Бегимай Эсенгулова турмушка чыккандан кийин казак күйөө баланын фамилиясына өтүп, Асылбекова болуп алган. Учурунда «Сүйө берем», «Арман», «Апакем» деген ырлары менен белгилүү болгон Бегимай азыр күйүмдүү жар. Казакстанда келиндик доору кандай өтүп жатканын төмөндөгү маектен баамдаңыз.
– Бегимай, Алматыдагы жашооң кандай? Эмне менен алек болуп жатасың?
– Менде баары жакшы, Алматыга акырындап көнүп калдым. Чынын айтканда, мага бул жакта убакыт тез өтүп жаткандай сезилет. Адамдары дайыма эле бир жакка шашкансып жүрүшөт, ошол ыргакка мен да көндүм. Учурда Бишкектеги Туризм академиясынын сырттан окуу бөлүмүнүн акыркы курсун бүтүрүп жатам. Ал эми Алматыда жолдошум Русландын болгон жумуштарына жардам берем, анын оң колумун. Руслан кесиби боюнча юрист. Учурда «Сүйүү булагы» деп аталган фонддун директору, фонддун алкагында ар кандай кайрымдуулук иш-чараларды өткөрөбүз.
– Үй-бүлөлүү адамдын түйшүгүнө көнүп калдыңбы?
– Жолдошум «үй-бүлө – жашоодогу эң таттуу нерсе» дейт. Чынында ошондой экен. Эки адам бири-бирине жөлөк болуп, кам көрүп, чогуу кыялданып, сырлары менен бөлүшүп, жаман-жакшы күндө бир жолду баскан бул – эң сонун.
Биздин үйлөнгөнүбүзгө эки жыл тогуз ай болду, мен үчүн эки ай тогуз күн өткөндөй эле. Русланды мага жолуктурган Кудайыма ыраазымын.
– Мурунку Бегимай менен азыркы Бегимайдын айырмасы барбы?
– Мм... Мурунку Бегимай аябай таарынчаак болчу, азыркы Бегимай көп нерсени түшүнүп, айрым сөздөрдү жүрөгүнө жакын кабыл албай калды.
– Жаңы барган келиндин кайын журтка көнүшү оңой эмес. Сени казак туугандар кандай кабыл алышты?
– Кайын журтум жакшы тосуп алышкан, азыр да жакшы мамиле кылышат. Бардыгы кыргыз келин деп болушуп турушат. Алардын салт-санаасын түшүнбөй, одоно ката кетирип же жагымсыз иш деле кылган жокмун.
– Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
– Үйдө орус тили басымдуулук кылат. Кээде казакча сүйлөшүп калышат. Көчөдө, дүкөндө казак тилин уга берип өзүм деле үйрөнүп калдым окшойт.
– Кайын атаң, кайын энең жөнүндө айтып берсең, алар эмне менен алек болушат?
– Апам менен атам абдан жөнөкөй, эмгекчил, шайыр адамдар. Азыр Кокшетау шаарынын жанындагы Аккөл айылында жашашат. Жакында пенсияга чыгышат. Төрт уулдун ата-энеси жана төрт неберенин чоң ата, чоң энеси. Келиндерине келиндей эмес, кызындай мамиле кылышат, мени дайыма «доча» деп чакырышат.
– Сахнаны биротоло таштадыңбы? Бегимай Эсенгулова деген ысымдын элге таанылышына көп эмгек жумшалгандыр...
– Чынында, атымдын элге таанылышына Динара эжем (ред. Д.Эсенгулова) менден эмгегин да, убактысын да аяган жок. Ага ушунчалык ыраазымын, биз мурун канчалык жакын болсок, азыр андан да жакынбыз. Ал ар дайым «бул жашоодо өз ордуңду таап, сени сүйгөн, сени сыйлаган түгөйүңө жолугуп, бактылуу болушуңду каалайм» деп айтып калчу. Эжемдин ошол каалоосу аткарылды. Мага жумшаган эмгеги да текке кетти деп ойлобойм. Канчалык деңгээлде билбейм, убагында шоу-бизнесте ордум түптөлдү, күйөрмандарымды таптым. Ырларымды угушту, мен катышкан концерттерге келишти. Азыркы күндө да көчөдөн мени таанып, сүрөткө түшкөндөр бар. Жашоодо бардык нерсенин өз убагы бар. Менин ордум азыр жолдошумдун жанында, анын ишенген адамы болуу. Ырдашыма жолдошум эч убакта каршы болгон эмес, «эмне менен алек болбо, дайыма колдойм» дейт. Бирок азыр ырдачу убакыт эмес деп ойлойм.
– Дагы деле шоу-бизнеске кызыгасыңбы?
– Казактардыкына көп деле кызыкпайм. Биздин шоу-бизнестеги жаңылыктарды, жаңы ыр, клиптерди социалдык түйүндөрдөн, SUPER.KG порталынан угуп, көрүп турам.
– Кыргызстанга канча убакытта бир келип турасың? Кыргыздар менен казактардын жашоосун салыштырасыңбы?
– Бишкекке эки айда бир жолу келип турам. Бишкек Алматыдан алыс болбогонуна сүйүнөм. Социалдык жашоону салыштырсам, кыргыздардын эли бай, казактардын мамлекети бай. Казактар бардык нерсени, жадакалса уюлдук телефонду да кредитке алышат. Эли биздикиндей эле тырышчаак, бир орунда турушпайт.
– Наристе күтүп жаткан учуруң экен?..
– Жаңы үйлөнгөндө балалуу болбой бир аз коё туралы деп чечкенбиз. Тагыраагы, бири-бирибизге да убакыт арнайлы, чогуу иштеп, пландарыбызды орундаталы дегенбиз. Мындай чечим деле туура деп ойлойм. Экөөбүз тең балдарды аябай жакшы көрөбүз. Азыр тун наристебизди күтүп жаткан чагыбыз, буюрса, кышында үй-бүлөбүз бир адамга көбөйөт.
– Жолдошуң сени сүрөттөн көрүп сүйүп калыптыр деп уккам, ошондойбу?
– Руслан менен 2011-жылы 11-июлда таанышкам. Тааныштарыбыз аркылуу менин сүрөттөрүмдү көрүп, дароо эле таанышам деп Бишкекке келген. Биринчи жолугушуубузда эле ал мага үйлөнөрүн сезиптир. Менде да ошондой сезим болгон. Ошентип үч ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мага, эң негизгиси, анын чечкиндүүлүгү жаккан. Анын жанында эч нерседен коркпойм, мага ар дайым кам көрөт, мени көп эркелетет.
Сүйүүнү дайым сугарып туруш керек. Көңүл буруп турбасаң соолуп калат. Сүйүү бул – бир адамды бактылуу кылуу үчүн бүт аракетиңди жумшоо. Азыр биз бири-бирибизди жаңы үйлөнгөндөн да катуу сүйөбүз.
– Туура айтасың, сүйүүнү сугарып туруу керек, сен кантип сугарып жатасың?
– Жолдошум менин сыймыгым, өмүрүм, жүрөгүм. Дайыма эркелетем, жакшы сөзүмдү аябайм, көңүлүн оорутпайм. Жүзүнөн кубаныч гана көрүүгө аракет кылам. «Жаным, алтыным, бакытым» деп эркелетем. Мен анын сүйүктүү жубайы жана эң жакын досумун. Ал мени «суп-сулуум, күнүм, сүйгөнүм, жаным» дейт. Ошентип сүйүүбүздү сугарып турабыз.
– Рахмат, Бегимай. Аман-эсен көз жарып ал.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg