиясы (ЖМА) түптөлгөн. Бул программа 2 жылдан бери бир нече ирет айтылып келсе да, ал тууралуу көрбөй, укпай калгандар үчүн дагы бир жолу кыскача токтолуп кетсек. Программанын негизги максаты жана жаралуу тарыхы тууралуу ЖМАнын административдик директору Чолпон Дүйшееванын өз оозунан уксак:
– ЖМА бул – БААУнун алдындагы мындан эки жыл мурда түзүлгөн бир жылдык окутуу программасы. ЖМАда окууну самаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө бекер билим берилет. Бул үчүн ар жылы өлкөбүздүн 7 дубанынан 70 окуучу сынак аркылуу тандалып, окууга кабыл алынат. Окуудан сырткары студенттер жатакана, тамак-аш, окуу куралдары менен толук камсыздалат жана ал үчүн бир тыйын да акы алынбайт.
Ар окуу жылынын алдында өлкөбүздүн бардык облустарын кыдырабыз. Анын ичинен эң алыскы айыл-кыштактарга чейин барып, ал жактагы балдардын сынакка катышуусуна аракет кылабыз. Себеби административдик борборлорго жакын жердеги мектептердин билим деңгээли алыскы айылдарга салыштырмалуу жакшыраак.
Академиянын негизги максаты – студенттердин мектептен алган билимин тереңдетип, математиканы, жаңы технологиялар менен иштөөнү жана англис тилин мыкты өздөштүрүүгө жардам берүү. Аны менен катар кошумча сабактарды өтүп, лидерлик сапатка үйрөтүү жана БААУга же башка ЖОЖдорго ийгиликтүү тапшырууга шарт түзүп берүү болуп саналат.

«БИЗДЕН БИЛИМ АЛГАНДАРДЫ БИР ЖЫЛДАН КИЙИН ТААНЫБАЙ КАЛАСЫҢ»
-2012-2013-окуу жылында 70 баланы окутуп, алардын ичинен 56сы БААУга кабыл алынган. Ал эми 2013-2014-окуу жылында биздин академияны дагы 70 студент бүтүрүп, 49 бала БААУга өттү. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу азыраак. Бирок быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бизге келгенге чейинки билим деңгээлин эске алганда, бул көрсөткүч абдан жакшы деп белгилесек болот. Анткени бир жылдык окутуудан кийин булардын алган билимин мурдагыга салыштырсак, асман менен жердей айырма бар.
Анын үстүнө 2013-2014-окуу жылына аз камсыз болгон үй-бүлөдө чоңойгон балдардын алдыңкыларын атайын тандаган элек. Булардын билиминин төмөн болушу алардын социалдык абалына байланыштуу экени айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Мына, ушул 49 баланын ичинде тээ жердин түбүндөгү Алайдын мектептериндеги окуучулар бар.
БААУга өткөн 49 студенттин ичинен жакшы окуган алдыңкы 15и БААУдан бекер билим алышса, калган 34ү жылына болгону 10 миң сомдон акы төлөп окушат. Университетте болсо келишимдик негизде тапшырган башка абитуриенттер үчүн билим алуунун бир жылдык баасы 5500 долларды түзөт. Эми салыштырып көрүңүз. 70 баланын ичинен БААУга өтпөй калган 21и өлкөбүздүн ар кайсы жогорку окуу жайларына тапшырышууда.
Айыл жергесинен келип, бизде билим алган студенттер бизге келгенге чейин өзүнүн ички ойлорун ачык айта албай тартынчаак болушат. Ал эми бир жылдан кийин ал балдар менен жолугуп көрүңүз. Чынын айтканда, таптакыр тааныбай каласыз. Баягы тартынчаак баланын дүйнө таанымы кеңейип, кызыл тилин сайраткан, мыкты уюштуруучу, лидер болуп чыга келет. Окуп жаткан учурда балдарыбыз ар кандай коомдук иштерге катышып, өзүлөрү түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Мунун баары алардын келечектеги жолун кеңейтет деп ишенем. Академиянын өзгөчө белгилей кетчү дагы бир жакшы жагы, өлкөбүздөгү түндүк-түштүк жана улутка бөлүнүүчүлүк сыяктуу көйгөйлүү маселени жоюуга өбөлгө болууда. Анткени бизге ар башка улуттагы окуучулар республиканын бардык аймагынан келгендиктен, бир жыл бирге окуп, ортолорунда жакын достук жаралат.

АКАДЕМИЯГА КАНТИП ТАПШЫРУУ КЕРЕК?
Тандап алуу эки этап менен өткөрүлөт. Биринчиси, БААУга келип, академия боюнча толук маалымат алып, андан соң керектүү документтерди даярдоо зарыл. Ал эми экинчи этапта англис тили боюнча сынактын уюштуруучулары менен маектешүү каралган. Мына ушул сынакта ЖМА жигердүү, билимге умтулган, англис тилин орто мектептин деңгээлинде билген жана таланттуу окуучуларды иргеп алат. Тандоодо социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдө жашаган билимдүү окуучуларга артыкчылык берилет. Ал эми англис тилинде атын гана айта алгандар сынакка катышып, уюштуруучуларды кыйнабай эле койгону оң. Себеби академияда мектепте өтүлгөн сабактарды кайра башынан кайталоо эмес, аларды улантып окутуу менен окуучунун билимин тереңдетүү башкы максат болуп саналат. Эгерде англис тилин орто деңгээлден төмөн билсе, анда ал окуучу сабактарынан жетишпей өзү да кыйналат.
Ошондой эле кошумчалай кетчү жагдай, документ тапшырууну каалагандар 11-класстын бүтүрүүчүсү же мектепти бүтүргөнүнө эки жылдан ашык эмес убакыт өткөн болуусу зарыл. Ал эми Кыргызстандын жараны болуп, бирок чет жерде жүрсө же башка университетте окуп жатса, анда ага катышууга мүмкүнчүлүк берилбейт.

«ЖМАДА ОКУП ДҮЙНӨ ТААНЫМЫМ КЕҢЕЙДИ»

Жогоруда ЖМАнын администрациялык директору менен болгон маегибизден кийин мындан билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн бири 19 жаштагы Бакдөөлөт Каламбекованы кепке тарттык:

-Өзүм Баткен шаарынан болом. Программа тууралуу мектепте окуп жүргөндө досторумдун биринен угуп, анын сунушу менен ЖМАга тапшырдым. Алгач өтө албасам керек деп ойлогон элем. Сынак бүтүп, жыйынтыгы чыкканда тизмеде менин атым бар экенин угуп ушунчалык сүйүндүм. Себеби бул жакта окууну самагандардын саны арбын. Бир жыл аралыгында академия мени толугу менен өзгөрттү десем жаңылбайм. Жаңы адамдар менен таанышып, мыкты билим алуу менен дүйнө таанымым алда канча кеңейди жана жашоого болгон көз карашым такыр башка нукка бурулду. Мугалимдери да абдан жагат. Себеби билбегениңди сурасаң, үйрөтүү үчүн убактысын аябастан мээңе жеткенче аракет кылат. Быйыл академияны бүтүргөн соң БААУга тапшырып, бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 15 окуучунун бири болууга жетиштим. Мен үчүн бул эң жакшы жетишкендик. Психология факультетин тандадым. Себеби Кыргызстанда моралдык колдоо алууну каалагандар көп, ал эми психологдор абдан аз. Мына ушуну эске алуу менен келечекте психолог болууну чечтим.
Өлкөбүздөгү окуучулардын билим деңгээли төмөн, аны мындай жол менен же тигиндей жол менен көтөрүшүбүз керек деп көп айтылат. Бирок иш жүзүнө келгенде баягы сөздөр абада калкыган бойдон калат. Ал эми сөздөн ишке өтүп, билимдүү жаштарды тарбиялап чыгарууда БААУ жетекчилигинин жүргүзүп жаткан иши көзгө басарлык экенин белгилебей кетпесек болбос.

2014-2015-окуу жылына карата кабыл алуу аяктады. Быйылкы окуу мөөнөтү баштала турган 2-сентябрда кабыл алынган студенттерибизди эшикти кенен ачып, чыдамсыздык менен күтөбүз. Ал эми 2015-2016-окуу жылына документтерди кабыл алуу 2015-жылдын январь айынан башталат.

ЖМАнын студенттеринин демилгеси менен мындай коомдук иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турат.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Lamazhlug
2014-08-07 21:53:35
Эн жакшы!БААУга ыраазычылык билдирем бирок англис тилин орто мектептин денгээлинде билбегендер дагы деле мындай шанстан кур калып атышат экен да.Кантсе да бир гана рахмат айтууга татыктуу программа экен!
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан