Хатиже султандын ролун ойногон Селма Эргеч сериалдагы асем кооздуктарын ушунчалык жактырып калгандыктан, бир күнү аларды уурдап кетүүгө да даяр экенин айтат.
ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН
64-68-сериялар: «Ибрагимдин эң чоң душманы – бул өзү»
Хүрремдин жеңиши көпкө созулбайт, буга Сулеймандын Фирузе аттуу күңгө көзү түшүп калганы себеп болот. Гаремде дагы бир жаңылык – Хүрремдин душмандары аны тизгиндеп туруу үчүн казыначынын кызматына Сулеймандын эмизген энеси Афифе хатунду хан сарайга чакыртышат.
Бул аралыкта султандын чыгышка карай жүрүшү башталат. Ибрагим вазир сефевиддердин борбору Тебризди басып алып, бардык буйруктарга «сераскер султан Ибрагим» деп кол коёт. Казыначы Искендер Челеби Ибрагимге келип «Ооба, Тебриз кулады, бирок бул жеңиш сизди султан кыла койбойт» дейт. Ага Ибрагим «колумдагы бийлик менен каалаганымды кыла алам» деп жооп кайтарат. Бул окуядан кабар тапкан Сулейман султан Ибрагим менен жүрүштүн ортосунда көрүшүп, «Алаңдаган көздөр, титиреген үн кимдики, паргалык Ибрагим? Ким болсо да ага айтып кой, ал султан боло албайт» дейт. Жүрүш уланып, Осмон империясы өзүнө Багдадды каратып, аны менен Перс булуңунун жээгинде жайгашкан хандыктар да баш ийип беришет.
Искендер Челеби Ибрагим вазирдин башында христиан жана чет жерден келген адам боло туруп, Осмон империясынын эң чоң кызматына чейин көтөрүлгөнүнөн улам ага душман болуп чыга келет. Бул кастык казыначынын дарга асылышы менен аяктайт. Өлүм өкүмү аткарылар алдында Искендер ат багар Рүстемге «Башым алына турган болсо, калган ишти сен улантасың. Бул чоң мамлекетти Ибрагимден кутулткан адам сен болосуң» деп милдетин табыштайт. Рүстем «каныңыз төгүлүп кете турган болсо, ал кан жерде калбайт» деп ант берет. Дарга асылган түнү Искендер Челеби Сулеймандын түшүнө кирип, ак жеринен өлүп кеткенин билдирет. Чочуп ойгонгон султан чатырдан сыртта отурган Ибрагимди карап «күнөөсүз адамдын канына күнөөлүү кылдың, жылдар өтүп, ылайым сени да ушундай акыбет күтсүн» деп каргайт.
Ибрагим вазир жогорудагы согуштарда ийгилик артынан ийгиликтерди багындырганы менен, жеке тагдыры оор абалда калат. Хатиже султан башында Ибрагим менен ажырашмакчы болуп, балдарын ойлоп бул оюнан кайтат. Ал эми вазирден наристе күтүп жаткан Нигар калфа кыздуу болот. Хатиже ымыркайдын өлүү төрөлгөнүн айтып, энесин баш кесерлерге салып берет. Убагында Рүстем ага жетишип калып, Нигар калфаны аман-эсен Хүрремге алып келет.
СЕЛМА ЭРГЕЧ КИМДИ ЭЭРЧИП СЕРИАЛГА КЕЛИП КАЛГАН?
Ханбийке Хатиже султандын ролун 1978-жылкы Селма Эргеч жараткан. «Сулейманды ойногон Халит Эргенч экөөбүз бир агенттикте иштейбиз, анын кандай тасмаларга тартылып жатканына кызыга бермейим бар. Бир күнү сураштырып калсам, «Даңазалуу кылым» деген долбоордо Халит башкы ролду алды» деп калышты. Мен да катышкым келип, мага ылайыктуу, керек болсо экинчи катардагы роль бар-жоктугун сураттырдым»,- дейт С.Эргеч «Даңазалуу кылымга» келип калгандыгы тууралуу.
Актриса Германияда медициналык кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, атасы түрк, апасы немис улутунан. Селма Медициналык университетке тапшырып, окуусун ортолоп калганда актёрдук чеберчилик менен алектене баштайт. Бирок 1 метр 76 сантиметр бойлуу Селманы подиум көп азгыргандыктан, моделдик жактан да өзүн сынап көрөт.
Тарых барактарында Хатиже султандын башкы вазир Ибрагим пашага турмушка чыккан салтанаты янычарлардын көтөрүлүшүнө алып келгени айтылат. Той 15 күнгө созулуп, өтө көп акча жумшалып, бул көрүнүш аскерлердин арасында нааразычылык жараткан. Ибрагим паша султандын буйругу менен өлүмгө кыйылгандан кийин Хатиже 2 жыл жашайт. Эмнеден улам кайтыш болгону жана сөөгү кайда коюлгандыгы бүгүнкү күнгө чейин табышмак. Жолдошу Ибрагим вазирдин да күмбөзү жок экендиги белгилүү.
Селма Эргеч сериалдагы тартуу иштерине байланыштуу мындай дейт: «Биринчи серияда мен ооз ачып сүйлөгөн жокмун, жөн гана валиденин жанында туруп тартылдым. Ошентсе да колу-бутум калтырап-титирей бергени эсимде. Хатиже султандын персонажы биринчи көрсөтүлгөндөн аягына тартылып бүткөнгө чейин өтө өзгөрөт. «Ооба, түшүндүм, ролумду оңой эле аткарып бере алам» деген күнүм болгон жок. Серия сайын «кандай кылышым керек?» деген ойдун үстүндө өзүмдү жеп, паникага алдырып ийип жаттым».
Хатиже султандын келбетине бап тигилген кооз көйнөктөр тууралуу мындай дейт: «Костюмдарды биринчи кийгенимде алар мага чоң келгендей болду. Кийин суранычымды угушуп, көйнөктөрдү тар кылып, ылайыктап жатышты. Анткени узун бойлуулугумдан бүкүрөйө бермейим бар. Көйнөк канчалык тар болсо, мен ошончолук түз турам».
Селма Эргеч сериалда тагынган кооздуктарын, айрыкча таажыларын өтө жактырып калганын айтат. «Бир күнү мен алардын баарын үйүмө уурдап кетем» деп азил-чыны аралаш кыялын ачыкка чыгарган.
(Уландысы кийинки санда)
Эльвира Караева
star@super.kg