Жогорку Кеңеште трибунадан түшпөй, жүзү жатка таанылып калган депутаттар менен катар, элге көп көрүнө бербеген, өзүн дайыма бир калыпта алып жүргөн, «мен мындай иштерди бүтүрдүм» деп жар салганды жактыра бербеген депутаттар да бар. Ошол топко ыктаган Максат Сабиров «саясат жолуна түшөм деп ойлогон эмесмин, бирок бала кезимден элибиз үчүн кызмат кылууну максат кылып келгем» дейт.
САБИРОВ МАКСАТ ЭСЕНОВИЧ
«МЕНИН РАЙОНУМ КЫРГЫЗСТАНДЫН БАШТАЛЫШЫ»
– Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында төрөлүп-өстүм. Биздин район Кыргызстандын башы. Себеби бизде Теңир-Тоонун эң бийик чокусу Хан-Теңири бар. Күн чыкса дагы, ай чыкса дагы анын нуру Хан-Теңиринин чокусуна биринчи тиет.
Балалыгым районубуздун жайлоолорунда таятам, атам менен бирге мал кайтарып жүргөн күндөр менен өттү. Мектеп курагым болсо бир да иш-чарадан калбай, дайыма активдүү жүргөнүм менен эске түшөт. 7-класстан 11-класска чейин киномеханиктин жардамчысы болуп да иштеп калгам. 5-классымдан тартып колхоздун бардык иштерине катыша баштагам. Алты бир туугандын улуусумун. 2 иним,
3 карындашым бар.
«САХНАДАН ОРДУМДУ ТАБУУНУ МАКСАТ КЫЛГАМ»
– Бала кезимден жакшы ырдап, комуз чертип, чыгармачылыкка жакын болгондуктан, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып калдым. Турдалы Аскарбеков, Гүлзат Байзакова, Апаз Жайнаков, Динара Жусаева, Гүлнур Сатылганова, Ильич Шамбетов деген белгилүү өнөр адамдары менин курсташтарым болуп калды. Убагында мен дагы чыгармачыл жолго түшүп, сахнадан чыгып ырдаганды максат кылгам. Тагдыр экен, сахнадан өз ордун тапкан курсташтарым, досторум болду, мен болсо саясат агымына түшүп калдым.
САХНА ОРДУНА САЯСАТ...
– Чынын айтсам, эзели саясатка аралашам деп ойлогон эмесмин. Бирок бала кезден алдыма элибиз үчүн, тарых үчүн, балдарыма, укум-тукумума уят болбогондой бир кызмат кылам деген максат койгом. Бул чөйрөгө 2010-жылкы революциядан кийин келип калдым. Облуска болбосо да, кичинекей районума жардам берип калсам деп тилек кылдым. Ошентип саясатка аттандым. Ал эми депутаттыкка чейин мигранттардын катарында Орусияда, Казакстанда алып-сатуу менен алектендим. Бул жактан кийим-кечелерди алып барып өткөрүп, кайра тамак-аштарды алып келип сатып иштечүмүн.
«МЕН БАКТЫЛУУ БАЛАМЫН»
– Мен абдан бактылуу баламын. Бир туугандарым, ата-энем, жакындарым аман-эсен. Балдарымды татыктуу тарбиялап жатам. Эң негизгиси, ата-энемдин батасын алгам. Өзүм бутума туруп, депутаттыкка жетип, жакшы иштерди уюштуруп, эл-жериме, бир туугандарыма жардам берип жүргөн убакта атам менен апам ыраазы болушкан. Апам:»Уулум, ак сүтүмдөн кечтим, эл караган бетимди жер караткан жоксуң. Эл үчүн күйүп саясатка аттанып алдың, мындан ары сенин энең эл болсун. Мен энелигимден кечтим, балам!» десе, атам да «Мындан ары сенин атаң да эл болсун. Мен аталыгымдан кечтим!» деп батасын беришкен. Ушундай батаны алгандан кийин мен азыр жүрөгүмдө бардык байлык-бийликке ыраазымын, бактылуумун.
«ҮЙ-БҮЛӨМ...»
– Мамлекетке кызмат кылам деген адам эң алгач өзүнүн чакан мамлекетин, үй-бүлөсүн башкарып, аны бардык жакшы нерселер менен камсыздашы керек. Өзүнүн үй-бүлөсүнө убакыт таппай, аны жөндөй албаган адам башка эч кимге акыл үйрөтпөй, башка нерсени кыйратам дебей эле койгону жакшы. Мен үй-бүлөмө көңүл бурганга убакыт табам. Кыздарымдын улуусу 24тө, кенже уулум 6 жашта, буюрса, келе жаткан окуу жылында мектеп босогосун аттайт. Жубайым аялдык милдетин аткарып үй оокаттары, балдарга тарбия берүү менен алек.
«ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮБҮЗДҮ ЖОГОТУП АЛБАСАК ЭКЕН...»
– Көптөн бери маектешүүнү бир датага белгилей албай убара тарттык. Бош убактыңыз аз экен, эмне менен алектенип жүрөсүз?
– Ысык-Көл облусуна ар бир дем алыш күндөрү барып келип жатам. Учурда райондо мектептер, жолдор салынууда. Курулуш иштерин көзөмөлдөп, алардын талапка ылайык аткарылып жатканына көз салып жүрөм.
– Саясатчылар шайлоо алдында гана жанданып, эл үчүн иштеп жаткансып калышат. Сиз да ошол максатта иштеп жаткандырсыз...
– Ооба, өзүңөр билгендей, көпчүлүк депутаттар шайлоо алдында гана эл менен жолугушууларды өткөрүп, жакшы иштерди жасап баштайт. Бирок менин кылган иштеримди Ысык-Көлгө барып деле сураштырып көрсөңүздөр болот. Депутат болуп шайланган күндөн тартып эл үчүн иштеп келе жатам.
– Учурда «Республика» фракциясынан чыгып кеткен депутаттар көп. Фракция лидери да улам-улам алмашууда. Эмнеликтен?
– Саясатчы кайсы партиядан депутат болуп келип элге таанылса, ошол партиянын принциби менен кетиши керек эле. Партиянын ишеничин акташ керек. Анын мандатын көтөрүп иштеп жүрүп башкача ой менен иш кылуу туура эмес деп ойлойм.
Мен «Республика» фракциясынын расмий лидеримин. Саясий кеңештен өткөм, фракциядан шайлангам, палатада жарыяланган. Болгону, ордумду талашып чыккан айрым адамдар өздөрүнчө чогула калып эле Абдыжапар Бекматовду лидер кылып шайлап алышкан.
– Кыргызстандагы кайсы маселе сизди көп ойлондурат?
– Мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактап калуу бул – биздин өлкөнүн эң көйгөйлүү маселеси деп айтар элем. Учурдагы олуттуу маселелерге айланып бара жаткан дин саясаты, коңшу өлкөлөр менен болгон саясат, ар кандай союздарга кошулгула деген саясаттар менен алышып жатып, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жоготуп албасак экен деген ой жүрөгүмдү өйүйт.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg