АЗ КАНДУУЛУКТАН ИТ МУРУН МЕНЕН КОЗУ КАРЫН КУТУЛТАТ

Учурда жашылча-жемиштердин бышып жаткан кези. Демек, организмди керектүү витаминдер менен толуктап, иммунитетти көтөрүп алууга мүмкүнчүлүк бар. Жашылча-жемиштер анемия оорусунан кутулууга да даба. Келгиле, көпчүлүктү азапка салган аз кандуулук оорусу тууралуу толугураак маалымат алалы.

ГЕМОГЛОБИН КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?
(Гемоглобиндин граммы 1 литр канга карата)
Эркектерде – 130-160 г/л
Аялдарда – 120-150 г/л

СТАТИСТИКА
Кыргызстанда анемия менен ооругандардын саны –
91 миң 521 адам (2012-жыл).

Анемия деген кандай оору? Эмнеден пайда болот? Бул тууралуу Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы БОЛОТ ТУРУСБЕКОВ баяндайт:

– Анемия же аз кандуулук – учурда эң көп таралган оору. Аны көпчүлүк этибарга алышпайт. «Жүзү кубарып, бат чарчаса эмне болуптур? Жакшылап эс алып, уктаса, анан алма менен гречканы көбүрөөк жесе эле болду» деп ойлошот. Чынында, мындай эмес. Эмесе, сөз башынан болсун.
«Анемия» – байыркы гректердин сөзү, бизче «аз кандуулук» дегенди билдирет. Кандын курамында эритроцит (кызыл кан денечелери) бар. Эритроцит өзүндөгү гемоглобин белогу болуп кычкылтекти адамдын бүт организмине ташыйт. Кандайдыр бир себептер менен канда гемоглобин азайса, анемия келип чыгат.

«БАШКЫ БЕЛГИСИ – ТЕРИ КУБАРАТ»
– Гемоглобин азайганда организмге кычкылтек жетишпей баштайт. Андыктан бул ооруда адамдын териси (анын ичинде жүзү) кубарат, кургайт, түлөйт. Башы ооруп, аба жетишпей демигет, алсырайт, бат чарчайт, башы айланат. Буту-колу чымырайт жана муздайт. Тырмактары бат сынма болуп, чачы түшөт. Ойлоо, бир нерсени эске тутуу кыйындайт. Кээде эстен тануу да күтүлүшү мүмкүн. Адам кээ бир нерселерди, мисалы, топуракты, борду жегиси келет. Ал тургай мурун өзүнө жакпаган жыттарды (ацетон, бензин, лактын жыттарын) самай баштайт.

«ЭҢ КӨП КЕЗДЕШКЕНИ – ТЕМИР ЖЕТИШСИЗДИГИ АНЕМИЯСЫ»
– Анемия негизинен 4 түргө бөлүнөт: Темирдин, B12 витамининин, фолий кычкылынын жетишсиздигинен келип чыккан анемиялар жана тубаса түрү. Булардын ичинен эң көп тараганы – темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия.
Адамдын организминде 3-4 грамм темир болот. Булардын 70 пайызга жакыны гемоглобинде, калгандары көк боор, боор жана сөөк чучугунда кармалат.
1 суткада адам темирдин 1-2 граммын жоготуп турат (тер, заара менен чыгат, чачтын жана тырмактын өсүшүнө кетет). Туура тамактанганда биз тамак-аш аркылуу 1 суткада 1-2 грамм темир алып, жоголгон темирдин ордун толуктай алабыз. Бирок бул баланс дайыма сакталбайт, анын үстүнө кырсык же оорулардын айынан да темирди көбүрөөк жоготушубуз мүмкүн.
Тагыраак айтканда, темир жетишсиздиги анемиясын төмөнкүлөр шарттайт:

• Туура эмес тамактануу
Фастфуддарды жеп, газдалган таттуу суусундуктарды ичүү адаты. Ошондой эле жашоо-тиричилиги начар болуп, нан, чай менен гана тамактануу. Курамында темири эң көп азыктардын бири бул – эт. Бирок муну көп жеген адамдар деле анемияга чалдыгат. Изилдей келсең, тамактын артынан дароо чай ичет. Чай – жакшы суусундук. Бирок тамактын артынан чайды көп ичкенде анын курамындагы кофеин ашказан менен ичегинин бетин плёнка сымал каптап, керектүү заттарды, анын ичинде темирди организмге жакшы сиңирбей коёт. Андыктан чайды тамактангандан кийин 30-60 мүнөт өткөн соң ичүү зарыл.

• Кан жоготуу
Муну төмөнкүлөр шарттайт: Ашказандагы жана ичегилердеги жаранын канашы, органдардын биринде рактын болушу, геморройдо жана миомада кан кетүү, көп ирет төрөө жана аборт, этек кирдин көп келиши, сөөк чучугунун оорусу (жаңы кан сөөк чучугунда жаралат, андыктан сөөк чучугу ооруга кабылса анемия келип чыгат), операция жасатуу жана башкалар.

• Темирди керектөөнүн өсүшү
Буга боюнда болуу, бала эмизүү, бойдун өсүшү кирет.

«ЭМНЕ ЖЕТИШПЕСЕ, ОШОНУ ТОЛУКТАП ООРУДАН КУТУЛУУГА БОЛОТ»
– Врач анемиянын кайсы түрү экенине карап дары-дармек жазып берет. Мисалы, темир жетишсиздигинде тардиферон, тотема, феррум Лек сыяктууларды жазып, күчтүү тамактанууну сунуштайт. Алып айтсак, бозо, кымыз ичип, этти (өзгөчө уйдун тилин) көп жеш керек. Ал эми фолий кычкылынын жетишсиздигинде негизинен фолий кычкылын, B12 витамининин жетишсиздигинде ошол витаминди жазып берет. Кан көп жоготууда кан куюулары мүмкүн.

«ДАРЫЛАНБОО ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРЕТ»
– Анемиянын белгилери билинер замат гематологго (же терапевтке) көрүнүп, диагнозду тактатуу кажет. Учурунда дарыланбаса иммунитет төмөндөйт, буту-колдун булчуңдары ооруп, акырындап кичирейе баштайт. Жыт жана даам билүү менен кошо эске тутуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Кычкылтектин жетишсиздигинен, зат алмашуунун бузулушунан жана башкалардан улам ички органдарда өзгөрүүлөр жүрөт, ошондой эле түрдүү оорулар жарала баштайт. Акырындап кайда жүргөнүн билбей башы айлануу (ориентацияны жоготуу) жаралат. Аз кандуулук суукка бат-бат урунуу жана гастрит оорусу менен да коштолорун айта кетели. Эң акырында адам өлүмгө учурайт.
Анемияга учураган балдардын сабакты өздөштүрүүсү начарлайт, башкалардан артта калат. Аз кандуулук өзгөчө кош бойлуулукта коркунучтуу. Анткени ичтеги баланын өспөй же өлүп калышы, бойдон түшүү, ара төрөлүүсү толук мүмкүн. Төрөттө кан токтобой аялдын өмүрү коркунучка кабылат. Андыктан балалуу болууну пландагандарга алгач текшерилип, каны аз болсо толуктап, анан балалуу болууну пландоо сунушталат. Дени сак энеден дени сак бала төрөлөрүн ар бир эне унутпашы зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аз кандуулук өлүмгө алып келүүсү мүмкүн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
insap
2014-08-04 21:54:49
Аз кандуулук көп сандуу адамдарда(болуп дагы айалзаттарда) кездешүүчү оорулардын бири болуп, бүтүн коомчулук көңүл бөлөт.
0
Angel92
2014-08-05 15:59:50
В12 витамини аявай жакшы жана кучтуу таасир берет экен.
0
gulu8177
2014-08-08 16:35:57
Angel92, меники да 110 65 низкий давления
-1
jose
2014-08-07 19:15:55
без полезна!
0
Kara_koz
2014-08-09 18:21:37
Гулу 8177 110/65 аябай жакшы давления сизге ким айты низкий деп .
+1
bars_wire
2014-08-11 08:55:42
В12 витаминин кош бойлуу кезде кайсы айдан баштап ичсе болот экен.билгендер жообун жазып койгулачы.рахмат.
0
tululuk2418
2014-10-13 13:58:57
шиповниктин кыргызчасы ит мурунда ээ турабы?
0
abdykadyr
2014-11-17 12:17:50
Гемоглабин төмөн болсо биожелеза ичкиле.
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан