Жакында Жалал-Абад облусунда үрөй учурган кылмыштын бети ачылды. Кылмышкер бажасын бычак сайып өлтүрүп, анын кызын мажбурлап алып кетип, 2 күн зордуктап жүргөнү айтылууда.
АЯЛЫ АКЧА ТААП КЕЛГЕНЧЕ ЖОЛДОШУ ӨЛТҮРҮЛГӨН
Үстүбүздөгү жылдын 11-июль күнү Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда жайгашкан Миң-Өрүк көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлгөн адамдын денеси табылганы кабарланган.Окуя болгон жерге барган оперативдик тергөө тобу иликтөө жүргүзүп, каза болгон жаран Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунун 1967-жылы туулган тургуну Исак Ботобаев экендигин аныкташкан.
Тергөөнүн материалдарына караганда окуя төмөнкүчө болгон:
Маркумдун келинчеги Камила (каармандардын аттары өзгөртүлдү) 3-июль күнү бөлөсү менен кызын жанына алып, Сузак районунун Сары-Булак айылына эгин чаап, мандикерчилик кылып акча таап келгени кетет. Ал жакта иштеп жүрүшкөндө кызынын тиши ооруп, үйүнө, атасынын жанына кетет. 11-июль күнү Камила үйүнө келип, жолдошунун канга боёлгон жансыз денесин көрөт. Ал эми 13 жаштагы кызы дайынсыз жок болуп чыккан.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ЖАРАН БИР КАНЧА ЖОЛУ СОТТОЛГОН»
Бул кылмыштын чоо-жайы боюнча Жалал-Абад облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги ЖУСУП КАМБАРАЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Окуя 9-июль күнү болсо, бизге кабар 11-июль күнү келип түштү. Сөөк үйдө эки күн туруп калгандыктан шишип, жыттанып кетиптир. Оперативдик ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү деп Камиланын бөлөсүнүн жарандык никеде жашаган күйөөсү, буга чейин бир канча ирет соттолгон Кубанычбек Көчөров кармалды. Ал 9-июль күнү келинчегин издеп бажасынын үйүнө келет да, ага арак алдырат. Экөө ичип отуруп, бажасынын 13 жашар кызы Айпериге тийишет. Атасы кызын коргоого алганда, аны башына катуу буюм менен уруп, көкүрөгүнө бир канча жолу бычак сайып өлтүрөт. Башка бөлмөгө качып кирип кеткен кыздын артынан кирип барып, буту-колун электр плитасынын спираль зымы менен байлап, зордуктап салат. Андан соң Ботобаевди өлтүргөн бычакты кошунасынын үйүнүн короосуна ыргытып, Айперини жетелеп, өзү электрик болуп иштеген №10 Жаза аткаруу мекемесиндеги трансформатордун ичине алып кирип да кордогон. Жарандык никедеги аялын сурап (ред.кыздын бөлөсү) кайсы жерде иштеп жатканын көрсөтөсүң деп Сары-Булак айылын көздөй бет алган.
Кылмышка шектүү Жалал-Абад облустук ИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сары-Булак айылы тараптагы тоодон кармалды. Кыздын абалы начар, денесинин көп бөлүгү көгөргөн. Учурда ооруканада дарыланып жатат. Кылмышка шектүү Кубанычбек Көчөров убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 129-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү Көчөров Кубанычбек Абдуллабекович 1970-жылы Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Ал буга чейин да зордуктоо, бейбаштык, каракчылык жана киши өлтүрүү кылмыштары боюнча бир нече ирет соттолгон. 2013-жылы Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде Кубанычбек Көчөров №10 жаза аткаруу мекемесинен бошотулуп, Токтогул районундагы №52 жатак абагына чыгарылган. №10 жаза аткаруу мекемеси менен №52 жатак абагынын келишиминин негизинде жаза өтөп жүргөн Көчөров аталган жаза аткаруу мекемесинде электрик болуп иштеп жүргөн.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg