Бүгүнкү каарманыбыз профессионалдык спортко кеч аралашып, бирок кыска убакыт аралыгында көптөгөн ийгиликтерди багынткан спортчу. Ал –бирма боксу боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышууга КМШ өлкөлөрүнө берилген жалгыз жолдомону утуп алган мекендешибиз Дастан Шаршеев.
ДАСТАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Дастан Шаршеев
Каймана аты – Али
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Тоң району, Бөкөнбаев айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 71 килограмм
Жетишкендиктери: 2011-14-жылдар. Тай боксу боюнча Кыргызстандын чемпиону
2012-жыл. Москва шаарынын тай боксу боюнча чемпиону
2012-жыл. Москва шаарынын кикбокс боюнча чемпиону
2012-жыл. Тай боксу боюнча Азия чемпиону
2012-жыл. Тай боксу боюнча КМШ чемпиону
2013-жыл. Бирма боксу боюнча Орусия чемпиону
2014-жыл. Бирма боксу боюнча Орто Азия чемпиону, тай боксу боюнча эл аралык спорт чебери
– Маекти жакында бирма боксу боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо утканыңдан баштасак. Буга кандайча жетиштиң?
– Ушул жылдын май айларында Москва шаарында бирма боксу боюнча Дүйнө биринчилигине жолдомо үчүн тандоо беттештери болгон. Буга КМШ өлкөлөрүнүн профессионал спортчулары катышты. Мен 71 килограммдык салмактык категорияда жеңүүчү болуп, бул Дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Дүйнөлүк биринчилик август айында Мьянманын Янгон шаарында өтмөкчү. Ага дүйнөнүн мыкты делген спортчулары катышары күтүлүүдө. Жеңишти багынтууга болгон аракетимди жумшайм.
– Бирма боксунун тай боксунан кандай айырмачылыгы бар?
– Бирма боксу эң катаал спорт түрлөрүнө кирет, эрежесиз эр урушка окшош. Болгону чат тарапка урганга, тепкенге болбойт. Бир жолу көтөрүп чабууга уруксат берилет. Жалпак тилде, бирма боксун «падышалардын боксу» деп атап коюшат. Илгери бул беттеште тең чыгуу деген жок болчу. Жеңишке атаандашты нокаутка учуратып гана жете алчу экен. Көпчүлүк учурда спортчунун өлүмү менен аяктачу деп айтылат. Ошондуктан ушинтип атап коюшат.
– Кооптуу спорт түрү менен машыгат экенсиң. Ден соолугуңа залалы тиет деп коркпойсуңбу?
– Көп эле жолу жаракат алган учур болот. Бирок аларды эч кимге айтпай дарыланууга туура келет. Үйдөгүлөрдү тынчсыздандыргым келбейт. Мындай учурда машыктыруучулар жардамга келет. Уруш түрүндөгү спорт чөйрөсүндө ден соолук коопсуздугуна эч ким жооп бербейт. Бул спорттун түрүн өзүм тандагам. Эч ким мажбурлаган эмес. Демек, эч кандай боштукка жол берилбейт.
– Спортко кандайча аралашып калдың эле?
– Өзүм кичинемден тарта эле спортко жакын болуп өстүм. Мушташ камтылган тасмаларды көрүп, мен дагы спортчулардай чымыр денелүү болсом деп тилек кылчумун. Бирок 19 жашка чейин бир да спорт түрү менен олуттуу машыккан эмесмин. Бир ирет кикбокс менен машыккан досума кошулуп Каракол шаарындагы спорт залга барып, ал жерден кызыгуум ойгонуп, машыгып калдым.
– 19 жаш профессионалдык спорт менен алектенүүгө кеч эмеспи?
– Ооба, ал жашта сөөктөр катып калат дегендей. Бирок менин спортчу болууга бир жөндөмүм бар окшойт (күлүп). Алгачкы 2-3 ай катуу машыктым. Арадан бир аз убакыт өтпөй эле эрежесиз эр уруш боюнча Каракол шаарынын кубогуна катышып, финалдык беттеште атаандашымды нокаутка учуратып, жеңүүчү аталдым. Ошондогу кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Өзүмө болгон ишеничим артып, менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы деп ого бетер кубат алгам. Эрежесиз эр уруш менен эки жыл машыгып, кийинчерээк тай боксуна өттүм.
– Эмне үчүн уруш түрүндөгү спортту тандап калдың эле?
– Мен спорттун көп түрү менен машыктым. Менин оюмча, спортчу бир гана спорттун түрү менен чектелип калбашы керек. Алгач айтылуу Мухаммед Алини көрүп, боксчу болууну самагам. Буттар менен иштөөгө кызыгып, эрежесиз эр уруш, кикбокс менен машыгып жүрдүм. Олуттуу түрдө машыгууларды Украинанын Курск шаарында ири мелдешке катышарда баштадым. Ал мелдештин жыйынтыгында «Fight is life» промоутердик компаниясы мага иштешүүнү сунуштап, алар менен келишим түздүм. Чоң спортко ушинтип аралашып калдым.
– Промоутер менен иштешүү тууралуу айтып өтсөң...
– Промоутер – бул азыркы ырчылардын продюсери сыяктуу. Ал мушкердин машыгуу процесстеринен тарта тамак-ашына чейин көз салып турат. Бизге атаандаш тандашып, беттештерди уюштурат. Кадимкидей айлык төлөшөт. Бул утулганыңа же утканыңа байланыштуу эмес. Келишимде кандай сумма жазылса, ошондой акы төлөнөт. Өзүм 2011-жылдан тарта келишим боюнча Москва шаарында машыга баштадым. Бул арада көп эле ийгиликтерге жетиштим. Алсак, тай боксу жана бирма боксу боюнча Москва шаарынын чемпиону аталдым.
– Сага ийгилик! Жеңишти багынтып кел!
Бирма боксу тууралуу
Бирма боксу – көбүнчө лэхвей деп аталат. Бирма элинин улуттук уруш искусствосу.
Эң катаал спорт түрлөрүнө кирет. Техникалык мүнөзүнө жараша тай боксуна окшошуп кетет.
Тарыхы:
Тарых жазууларында 1044-жылы бирмалык аскерлердин лэхвей менен машыкканы жазылат. «Бирма боксу – куралсыз согуш искусствосу. Чыныгы беттеш, чыныгы эркектердин жекеме-жеке беттеши. Бул беттешке катышуу – кайраттуулуктун эң бийик чокусу» деп белгиленет.
Эрежеси:
Мушкерлердин билегинен манжаларына чейин бинт менен байланышы шарт. Чатка урганга, тепкенге болбойт. Бир жолу көтөрүп чабууга уруксат берилет. Калган учурда эрежесиз эр уруштун эрежесиндей беттеш орун алат.
Беттеш 5 раундга созулат. Ар бир раунд 2 мүнөттөн.
КЫЗЫКТАР:
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg