Афродизиактарга казы-карта, чучук, кымыз, эркек малдын умасынан тышкары өткөн саныбызда сөз кылган күчала сыяктуу дары өсүмдүктөр, жашылча-жемиштер да кирет. Анда сөз учугун улайлы.
ДАРЫ ЧӨПТӨР (ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН)
Жылаңач мыя (солодка голая) жөтөлдү басуучу, какырыкты чыгаруучу каражат катары илгертен колдонулуп келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Бирок анын тамырын көлөкөгө кургатып, майдалап алып бел кубатты көтөрүүчү дары катары колдонууга болорун көпчүлүк биле бербесе керек. Ал үчүн тамырдын 100 грамм майдасына 0,5 килограмм бал кошуп, күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал жылуу сүт же суу менен ичүү сунушталат. Жылаңач мыяны айрымдар кызыл мыя деп да аташат.
Женьшень. Индия жазмаларында женьшенди пайдаланган кары да, жаш да күчкө кирген букадай болуп чыга келет деп айтылат. Анын майдаланган тамырынан 20 грамм алып, ага 200 грамм таза арак кошуп, караңгы жерге 20 күн кармоо кажет. Анан андан күнүгө 3 маал ысык сууга 25-30 тамчы кошуп ичүү шарт.
Алоэ. 500 граммын эт туурагычтан өткөрүп, ага 500 грамм таза бал, 500 грамм кызыл шарап кошуп, 5 күн караңгы жерге сактаңыз. Анан 3 маал тамактан 1 саат мурун бир аш кашыктан иче берсе болот.
ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕР, ТАТЫМАЛДАР...
Курма менен анар канды тазалап, бел сууну көбөйтүп, төшөк оюнун узартат. Инжир, апельсин, лимон, банан, грек жана жер жаңгак (арахис), мисте, кулпунай да бел кубатты күчөтөт. Грек жаңгагынын данегин майдалап, ага ошончо көлөмдө бал кошуу зарыл. Даяр аралашмадан 3 маал тамак ичкенден кийин 1 аш кашыктан ысык сүткө кошуп ичүү талапка ылайык. Мунун дарылык таасири күчтүү болушу үчүн 45 күн ичилсе жакшы.
Жумурткада белок жана A, B1 витаминдери бар. Булар организмге күч берүүчү протеиндердин кампасы. Сүт азыктарынан дайыма сыр, быштак, йогурт, каймак жеп жүрсө, адам дайыма күүдө болору айтылат. Быштак менен сырды көбүнчө салатка кошуу сунушталат. Сельдерейдин өзү же ал көбүрөөк кошулган салат адамды мыкты дүүлүктүрөт. Чоңдугу жумурткадай болгон кадимки эле пиязды кечинде жеп койсо да, эркек күчтөнүп чыга келет.
Шоколад ырахат гормонун (серотонин) иштеп чыгаргандыктан, бул азыкты жегенден кийин жыныстык органдарга кан топтолуп, дүүлүгүү жаралат. Ашкабактан күйөөсүнө манты, оромо же пирог бышырып же болбосо ашкабактын уругун кууруп бергендер рахаттын туу чокусуна чыга алышат. Имбирь – күчтүү дүүлүктүргүч каражат. Виагра чыккыча көптөр ушуну колдонушкан. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча кызыл шарап мырзалардын бел суусун күчөтөт. Андыктан кечки тамакка шампан же сыра эмес, кызыл шарап тандоо кажет.
Спаржанын сырын билген жубайлар аны тамакка сөзсүз колдонушат. Анда витаминдерден: А, Е, С, К, В жана минералдар (жез, селен, марганец, фолий кычкылы, калий, фосфор, кальций, йод, цинк, темир жана башкалар) бар. Демек, аны кууруп, сууга бышырып же чийки жеп, күчүңүзгө күч кошуңуз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg