Редакциябызга бир аял телефон чалып, кызы жаман жолдо мажбурланып иштеп жүргөнүн айтты. Айтылган дарек боюнча барсак, эшиктери темир торлор менен курчалып, аябай сактык менен жасалган кулпулары бар үйдүн бир бөлмөсүндө 26 жаштагы Эля (каармандын аты өзгөртүлдү) башын кучактап, жер карап ыйлап отуруптур. Жанында апасы «кызым, сени жакшы үмүт менен төрөгөм, сен болсо мени шерменде кылдың» деп каргап, тилдеп жатыптыр.
«КИРСЕМ, КЫЗЫМ ЭРКЕК МЕНЕН ЖАТЫПТЫР»
Окуянын чоо-жайын Элянын апасы төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:
– Кызым Бишкек шаарына иштегени кетип «бир кафеге жумушка кирдим» деп айткан эле. Турмушка чыгып, бир ай жашабай, кош бойлуу кезинде ажырашкан. Азыр баласы 5 жашка чыгып калды. «Иштесең да үйгө бат-бат келип тур, балаң сагынып, куса болот экен» дегем. Бир-эки ай дегенде барат. Анда да артынан томпойгон, ак саргыл Айнура деген аял кошо келип, «баласынын жанында бир күн түнөп кетсин» дегениме карабай «Азыр бизде жумуш көп. Банкеттер үзгүлтүксүз болуп жатат. Түнү да картошкаларды аарчып, эртеңкиге кам көрүшүбүз керек» деп алып кетип калат. Бир жолкусунда өзүбүздүн айылдык кыз менен барган эле. Кызым кафеде иштеп жатат деген ойдо эле жүрө бердик.
Акыркы бир ай ичинде дайынсыз болуп кетти. Өзүнүн телефону жок же башка бирөөнүкү менен чалып койбойт. Баласы дарбазага чыгып алып кечке жол карайт. «Апам качан келет» деп ыйлап, арыктап кеткенде апасын таап бербесек болбойт деп издегенге катуу кириштик. Эч дайынын билбей жүрдүм. Акыры биздин үйгө ээрчишип барган айылдаш кызды кармап алдым да «кызым кайда экенин билесиң, таап бербесең милицияга берем» деп коркуттум. Ал кыз бизди ушул жерге ээрчитип келди. Эшикти такылдатсак, эч ким ачпайт. Бир баланы кардар катары «кыз керек» дедиртип жатып ачтырдык. Кирип барсак ар бөлмөдө бирден кыз эркектер менен жатат. Алардын арасында менин да кызым бар экен. Атын Эля деп өзгөртүп коюшуптур. Кызымдан башкасынын баары качып кетишти. Мындай шермендечиликти күткөн эмесмин. Ошол замат милиция менен силерге кайрылдым.
«КАРДАРДЫ КАНЧА СОМГО ТЕЙЛЕГЕНИМДИ БИЛБЕЙМ»
5 жашар баласын, бир боорум деп сыздаган ата-эне, туугандарын ойлобой, бул жолдо иштеп калышына эмне түрткү болгонун ЭЛЯ төмөндөгүдөй баяндап берди:
– 2012-жылы Бишкек шаарына иштегени келип, Диля аттуу эженин батиринде жашап жүрдүм. Бир күнү «Кызым Ошто бала багуучунун колунда. Барып кабар алып келели. Жер көргөнчө эс алып келесиң» дегенинен жаман оюм жок кошо баргам. Барчу жерибизге жетип, мен уктап калыптырмын. Ойгонсом, Диля эже мени таштап кетип калыптыр. Аз өтпөй бизди тосуп алган эже «сен сейфтен акча уурдадың, ошону төлө, болбосо милицияга берем» деп жалаа жаап, коркута баштады. Айлам жок, төлөп берүүгө макул болдум. Ал жакта да аткарган ишим эркектерди тейлөө болчу.
Батир берген жигит менин тагдырыма боору ооруп «Эля, бул жерден кетип кал, болбосо өмүр бою кор болуп өтөсүң» деп Бишкекке кетүүчү таксиге салып жиберди. Ал жактагы эже милиция кызматкерлери менен биргеликте мени издеп, бирок кармай алган жок.
Бишкектен да жумуш издеп жүрүп, Айнура эженин колуна келдим (Айнура – Эля табылган Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сойкукананы иштеткен аял экен). Бул эже менен мурдатан тааныш элем, ушундай эле кызмат кылып колунда иштегем. Ага Ошко сатылып, ал жакта иштеп жүрүп 10 миң сом топтоп, качып келгенимди айтып бердим.
Айнура эженин жанында бир күн калдым, эртеси эле милиция кызматкерлери келип «сени камайбыз, Айнуранын кассасынан акча уурдаптырсың» деп күнөө коюшту. Айнура эжеге «Эже, эмнеге мындай кылдыңыз? Мен эч нерсеге тийген жокмун го?» десем, «Башымды оорутпа, кассадагы 32 миң сом акчам жок. Сен уурдадың, карызсың» деп моюнума илип койду.
3 айдан бери ушул жерде Айнура эженин колунда иштеп жаткам. Бул убакыт ичинде бир жолу апамдын туулган күнүндө, экинчисинде, таякем каза болгондо 5 миң сомдон эмгек акымды алдым. Айнура эже «карызды төлөшүңөр керек» дегендиктен жумуш акыбызды колубузга албайбыз. Ошол себептен кардарды канча сомго тейлегенимди билбейм. Күнүнө 23-24 кардар тейлеген учурубуз болот. Качан гана ооруп калганда ооруканага көрсөтүп коюшпаса, медициналык кароодон да өтпөйбүз.
«БААРЫН ӨРТТӨП, СОЙКУКАНА УЮШТУРГАНДАРДЫ КАМАГЫЛА!»
Сойкукана катары иштетип жаткан үйдөн Элядан башка эч кимди таппадык. Баскан, отурган, жаткан жерлеринин баары кир, тазалык дегенден дайын жок. Жагымсыз жыт сиңип
калган бул жайда күнүнө 20дан ашык кардар тейлеген кыздардын дени сак деп эч ким кепилдик бере албайт.
Барганыбызга бир сааттан ашып калганда гана Элянын апасы чакырган милиция кызматкерлери келишти. Аларга эне «Ушул жерде кызымды Айнура деген аял мажбурлап, сойкулукка иштетип жүрүптүр. Жапжаш кыздардын тагдырын бузган мындай жерлер көбөйүп жатат. Баарын өрттөп, уюштурган аялдарды камагыла!» деп арызданып жатты. Мындай иштерден тажап калганбы же мындай жерлерден пайда көрүп жүрүшөбү, билбейм, милиция кызматкерлери»ким мажбурламак эле, өзүнүн каалоосу менен эле иштеп жатат да» деп апага каяша сүйлөшүп, ал ортодо айтыша да кетишти. Аягында алар Эляны апасы менен чогуу Ленин РИИБине арыз жаздырганы алып кетишти.
Бизди коргойт деген милиция кызматкерлеринин кайдыгерлигине, кызматтык мамилелерине таңыркадым.
Окуядан кийин Элянын апасы кызын мажбурлап, сойкулукка иштетип жүргөн аялдардын үстүнөн милицияга арыз жазганын жана жакында эжесине кошуп базарга сатуучу кылып жумушка чыгарарын айткан эле. Гезитибиз басууга кетер алдында да байланышсак «Күнөө кызымда да бар окшойт. Качып кетиптир, таппай жатабыз. Мен ооруп, төшөктөн тура албай жатам» деп жооп берди.
Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери кандай чара көрүп жатканын билүү максатында кайрылганыбызда, Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан «Эч кандай чара көрүлгөн жок. Себеби, Эля «Мен ал жерге өз каалоом менен баргам» деп арыз жазбай койду» деген жооп алдык. Ал эми Эля иштеп жүргөн сойкукана бүгүнкү күндө да өз ишин улантып жатканын билдик.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg