КОМПОТТОР

Кышында ысык мончодон чыккан соң муздак компоттон жутсаң, суусунуң канат. Ал гана эмес организмди керектүү витаминдер менен камсыздай алабыз. Андыктан кышка даярдыгыңызды улантып, мөмө-жемиштерден компотторду даярдап алыңыз.

ШАБДАЛЫ+КАРА ӨРҮК КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банкага):
Шабдалы – 5-6 даана
Кара өрүк – 10 даана
Кумшекер – 1 стакан
Суу – 2,5 литр

Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалы менен кара өрүктү жууп, данектеринен ажыратып, алдын ала бууланган банкага салабыз.
3. Кайнап жаткан сууну банкага куюп, 10 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң банкадагы сууну мискейге куюп, кумшекер салып сироп даярдайбыз.
4. Кайнап турган сиропту банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитип, муздаганча көмөрүп коёбуз.

КУЛПУНАЙ КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банкага):
Кулпунай – 700-800 грамм
Кумшекер – 1 стакан
Суу – 2,5 литр

Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды тазалап, жууп алабыз.
2. Андан соң алдын ала бууланган банкага кулпунайды салабыз.
3. Эми банкага кайнап жаткан сууну 10 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң банкадагы сууну мискейге куюп, кумшекер салып сироп даярдайбыз.
4. Кайнап турган сиропту банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитип, муздаганча көмөрүп коёбуз.

АЛМА+КЫЗЫЛ КАРАГАТ КОМПОТУ Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банкага):
Ак алма – 4 даана
Кызыл карагат – 500 грамм
Кумшекер – 1 стакан
Суу – 2,5 литр

Даярдоо ыкмасы:
1. Алма менен кызыл карагатты жууп-тазалап алабыз. Андан соң алманы калыңдыгы 1 сан­тиметр болгон тилимдерге бөлөбүз да, мөмөлөрдү алдын ала бууланган банкага салып, үстүнө кайнап жаткан сууну куябыз.
3. 10 мүнөттөн соң банкадагы сууну мискейге куюп, кумшекер салып сироп даярдайбыз.
4. Кайнап турган сиропту банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо
(0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bilal2013
2014-08-04 21:40:50
машаАллах дагы салат тууралуу жазгылачы
0
admin_portal
2014-08-05 10:53:07
Bilal2013, Саламатсызбы!
Буга чейин салаттар тууралуу жазылган. Аларды "Пайдалуу кеңештер" рубрикабыздан таба аласыз: http://www.super.kg/article/?theme=20
Мындан ары да кызыктуу салаттын түрлөрү тууралуу жазганга аракет кылабыз.
0
jose
2014-08-07 22:37:52
ячмень полезна!
0
jose
2014-08-07 22:53:16
и еще лекарственные травы!
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан