Кыяс Молдокасымов, «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору: «АЯЛЫНА СӨЗҮ ӨТПӨГӨН ЭРКЕК ЭЛ БАШКАРА АЛБАЙТ»

Бейне

7-ноябрь – Кыргызстанда басма сөз күнү. Ал эми кыргыз тилдүү гезиттердин башаты болгон «Кыргыз Туусу» гезити бул күнү 85 жылдык мааракесин белгилемекчи. Мындай маанилүү датаны эске алып, гезиттин баш редактору Кыяс Молдокасымовду кепке тарттык.

– Кыяс агай, алдынан басма сөз күнү менен куттуктайын. Жыргалынан кууралы, аброюнан түйшүгү көп журналисттик кесипти кандайча аркалап калдыңыз эле? Баяныңызды ушундан баштасаңыз.
– Совет доорунун өкүлү болсом да, көкүрөгүмдөгү улутчулдук (сөздүн жакшы маанисинде) сезим журналистикага жетелеген. Улуттук университеттин тарых бөлүмүн бүтүргөн соң мени ошол эле окуу жайга мугалим кылып алып калышкан. Ага удаа аспирантурада окуп калдым. Бул учурда көптөгөн архивдерди казып, илимге сүңгүп кирүүгө үлгүрдүм. Кыргыз тарыхына тиешелүү, биздин мектептерде окутулбаган жаңы маалыматтарды, документтерди таптым. Анан “эмне үчүн Кыргызстандын тарыхы карт тарыхка ээ калк катары эмес, совет доорунан тарта окутулат? Мектеп программасына эмне үчүн Кыргызстандын тарыхы өзүнчө сабак болуп киргизилбейт?” деген өңдүү суроолорду коюп, макала жаза баштагам. 1993-жылы жаңыдан ачылган “Заман Кыргызстан” гезитинен “тарых бетине редакторлук кылып бериңиз” деп сунуштап калышты. Ошентип, журналистикага аралашып кеттим. 1998-жылы “Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы бөлүмүн жетектеп бериңиз” деген сунуш түштү. Эки тараптуу, объективдүү маалыматтарды берүү оор болгон заманда “Азаттыкты” 8 жыл жетектедим.
– 2005-жылы март окуясынан кийин КТРге жетекчилик кылууну сунушташса, алгач баш тарткан деп угуп калабыз...
– Баш тартканым чын. 24-мартта төңкөрүш болуп, эртеси түнкү саат 11лер чамасында Курманбек Салиевич чалып, “Азаттыкты” канча жылдан бери жетектеп келе жатасың. Келип эми мамлекеттик Биринчи телеканалды да ошондой деңгээлге жеткир” деп калды. Түнү бою ойлонуп, бул кызматка азырынча даяр эместигимди сездим. Ошентип, баш тартып койгом. Кийин Курманбек Салиевич менен кошо АКШга барып калдык. Кайра келе жатканда ал киши баягы сунушту дагы айтты. Экөөбүз көпкө маектешкен соң мен макулдугумду бердим. Ошентип, КТРди жетектеп калдым.
– Мына канча жылдан бери ушул чөйрөдө жүрөсүз. Айтыңызчы, журналисттердин заказ менен бирөөнү каралоо же ашыра мактоо иштерине кандай көз караштасыз? Өзүңүз мындай иштерди жасап көрдүңүз беле?
– Теледе да, гезитте да коммерциялык негизде кайсы бир ишкердин ийгилигин, ишкананын жакшы жактарын айтып, көрсөткөн учурлар болот. Бул эми материалдык базаны чыңдоо максатында. Ал эми кичине акчанын чети көрүнгөн жерде Арзымат болуп бирөөнү ашкере мактап, кайсы бир адамдарга ор казууга менин колум да, дитим да барган эмес. Өз жүзүн, үнүн жоготкусу келбеген журналист күн тийген жердин күкүгүнө айланбашы керек. Улам-улам өз позициясын өзгөртө бергени болбойт.
– Бир ирет Бекен Назаралиев “Кыяс Молдокасымовду премьер-министр Апас Жумагуловдун каарынан сактап калгам” деген эле. Сиз жазган бир макалага байланыштуу чыр чыккан экен. Дегеним, ал макала заказ менен даярдалганбы?
– Ал макала менин атуулдук вазийпамдан улам келип чыккан эле. Эч кандай заказ эмес. Репрессиянын курмандыктары Чоң-Таш айылына көмүлгөнү билинип, Ата-Бейит тургузулган кез эле. “Бишкектин айланасында дагы ушундай бейиттер болушу мүмкүн” деген жоромолдор айтылып жүргөн. Апас Жумагулов өкмөт башында болчу. Ошол маалда ал киши Беш-Күңгөй тарапка үй салдыра баштаган экен. Кайсы бир тааныштар аркылуу пайдубал тургузуу үчүн тегизделе баштаган жерден адам сөөктөрү чыкканын угуп калдым. Сураштырып отуруп курулушчуларга байланышка чыгып, чын эле адам сөөктөрү табылганын, айрым сөөктөрдө ок көзөп кеткен өңдүү издер бар экенин уктум. Бирок бул табылга тууралуу тарыхчыларга, тиешелүү окумуштууларга кабарлашпай эле машинага жүктөп, кайсы бир жакка көмдүрүшкөн экен. Өлкөдөгү экинчи адам боло туруп, эмне үчүн мынчалык ою кыскалык кылды деп, күйүп жазгандагы макалам болчу. “Премьер-министрдин үйүн айланган арбактар” деген аталышта.
– Кыяс агай, мына азыр сиз кыргызга аты таанымал журналист, мамлекеттик кызматкер, жетекчисиз. Карьера боюнча айтсак, бир топ ийгиликке жетишкенсиз. А жеке турмушуңузду жөндөп кете алдыңызбы?
– “Жакшы тилек – жарым ырыс” деген кепти аталар бекеринен айтышпаган. Дегеним, чын дилден ниет, тилек кылсаң, алар ишке ашпай койбойт. Кудайга шүгүр, ата-энем келининин колунан ысык чай ичип дегендей, сыйымды көрүштү. Атамдын көзү өтүп кетти. Апам болсо неберелери менен алаксып төрүмдө отурат. 4 уулум бар эле, эки ай мурун кыздуу болдум. Таптатына, ширин кызым бар.
– Бешик боосу бек болсун! Кырктын кырынан ооп калганда наристе жытын жыттаган өзгөчө ырахат болсо керек?..
– Албетте.
– А сиздин балалыгыңыз кайда өттү эле?
– Мен Өзгөндүн Көлдүк айылынан болом. Ыраматылык Салижан Жигитовдун айылдашымын. Атам географ, апам тарыхчы болчу. Алар ар кайсы мектептерге которулуп иштеп, мен болсо чоң энемди карайм, багам деп, өзүбүздүн айылда кала бергем. Андыктан жаштайымдан бир үйдүн түйшүгү кандай экенин көрүп чоңойгом.
– Тарыхчылык кесипти танда­шы­­ңызга апаңыз таасир эткен экен да?..
– Апам сырттан окуп, бүтүргөн. Ошол кезде мен боюнда экенмин. “Мен окуп жүргөн кезде курсакта элең. Сессия тапшырганы барганда эмчекте болчусуң. Ошентип, сен төрөлө электе мени менен кошо тарыхты окуй баштагансың”,- деп апам азыркыга чейин тамашалайт.
– “Адам чоңойгон сайын кыялдар кичиреет” дешет. Келиңиз, бүгүн кыял­данып көрөбүз. Эгер мүмкүнчүлүк, шарт болсо, кайсы өл­көдө жашар эле­ңиз?
– Ушул нерсени мен көп жолу ойло­нуп көргөм. Анын үстү­нө, Түркияда, Прагада жашап, көптөгөн өл­кө­лөргө барып-келип жүрүп, таасирленген учурларым болгон. Айрыкча КТРден жумуштан кеткен соң Түркияга кетип калсам, балдардын тарбиясына, билим алуусуна жакшы деген ойлорго азгырылып жүрдүм. Ал кезде мүмкүнчүлүк деле бар болчу. Бирок баягы эле көкүрөгүмдү тынчытпаган ойлор мени жетектеп, мекенди таштап кетирбей коюшту. Ар кимибиз эле керт баштын камын ойлоп, мекенибизден безе кача берсек кантип оңолмок элек? Кыйналсам да, жыргасам да өз мекенимде эле болоюн деп өзүмдү токтоттум.
– Өмүрүңүздү жалаң журналистикага багыштап келе жатасыз. Үйгө, балдардын, жеңебиздин ар кандай маселелерин чечүүгө убактыңыз барбы?
– Адатта кызматтагы эркектер үйүндө коноктой эле болуп калышат. Мен андай эмесмин. Атүгүл атанын да, эненин да ролун аткарган учурларым болгон. Келинчегим автокырсыктан каза таап, эки уулум менен жалгыз калгам. Бир жылдан ашуун жубайымды жоктодум. Аялдын бизге билинбеген, байкалбаган канчалаган түйшүгү бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Карындаштарым, урук-тууган жардам бергени менен, балдарга аялзатынын жылуулугу, мээрими керек экенин сездим. Ошентип жүрүп балдарга өз энесиндей мээрим төгө ала турган, эки уулумдун, менин жоопкерчилигимден качпай көтөрө турган аялзатын таптым. Азыркы келинчегимдин аты – Гүлнара. Жараткан ушул инсанды мага жолуктуруп койгонуна ыраазымын.
– Үйдө кандай кожоюнмун деп ойлойсуз?
– Айрым тааныштарым бар. “Үйгө барганда жумуштагы масканы сыйрып салам”,- деп калышат. Менде мындай сапат жок. Жумушта, көчөдө кандай адам болсом, үйдө деле ошолмун. Үйдүн кожоюнуна тиешелүү милдеттерди көз жаздымга калтырбай, баарын өз орду менен бүтүрүп турууга аракет кылам.
– Үйдө аял кишинин кожоюндук кылуусуна көз карашыңыз кандай?
– Үйдү аял башкарса, үй-бүлөдө эркектин баркы жок болсо, ал үйдүн куту учат. Балдарың, жубайың тараптан сый-урматка ээ болбосоң, үй-бүлөдө ээлеген ордуң жок калат. Чынында, сөзү өтүмдүү болбогон, катын-баласын башкара албаган эркек жашоодо лидер боло албайт. Эл башкара албайт. Кыскасын айтканда, үйдүн кутун кетирген да аял, ырыскысын ашырган да аял.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизде ийгилик, үй-бүлөңүздө тынчтык болсун.

Шаиста Шатманова koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
super
2009-11-10 18:09:02
Жакшы киши...
0
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан