АРБАЛЕТ ЖАНА ЖАА ЖАСАП КИРЕШЕ ТАПКАН УСТАЛАР

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы отургучтардын биринде отурсам, өзүн Нурбек деп тааныштырган байке жаныма келип, телефонунан бир видеону көрсөтүп калды. Карасам, арбалетти жасоо боюнча видео сабак экен. Маектешим буга чейин да бир нече арбалет жасаганын айтып өттү. Кызыгып, эртеси анын колунан жасалган куралды алдыртып, бул өнөргө кандайча аралашып калганы тууралуу сурадым.
Буга улай дагы бир жаа жасап жүргөн өнөр ээсине кезигип, алардын эмгектерин сиздерге чагылдырып берүүнү эп көрдүм.

«Бир арбалеттин салмагы материалына жана көлөмүнө жараша 3-4 килограммдын тегерегин түзөт».

«БЕКЕРЧИЛИКТЕН БАШТАЛГАН ӨНӨР»
Кол өнөрчүлөрүбүздүн бири, учурда күзөт кызматында иштеп жаткан НУРБЕК МОЛДАЛИЕВ:
– Бала кезимден эле аскердик курал-жарактарга кызыкчумун жана байыркы куралдарды жасоо кыялым болчу. Мындан
7 жыл мурун жумушсуз үйдө отуруп калганымда алгачкы арбалетимди жасадым. Ар кайсы жерден материалын чогултуп жүрүп, аны 1 ай дегенде араң курап бүткөм. Арбалеттердин жаасын советтик Москвич, УАЗ унааларынын рессорасынан, кундагын сөңгөгү катуу өрүк, жаңгак жана эмен дарагынан жасайм. Тептиргесине велосипеддин тормозунун зым арканын (трос) колдоном. Жебесин электрод, жыгач же заводдон чыккан кайырмактын сабынын уч жагындагы ичке бөлүгүнөн жасоого болот.

«КОЛУМДАГЫ АРБАЛЕТ СОГУШТУК КУРАЛ»
– Бул эң жөнөкөй, 7 жыл мурда жасаган алгачкы арбалетим. Согуштук максатта колдонулган курал болуп саналат. Анткени 100 метр алыстыктагы бутага жебе жазбай тийсе, көзгө атар мерген жандыкты 300 метр аралыктан мээлеп, олжого тунса болот. Арбалеттин күчүн мындан бил, буга электроддон жасалган жебени колдонсоң, 5-6 метр жерде турган 5 сантиметрлик калыңдыктагы тактайды тешип өтүп, учу
3 сантиметр чыгып калат. Жебени эч нерсени мээлебей эле коё берсең, 400 метр аралыкты багынтат. Арбалеттин мынчалык кубаттуу соккусу анын жаасынын темирден жасалгандыгында. Куралды октоо 300 килограммдык салмактагы жүктү көтөрүү менен барабар. Тептиргени тартып октоодо жүктү азайтуу үчүн жаасынын эки учуна чыгырыктар орнотулат. Чыгырыктар 250 килограмм жүктү жеңилдетип берет.

«АЛГАЧКЫ АРБАЛЕТИМ МЕНЕН КИЙИК АТКАМ»
– Арбалеттин артыкчылыгы атканда мылтыктай болуп үн чыкпайт. Мындай артыкчылыгынан пайдаланып, байкатпай барып 100-200 метр аралыктан кийик атып алууга болот. Бир ирет кийикке чыгып, муну менен эки кийик атып алгам. Мындан сырткары суурларды да атып жүрдүм. Кийиктер жыт алып качып кетпеш үчүн ууга чыккандар чөптөрдү кайнатып, ага жуунуп алуулары зарыл.
Мындан бир аз жакшыртылып жасалган эки арбалеттин бирин полякка, экинчисин французга сувенир катары 1750 доллардан саттым. Сатыла турган арбалетти аскердик максатта эмес, сувенир катары колдонгонго ылайыктап беребиз. Анткени кокустан бирөөнү майып кылып койсо, мыйзамдын алдында жооп бергидей менде дарман жок. Кийинки жасай турган арбалетим иштөө механизми татаал жана үстүнө оптикалык дүрбү орнотулуп, заманбап үлгүдө болот. Мурда интернет дегенди билчү эмес элем. Азыр билбегенимди ошол жактан чукулап таап алуудамын. Мындан сырткары мүйүздөн жааларды жана бычактарды жасап, туугандарга белек кылып келе жатам.

«ЧЕМПИОНДОРГО КУР ЖАСАЙБЫЗ»
Ал эми экинчи каарманыбыз көл өнөрчүлүк боюнча билим алып, жаа жана спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылуучу курларды жасап жүргөн КУБАНЫЧ АМАНБЕКОВ болду.
– Алгач иштей турган жайыбыз жана шаймандарыбыз жетишсиз болгондуктан, ишти баштоо оор болду. Ошентип досум экөөбүз издеп жүрүп кабат үйдүн жер төлөсүн ижарага алып, ал жакка бирин-экин шаймандарыбызды ташып бардык. Биринчи жеңилирээк деп жаа жасап саттык. Жаага болгону текенин мүйүзү, зым аркан жана тери керектелет. Ошентип ишибиз жүрүшүп кетти. Биздин буюмдарга зарыл материалдарды базардан арзан баада эле тапса болот. Бирок буюмдарыбыз жумшаган эмгегибизге жана убакытка карап бааланат. Мисалы, текенин мүйүзү түптүз өспөйт. Андан жаа жасоо үчүн аны улам ысытып, тартып түздөөгө эле жарым күн кетет. Бир жааны октору, сырткы кабы менен жасоого 2 жумушчу 2 күндүк убактысын сарптайт.
Ал эми курду жасоого өзүбүз аябай кызыгып жүргөн элек. Алгач Эрежесиз эр уруш федерациясынын чемпиондук курларын жасоодон баштадык. Кур жасоо жаага караганда өтө түйшүктүү иш экен. Алгачкы жасаган курларыбызды 2012-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн эрежесиз эр уруш боюнча Евразия чемпиондору тагынышты. Ошондон тарта бул ишти колго алдык. Курду жасоо үчүн латундун куюлган даяр тунукесин алып, анын бетине жазууларды, оюуларды оюп түшүрөбүз.

«ЖАА САТЫП ООКАТ КЫЛУУДАБЫЗ»
– Устачылык өнөрдүн арты менен тиричилик кылып келебиз. Ишибизди баштаган эки жыл аралыгында жалпысынан 97 жаа жана 28 чемпиондук кур жасадык. Узундугу 1,2 метр жааны 8 миң сомдон, 1,6 метрликти 12 миң сомдон Бишкектеги соода борборлорунун бирине өткөрөбүз. Жаанын эң чоңу, 1,85 метрлиги 18 миң сомго бааланат. Бул жаалар сувенир катары гана колдонулат, аң уулоого жарабайт. Ал эми мелдештерде чемпиондорго тагылуучу жөнөкөй курлардын баасы 15-17 миң сом болсо, алтын жалатылгандары 1500 доллар турат.

Кубанычтын колунан алтын жалатылып жасалган чемпиондук кур жана жаа.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Lexus-2014
2014-08-04 18:36:34
jakwy jymyw eken maga jogorydagy kiwinin emgekteri jakty kywynda koen atyyga jarauy tyrgan neme eken azamatsynar, menda algym keldi ywyl myltyktan .
0
Mir82
2014-08-05 11:53:09
Арбалет жасаганды катип уйронсо болот экен?
0
Aygul
2014-08-05 12:06:50
Бизде деле таланттуу адамдар коп чыгат, бирок эч кандай колдоо, демоорчулук жок.

0
Adybai
2014-08-05 18:50:12
Арбалетке тросс болвойт да. Ал узулчу болсо шейшебинди бекитпейби. Анын озунун жиби болот да. Бирок бизде сатабы? Мен таппай атам. Мага Лавсан или кевларовая нить керек болуп атат.
0
Wave.
2014-08-06 18:10:29
Adybai,

Колун жеткен нерседен эле жасай берсе болбойбу асмандан издебей? Же сен да "Бизнес кылыш керек эле" деген суроттогу доско окшоп атасынбы?
0
kamchy_0119
2014-08-08 02:06:43
Онорунор оркундой берсин!
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан