Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү Токмокто ушул жылдын 29-июлунан 1-августуна чейин «Урабас боордоштук-2014» аталышында биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшүүдө.
Аскердик машыгуулар өтүп жаткан маалда интернет айдыңында «Бул мамлекеттер Кыргызстанга карата канчалык деңгээлде боордоштук мамиле кылышат?» деген суроо талкууланууда. Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн Атай Садыбакасов: «Бизде «Урабас боордоштук-2014» аттуу ЖККУнун машыгуусу өтүүдө. Ал боордоштордун бири газын бербей жаап салды, бул кылганы жеткен арамзалык. Дагы бир боордошубуз газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу алардын түздөн-түз милдети болсо да, газдын кайрадан берилиши үчүн эч нерсе жасабай бейкапар жүрөт. Жоопкерчиликсиздик, жаңжал болсун деп атайылап отту тутандыруу. Боордош аталып жаткан дагы бири биздин өлкөбүздүн жарандарын чек арадан аткылап жатат. Бул кадимки эле кол салуу. Төртүнчү боордошубуз бизге ташылып келе жаткан биздин эле бензинибизди чек арадан өткөрбөй, анын айынан өлкөбүздө күйүүчү майдын баасы кымбаттап, бир долларга жеткени калды. Бул анык эле экономикалык блокада, айрым бир тармактарыбызга карата коюлган санкциялар. Анан дагы «урагыс боордоштук» имиш»,- деп кызуу талкууларга жем таштады.
Ал эми УКМКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Кайрат Осмоналиев «ЖККУга мүчө мамлекеттеринин «достугу» бул көбүнесе эмоционалдык боёк берүү үчүн айтылган сөз. Саясатта достук жок, кызыкчылыктар бар. Анын үстүнө Кыргызстан үчүн бул уюмдун курамында болуу керек нерсе. Себеби бул биздин мамлекет үчүн аскердик кепилдик» дейт.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму кошуна мамлекеттердин мамилелерин чыңдоо, аймакта тынчтыкты сактоо, үчүнчү күчтөргө каршы чогуу коргонуу маселелерин күн тартибине коюп келет. Бирок учурда Кыргызстанга кошуналар жасап жаткан иштер бизге карата эки жүздүү мамилени айгинелеп жатат.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg