ЖАТЫНДЫН МИОМА ООРУСУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жатындын миомасы бул – аялдарда эң көп таралган жатындын залалсыз шишик оорусу. Бул дартты дарылоо оор маселе бойдон калууда жана дагы да изилдөөлөрдү талап кылат.

– Миоманын оорусу кимдерде көп кездешет?
– Мурда бул диагноз менен орто жаштан өтүп калган айымдар жабыркаса, учурда жаш келиндер да ооруп жатышат.

– Миома кантип пайда болот?
– Миоманын пайда болуу себептери ар түрдүү. Алардын эң негизгилери төмөнкүлөр:

  • Тукум куучулук;
  • Аборт;
  • Аял 30 жашка чейин төрөбөсө жана эмизбесе;
  • Өнөкөт сезгенүү оорулары (гормоналдык дисбаланс);
  • Көпкө созулган стресс, кара күчтү талап кылган жумуштар;
  • Эндокриндик бездин оорусу;
  • Ашыкча салмак;
  • Узакка созулган адекватсыз контрацепция.

– Миоманы дарылабаса организмге кандай коркунуч болушу мүмкүн?
– Миоманы дарылабаса оорутуу менен коштолгон кан көпкө агып, аз кандуулукка алып келиши мүмкүн. Кээ бир учурларда миоманын айынан тукумсуздук да келип чыгат. Көпчүлүк учурда миоманын өсүүсүнөн улам табарсык кысылып калат. Бул бат-бат заара ушатуу, өзүңдү оор сезүү, курсактын ылдый жагынын оорушуна алып келет.

– Бул ооруну дарылоонун кандай ыкмалары бар?
– Миоманы дарылоо анын көлөмүнөн, жайгашкан жеринен, түйүндөрдүн санынан, оорунун белгилеринен, аялдын жаш курагынан жана келечекте төрөгүсү келген-келбегенинен көз каранды. Миоманы дарылоонун эң негизги 2 ыкмасы бар: консервативдүү жана оперативдүү.
Адаттагы жатындын залалсыз шишигин дарылоо ыкмасы болуп гистерэктомия (жатынды алдырып салуу) эсептелет. Бул операция репродуктивдүү функцияларды жоготуу, хирургиялык кийлигишүү жана наркоз берүү коркунучу менен коштолушу мүмкүн.
Репродуктивдүү функцияларды сактап калуу үчүн көпчүлүк учурда консервативдик миомэктомия – айымдардын айыз келүү жана төрөө (детородная функция) кызматтары сакталган операция. Бирок бул учурда шишикти (15-30%) дарылоону кайрадан улантуу керек жана оперативдүү кийлигишүү болушу зарыл.
Гормоналдык дарылоо миоманын түйүндөрүн кичирейтүүгө түрткү болот, бирок препаратты колдонбой калгандан бир нече айдан кийин оору кайталанышы мүмкүн.

– ЖАЭ (ЭМА) деген эмне?
– Жатындын артерияларын эмболизациялоо (ЖАЭ) (эмболизация маточных артерий) — жатынды сактап калуу жолу. Миоманы дарылоодо, анын көлөмүн кичирейтүүдө жана бул оору менен жабыркагандардын санын азайтууда азыркы учурдагы заманбап ыкма. Ал коопсуз жана абдан эффективдүү.
ЖАЭ – ткандарды жабыркатпай, жатындын артериясына атайын зат (эмболизация) куюу менен бул артериядагы кандын агымын токтотуу. Кандын агымы токтосо, жатындын миомасы тамактанбай, шишиктин куурап калуусуна алып келет.
Бул ыкма миоманын тамырларынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөдөн улам негизделген. Миоманын айрым тамырларынын жабылышы бир гана миоматоздук түйүндөрдүн чапталышына (склерозирования) алып келип, натыйжада миоманын көлөмү баштагысынан 80 пайызга чейин кичирейет.

– Жатындын артериясын эмболизациялоо канчалык натыйжалуу?
– АКШда жана Европада жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, бул процедураны колдонгон айымдардын 78-94 пайызы миомага байланыштуу оорутуулардан жана бул дарттын башка белгилеринен кутулушкан. Процедура бир канча миомасы бар учурларда да жогорку натыйжа берет. Мындай дарылоодон кийин айымдар бир нече жыл бою текшерүүдөн өтүп, бирок оорунун белгилери байкалган эмес.

– ЖАЭ (ЭМА) Кыргызстанда жасалабы?
– Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында жатындын миомасын дарылоо кабинети ачылган, бул кабинетте миома менен жабыркаган айымдарды атайын дарыгерлер тобу тейлешет. Ал эми жатындын артериясына эмболизацияны Москва шаарынан келген адистер жасашат. Эмболизациялоонун кийинки этабы 2014-жылдын август айынын аягына белгиленген. Консультацияга төмөнкү телефондор аркылуу жазылсаңыздар болот.

(0312) 87-00-11 (орус тилинде)
(0312) 61-01-94 (кыргыз тилинде) (0779) 000-250
(орус тилинде)
Суроолорго жогорку категориядагы гинеколог-эндокринолог

Салиева Жамиля Казбековна жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
rahilka
2014-08-04 13:26:37
салам супер инфо эрозия жонундо кенири маалымат берип коюшунузду суранам
0
admin_portal
2014-08-04 14:56:25
rahilka, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Inwallah88
2014-08-04 19:18:55
Салам супер инфо вакцинанын зыяны пайдасы тууралуу маалымат жазсанар жакшы болот эле
0
Alihs9999
2014-08-05 02:53:41
Салам супер инфо Эко жонундо да айтып отсонуздор
0
admin_portal
2014-08-05 10:36:07
Alihs9999, Inwallah88,
Саламатсыздарбы!
Сунуштарыңызга рахмат, аракет кылабыз.
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан