БАЛМУЗДАК ЖЕЙМ ДЕП АПАСЫНАН АЙРЫЛГАН БАЛА

«АТА, АПА, СИЛЕР МАГА КЕРЕКСИҢЕР!»
– Ата-энемдин атын билмек турсун, өзүмдүн туулган жылымды так билбейм. 1997-жылы Чүй облусунда апам экөөбүз базарга барганбыз. Базарга барганда 3-4 балмуздак жемейинче үйгө кетчү эмесмин. Ал жактан чыгып, аялдамага келгенде адатымча апама «балмуздак жейм» дедим. Апам «Сен ушул жерден жылбай туруп тур, мен азыр балмуздак алып келем» деп жолдун аркы бетине өтүп, базарга кирип кеткен бойдон чыккан жок. Ошол жерде уктадым. Эртеси күнү да апам кирип кеткен жерди карап кечке отурдум. Ары-бери өткөн орус кемпирлер «Апаң кана, эмне отурасың бул жерде?» деп сүйлөнүп кетишет. Ошентип апамдын караанын күтүп аялдамада үч күн жүрдүм. Акыры орус кемпирлер милиция кызматкерлерин чакырып, мени алардын колуна салып беришти. Милиция кызматкерлерине атым Адыл экенин гана айта алдым, андан башка бир да маалымат бере алган жокмун. Же жашымды, же үйүм кайда экенин билбейм.
Бишкек шаарындагы балдарды кабылдоо бөлүмүндө 3 ай ата-энемди күтүп жашадым. Мени издеп эч ким келбегендиктен милиция кызматкерлери кан тапшыртып, медициналык экспертизадан өткөрүшүп, «сен 1992-жылы 18-сентябрда туулгансың, аты-жөнүң Дасанов Адыл болот» деп, өздөрү каалагандай туулган жыл, күн, фамилия ыйгарып, туулгандыгым тууралуу күбөлүк даярдап беришти. Андан соң Ош облусунун Өзгөн районундагы Марат Раззаков атындагы мектеп-интернатына жөнөтүп жиберишти. 2009-жылы аталган интернатты аяктадым. 2011-жылы Бишкек шаарында аскердик кызматымды өтөдүм. Апамдын аты Базаргүл болсо керек эле. Атам, бир байкем да бар экени эсимде, бирок алардын аттарын эстей албайм. Үйүнөн адашып, мени менен бирге интернатка барган досторумдун баары ата-энесин табышты, бир эле мен калдым. Келбетим апама окшош болсо керек деп ойлой берем.
Ата, апа, мен силерге баргым келет, бирок силерди жакшы эстей албайм. Эркекке жашоодо көп милдеттер артылат экен. Анын баарын татыктуу аткаруу үчүн ата-эненин колдоосу керек тура. Силер мага керексиңер. 1997-жылы балмуздак жакшы көргөн балаңар жоголгон болсо мен силерди күтүп жатам.

Адыл, тел.: 0777 62 16 38

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 32-33-28

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
meka93
2014-08-05 09:38:17
бул жакка кантип жазса болот, жоголгон адамды издоо учун ????
0
admin_portal
2014-08-05 10:54:10
meka93, Саламатсызбы!
Сиз кимдир бирөөнү издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 32-33-28
0
admin_portal
2014-08-05 10:54:41
Каармандын жакындары табылып калса сөзсүз кабарлаганга аракет кылабыз.
0
meka93
2014-08-05 11:19:45
admin_portal, ал электрондук почтага кетпей атат . Толук дарегиниздер кандай
0
admin_kinozal
2014-08-05 11:29:31
meka93, электрондук дарегиӊизден "кому" же "to" деген сапка биздин admin@super.kg дарегин жазып кат жибересиз.
0
Aygul
2014-08-05 11:45:24
Апасы не болду экен деген ой келди? Аман эле болсунчу.
0
stal.ks
2014-08-05 23:51:22
Тугандары деле издеп корушбоптурда, кызык апасы ошол учурда бир нерсе болсо билинет эледа
0
N.Bakazova
2014-08-06 01:20:18
не деген шумдук! Эмне дешти да билбей калдым!
0
Айдай
2014-08-06 09:42:21
бироого зар, бироого кор бала....
+1
faha
2014-08-06 16:26:38
Ataiyn ele tashtap ketiptir da...
0
veneraaalieva
2014-08-06 16:34:47
Иий байкуш балага боорум ооруду,ылайым эле ата-энеси табылып калсын, апасы таштабаса керек эле ал бир кырсыкка кабылган го, болбосо эне деген эне да эч качан баласын таштабайт эле.
Чын эле чураныч эгер ата-энесин таап калса созсуз кабарлагылачы сураныч!
0
Aksy-13
2014-08-06 19:12:31
бакуш бала тим эле жакшынакай экен апасына бир кырсык болгонго болбосо ушул чырактай баланы жоон эле кочого таштап салбайт эле дейм озун ошол мезгилде канча жашта элен апанын атанын атын билишин керек эле да
0
misha
2014-08-07 09:31:17
мен бул окуяга ишенбеймго, а эгер чындап ошондой болсо бактылуу бала экен, коздорунон корунуп турат жакшы адам болуп чонойгону, баары алдыда, турмуштун татаал жолунда озунун дангыр жолун табат, ал эми ата эненин мерими алар табылса да боксо бойдон кала берет.
0
kanyshaikg
2014-08-08 11:39:01
апасы базарга кирип бир нерсе болуп кеткен го.антпесе ким эле баласын таштап кетмек эле. негизи адрес фамилия бут уйротуш керек экен балдарга.
+1
Beka90
2014-08-08 17:33:15
Анализ кан тапшырыпсын! Аты жонун билиниптир! Торолгон жеринда билиниш керек болчу! Кан групанда кайсыл радомдо туулганын туралуу, жана ал жерде атан менен апандын аты жону архив китеп канасында жазылып калат! Бир аз кыйын болсода айтайын! Туулганын жонундо малыматы Чуй областындагы бардык перзентканаларды зерикпей журнал сакталуучу китеп канасын изилдеп чык! 1992 жылы туулган Адыл атуу журналдар жазылган! Сага Аллахым озу жолунду ачсын!
+1
tomas.kg
2014-08-10 22:01:45
Кудайдан жалбарып сурайм Апанды эртерек табышынды
0
kama_future_millioner
2014-08-11 22:14:28
алар да сени кутуп журушкондур,аракет кыл созсуз табасын
0
Asel.24.07.93
2015-06-04 20:13:25
Бул бала ата-энесин таптыбы?
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан