Газа тилкеси десе көз алдыбызга арабдар менен жөөттөрдүн кармашы, атылган ракеталардан улам жер менен жексен болуп, кан күйүп жаткан аймак келет. Мына ушул тынчыбаган аймактын тарыхына жана бүгүнкү абалына көз чаптырсак.
ГАЗАНЫН ТАРЫХЫ ТЭЭ ИЛГЕРТЕН БАШТАЛАТ
ЧЕКИТ КОЮЛБАГАН ТИРЕШ
Арабдар менен жөөттөрдүн ортосундагы тирешке чекит коюу жана Газа менен Батыш жээктин аймагында эгемендүү Палестин өлкөсүн түзүү боюнча 2000-жылы сүйлөшүү кайрадан башталат. Ага АКШнын президенти Билл Клинтон, Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Барак жана Палестин башчысы Ясир Арафат катышат. Бирок Иерусалимдин статусун аныктоодо талаш жаралып, сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктайт. Акыры тил табыша албасына көзү жеткен эки тарап бир столго отуруудан таптакыр баш тартышат да, палестиндиктер экинчи ирет көтөрүлүшкө чыгышат. Газа тараптан Израилге карата ракеталык соккулар урулуп, жаңжал курчуйт. Израиль болгон күчүн жумшап, 2005-жылы толугу менен Газа тилкесиндеги көтөрүлүшчүлөрдүн демин сууткан.
Мындан ары Газадан пайда чыкпасын түшүнгөн Израиль бийлиги тилкеден мажбурлоо жолу менен 8500 жаранын жана аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок ушул күнгө чейин Газанын аба мейкиндиги жана суудагы аймагы Израилдин көзөмөлүндө турат. Муну жөөттөр өлкөсүнө Газа тараптан ракеталык соккулар болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшөт.
ЭГЕМЕНДИКТИ ЭҢСЕП, БИРОК ЖЕТПЕЙ КЕЛЕТ
Газа тилкеси расмий түрдө эгемендиги жарым-жартылай таанылып, БУУнун тизмесинде көз карандысыз өлкөлөрдүн катарына кирүүнүн алдында турган Палестин мамлекетинин бир бөлүгү болуп саналат. Бирок 2006-жылы парламенттик шайлоодо көпчүлүк орунга ээ болуп, кийинчерээк бийликти толук басып алган «Хамас» уюму Газаны ислам мамлекети катары жарыялаган. Радикалдуу кадамдарга барган «Хамас» менен бир пикирге келе албаган Палестин бийлиги аларга каршы күрөш ачкан жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
«ХАМАСТЫН» АЙЫНАН ИТКЕ МИНГЕН ГАЗАЛЫКТАР
Тилкенин экономикасынын өзөгүн балыкчылык жана айыл чарбасы (цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү) түзүп келген. Ал эми газалыктардын көпчүлүгү экинчи көтөрүлүшкө чейин Израилде жана тилкеде орун алган жөөт кыштактарындагы ишканаларда иштешкен. 2005-жылы Израиль Газаны таштап чыгып кеткенден тарта аны экономикалык жактан чектөөгө алууну баштаган. Жыйынтыгында майда ишканалар жабылып, иш токтоп, газалыктардын Израилде иштөөсү мүмкүн болбой калат. Экономикалык жактан жөөттөргө көз каранды болгон тилкеге болгону бир гана автоунаа жолу аркылуу Израиль менен Мисир тараптан жүк ташуу жүргүзүлөт.
Ал эми 2007-жылы «Израиль мамлекетин тааныбайбыз, аны жер менен жексен кылып, картадан өчүрүү керек» деген «Хамас» уюму бийликке толук ээлик кылгандан тарта жөөттөр экономикалык чектөөнү күчөткөн. Бул чектөөгө Мисир да кошулган. Алсак, Газага ташып кирүүгө тыюу салынган товарлардын катарына: курулуш материалдары, муздаткыч, сыналгы, кир жуучу машина, автоунаа тетиктери, кездеме, жиптер, ийнелер, электр лампасы, кийим-кечек, бут кийим, төшөнчү, шейшеп, идиш-аяк, көз айнек, бычак, кайчы, музыкалык аспаптар, ширеңке жана китеп кирген.
2010-жылы киргизилген экономикалык чектөө жеңилдетилип, тилкеге ташууга мүмкүн болгон товарлардын тизмеси кеңейтилет. Бирок уруксат берилип, мыйзамдуу түрдө ташылган товарлар газалыктардын суроо-талаптарынын болгону 4 пайызын канааттандырып келүүдө. Учурда Израиль чек арасы аркылуу Газага болгону дары-дармек, азык-түлүк, кир жуучу каражаттар жана электр станцияларына керектүү отунду чектелген өлчөмдө гана өткөрөт.
Ошентсе да «адамдан амал качып кутулбайт» дегендей, айрым товарларды газалыктар Мисир аркылуу жер алдынан казылган тоннелдерден аткезчилик жолу менен ташып келишүүдө. Мындай аракетти байкап калса жөөттөрдүн Аскер аба күчтөрү тоннелдерди талкалап турушат.
Ал эми жөөттөрдүн көзүнө илинбей, ташылып келген товарларды деле сатып алууга газалыктардын көпчүлүгүнүн чамасы чак келе бербейт. Себеби ал жактагы бир үй-бүлөнүн айлык кирешеси орточо эсеп менен 3000 сомдун тегерегин түзөт. Тилкенин жашоочулары учурда эл аралык уюмдардын гуманитардык жардамы менен күн көрүп жатат.
КАЛКЫНЫН САНЫНЫН ӨСҮШҮ БОЮНЧА АЛДЫДА
Газа тилкесинин 2013-жылы 1 жылдык казынасы тышкы жардамдардын аркасында 800 миллион доллардын айланасын түзгөн. Тилкеде электр энергиясы жана таза суу тартыш. Алсак, электр энергиясынын 63 пайызын Израилден, 14 пайызын Мисирден алса, 23 пайызын гана өзү иштетип чыгарып келген. Электрди үнөмдөө максатында күнүнө 8 саат маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Какаганга муштаган болуп Израилдин быйылкы ракеталык чабуулунда тилкедеги жалгыз электр станциясы керектен чыкты. Суусуна келсек, жер алдынан чыккан суунун 90 пайызы ичүүгө жарамсыз болгондуктан, тургундар суу чыпкалоочу системдерге муктаж.
Бирок экономикалык абалынын начардыгына карабай, калкынын көбөйүшү жагынан газалыктар көп өлкөдөн ат чабым алдыда. Мисалы, элдин саны ар бир 20-25 жылда 2 эсеге көбөйүп келет. Алардын дээрлик тең жарымына жакынын 15 жаштан төмөнкүлөр түзөт.
«КЕБЕЛБЕС АСКА» АСКЕРДИК ОПЕРАЦИЯСЫ
Израилдин Аскердик операциясынын башталышына 12-июнда 3 израилдик өспүрүм уурдалганы себеп болгон. Бул ишке «Хамастын» аскердик канатын күнөөлөгөн Израиль аскерлери кылмышка шектүүлөрдү камоого алууну баштаган. Камоо учурунда бир нече палестиндиктер окко учуп, ондогону камакка алынат. Жөөттөрдүн өзүм билемдигине «Хамас» жооп кылып, Израилге ракеталык чабуул баштаган. Учурда аскердик операция улантылууда. Июль айынын акыркы күндөрүндө алынган малыматтарга ылайык, көз жумгандардын саны 1000ден ашык. Булардын ичинен 300дөн ашууну балдар.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg