Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Нүзүп Аксыга келери менен билермандарды чогултуп, Шералини көрсөтүп «Мен Коконго жүрөмүн!» деп көптөн бери туюк алып жүргөн дитин ортого салды.
Жал куйругу канга боёлгон жарчылар элеттин кыйрын кыдырып чаап, «Кадырлуу Нүзүп мырза Коконго жүрө турган болду. Аттангыла! Нүзүп мырзанын колунда таажынын мураскору, аттангыла! Элге карамдуу адил заман тургуза турган болду Нүзүп мырза. Аттангыла!» деп жар салып жүрүштү.
Эки-Суу арасындагы (Сыр-Дайра менен Кара-Дайранын ортосу) кыпчак уругуна, Ташкен багытындагы курама уругуна тили ширин элчилер барды. Эл дүүлүктү. Туш-тушунан кошуундар куралып, ак, көк тууларын туйлатып, жер түтөтүп келе башташты...
«Көздөрү курч бычактын учундай, эрини бек кымтылган, суюк сары сакалдуу. Сөөлөтүндө бул жортуул оюн иш эмес экенин сезүү, өз кубатын да сезүү, тагдырына баш байлоонун кообу, ырахаты бар...»
Кокон ордого карата жүрүшүн баштаар алдында Нүзүптү автор дал ушинтип сүрөттөйт.
Бул күнү кырка чокулары ак мөңгүлүү улуу тоонун жашыл өтөгүндө, шар аккан суунун боюнда так ээсин ак кийизге салуу салтанаты болду. Боло жүргөндөй ак боз бээ эле эмес,Шерали хандын урматына курмандыкка чалуу үчүн «жумуру баш» да дайындалган. «Мындай жумуру баштан курбан чалыш бул элдин өтмүшүндө тээ байыртан кылына келген үйүт болгон. Бирок «асмандан ак кочкор маарап түшкөн» деген убактан бери бул үйүт токтолгон. Ошентсе да кай бир ушундай «кан көтөргөн» деген өзгөчө бир учурда «кан кечпесе кан болмокпу» делинип, кан көтөрүштүн маанисин, аброюн бийиктетиш үчүн тымызын, караламан көпчүлүккө көрсөтүлбөй үйүт аткарылып келингени алыстан угулган жаңырыктай үзүл-кесил айтылат» деп ой бөлүшөт Төлөгөн Касымбеков окурман менен.
Мына ушул күнү романды башынан аягына чейин коштоп, ордону да, элди да өз кызыкчылыгына колдонуп келген, Бекназардын түбүнө жеткен Абил бийдин аброю оболоп өсөт. Ал кезде Абил коштогон жүз жигити бар, бий аталып элдин назарына илине элек, Караш бийдин жакшы чыкма баласы болчу.
Курмандыкка чалуу үчүн атасы каза таап, чоң энеси жана апасы менен калган, бир ыптасына шал тийген жарым жан бир өспүрүм бала дайындалган эле. Кары улама курандан сүрөө түшүрүп, Шералинин урматына багыштап бата тилешип, баланы акырын ак кийиздин четине жакындатып, «Аллаху акбар! Бир Кудайдын жолуна, аллаху акбар! Султандардын жолуна, чилтендердин жолуна...» деп мизи курч шамшарды кекиртегине жакындатып баратышканда зайыптын ачуу чаңырыгы баарын селт эттирди. Курмандыкка чалынар өспүрүм баланын энеси чыркырап келип калган эле.
«Ырайым кыл, айланайын, эл! Сары улагың болоюн, эл! Атадан жалгыз эле!» деп чаңырып, кылкылдаган көп элди аралап, токтотмокчу болгондорго бой бербей жүгүрүп келе жатты.
Күчтүү колдор чапташа түшкөн эне менен баланы ажыратып, экөө эки жакта чыркырап калганда «Токто!» деген катаал үн куралдуу кишилерди тык селдейтти.
«Ырайым кыл, бекзаада! Бир ныптасына шал тийген жарым жан шордуу эле. Жалгызымдан калган жалгыз туяк эле...» деп бутуна жыгылып жалынган кемпирге небересин кошуп жөнөтүп жиберди Нүзүп.
– Байбиче, бердим балаңды, көп кейибе, алып кет балаңды, байбиче,- деди акырын. – Байкабай алып келип калышкан турбайбы... Алып кете бер...
– Миң жаша... Кудайым эки дүйнөңдү берсин... Сен карыпты жалгасаң, чоң Кудай сени жалгасын... Миң жаша... Миң жаша... Титиреген эриндери менен күбүрөгөн кемпир жалт-жалт карап, колдору калтырап, жарым жан баланы көк көйнөккө далдалап, жонунан сылап, колтугуна жашырып кетенчиктеди. Шашылды. Топтон тезирээк чыгып кетүүгө шашылды.
Бийлер селейди. Шерали селейди. Нүзүп кимгедир жини келип, жаак терилери тырышып, кимдин башына чагылган болуп чагыларды издеп, ак кийизди тегеректеп тургандарды кыдырата тиктеди, катуу кумсарды. Мына ошондой маалдан пайдаланды Абил. Дайыма жанында коштоп жүргөн аттокур жигити Ашырды курмандыкка чалдырып жиберди.
Ошентип ал Нүзүп бийдин көзүнө түшүп, ал жүрүштө туу башылык болууга арзыды.
Ашырдын каны менен кошо кардай меңсиз ак кийиздин бетине ак боз бээнин каны сапырылып, аба бурулдап жылуу кан жыттанып кетти.
Нүзүп бир колтугунан, Мусулманкул бир колтугунан алып, акырын коштоп келип, Шералини канжалап жаткан адам башынан аттатып, кызыл ала болгон кийизге өткөрүштү.
Шерали туш-туштан кысып келип куттук айтып турушкан ак сакалдууларды, бийлерди ылжайып тиктеп былбырап турду. Мусулманкул кош миздүү оор кылычты канга бөлөп, ошол кынсыз бойдон, учунан мөлтүлдөп кан сарыккан бойдон Шералинин белине илди.
– Куралыңыз кут болсун! Душманга каршы курч болсун!.. Журттун четин кайтарсын!.. Душмандын мизин майтарсын!..
Кернайлардын, дабылдардын дүңгүрүн чарт жарып, асманга мылтык атылды.
– Кимдин, кимдин заманы? Шерали хандын заманы!
Нүзүп, Мусулманкул баш болгон билермандар, тегеректеп турушкан аксакалдар кандуу кийизди туш-тушунан жабыла кармашып, өйдө көтөрө башташты. Шерали «кылт» деп жыгылып кете жаздап барып Нүзүптүн ийинине таянып оңолду да, ошол биртке эңкейген бойдон, Нүзүптүн күчтүү ийинин таянган бойдон кийиздин үстүндө эки бети тамылжып, тердеп, эки жагын ылжайып тиктеп баратты. Кымгуут түшкөн элди бактыга манчыркап мокой түшкөн көздөрү менен аңкайып тиктеп келе берди... Башында эски тебетей, өңүрлөрү шөлбүрөгөн көөнө чепкен, бутунда көктөлө берип уурттары түйрүлүп кеткен көн чарык...
Акыл-эси тайкы, мокок, жоош- момун, калктын тагдырын чечмек тургай чымынды капа кыла албас Шералинин абалын, мүнөзүн автор ушул көрүнүш менен абдан даана чагылдырып берген.

Кыяс Молдокасымов:«ЖАСАЛМА САНЖЫРА АЖОНУ САКТАП КАЛА АЛБАДЫ»
– Замандын залкар жазуучуларынын бири Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы каармандар бүгүн да арабызда жашап келет. Болгону, Бекназардай эл-жерин ойлогон мыктылары азайып, элди бөлүп-жарган, мамлекетти бүлүндүргөн, байлык, мансап дегенде Мекенин сатканга даяр Абил бийлер арабызда өтө көбөйүп кетти.
«Сынган кылычта» Шераалы хан жалгыз болсо, азыркы күндүн Шераалы хандары көп. Мамлекет башчылыгы түшүнө кирбеген, эл башкармак түгүл аялын башкара албаган адам асмандан учуп келип тактыны ээлеп калды. Байлык менен бийликке ээ болбогон кул мүнөз башчы кашыктап чогултулган байлыкты чөмүчтөп чачты, кен байлыктары менен жерди сатты, туш тарапка элин таратты, акыры журт козголоңуна туруштук бере албай, мамлекетин таштай качты. Шераалы сымал өзүнүн тегин байыркы хан-манаптарга алып барып такаганга аракет кылды. Ал тууралуу орусиялык маалымат каражаттарына да  айтып салган учуру болду. Бирок «Алтын бешик» сымал саясий өңүттөгү жасалма санжыра алыска качкан ажону сактап калбады.
«Сынган кылычтагы» Алтын бешикке байланыштуу санжыра Кокон ээлиги түптөлгөн ХVIII кылымда эч айтылбайт. Ал ХIХ кылымдын башында Алим хан Кокон ээлигин хандык деп жарыялап, атаандаштарын жок кылып, өзү хан тактысына отургандан түптөлүп, Омор хандын тушунда биротоло токулуп, элге жарыя кылынган. Бул санжыранын башкы максаты – түпкү тегин Бабурга такаган так ээлеринин өз бийлигин талаш-тартышка кабылтпай сактап калуу аракети болгон. Ошондуктан хандыкта жашаган кыргыз, кыпчак, сарт, түрк сымал элдин өкүлү эч качан хан тактысына отурууга батынган эмес. Аракет кылган учурда да хан тукумунан болобуз деп алардын атын жамынып, ысымын алып чыгышкан.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aszyma
2014-08-06 15:43:49
Саламатсызбы Администрация? Мен тушунбой калдым да акыркы суйломдоруно , ошондо Шералы Бабурдан тараган Алтын бешиктин тукумунан эмес болобу?
0
admin_portal
2014-08-06 16:56:16
aszyma, Саламатсызбы!
Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткизип койдук.
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан