СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ ЖЕҢЕРИНЕ ИШЕНИМДҮҮ

КТРКны Апрель революциясынан бери жетектеп келе жаткан Кубат Оторбаевдин кызматтан кетүү боюнча арызы өткөн аптанын башкы жаңылыктарынын бири болгон эле. Бул адамды жумуштан кетирүү боюнча төрт жылдын ичинде бир нече жолу аракеттер болуп, атүгүл эмгек жамаатындагы айрым кызматкерлер кол топтогон учурлар болду. Бирок аны начар иштеди деп айтууга да болбойт. Оторбаев жетекчилик кылган маалда корпорация 3 телеканалды жана сайтты ишке киргизди. Байкоочу кеңешке жазган арызында ал кызмат мөөнөтү аяктап баратканын, кеңештин мүчөлөрү кийинки жетекчини тоскоолдуксуз шайлап алуусу үчүн кызматтан кетүүнү туура көргөнүн айтты. Албетте, буга ишенгендер аз.
Акыркы ирет өлкө башчысынын интервьюсу адат болуп калгандай КТРКда Кубат Оторбаев менен эмес, ЭлТРде Султан Жумагулов менен болгон эле. Ошондо эле айрымдар «Оторбаев ишенимден кеттиби? КТРКга кийинки жетекчи Жумагулов болобу?» дей башташкан. Күтүлгөндөй эле, Кубат Оторбаевдин арызын Байкоочу кеңеш канааттандырары менен, анын ордуна Султан Жумагулов келди.
Байкоочу кеңештин мүчөсү Фархат Бекмамбетовдун айтымында, Кубат Оторбаевдин орун басарларынын ичинен Кубат Болотканов башкы директордун милдетин аткаруучу болууга аракет кылып, Султан Жумагулов Президенттик аппарат тарабынан сунушталган. «Добуш берүүдө Султан Жумагулов 8, Кубат Болотканов 6 добуш алды. «Корпорациянын башкы директорунун милдетин аткаруучулукка сырттан башка адам келе албайт, андай милдетти орун басарлары аркалашы керек эле» деген комментарийлерди угуп жатабыз. Бирок корпорациянын мыйзамдарында «сырттан келген адам директордун милдетин аткаруучу болбойт» деп да жазылбаптыр. Байкоочу кеңеш жакынкы күндөрү башкы директорлук кызматка конкурс жарыялайт»,- дейт ал.
Жогорудагыдай комментарийди Өмүрбек Текебаев да айткан эле. Ал: «Мыйзам боюнча, жетекчи кетип калганда башкы директордун милдетин аткарууну Байкоочу кеңеш анын орун басарларынын бирөөсүнө гана жүктөп, жетекчиликке сынак уюштуруш керек. Сырттан келген киши жетекчинин милдетин аткаруучу боло албайт, андайлар башкы директорлукка сынакка талапкер катары катыша алат»,- деп билдирген.
Жамаат менен таанышууга келген Султан Жумагулов «Ачыгын айтканда, иштегенден башка жолум жок. 7 жерде иштегем, бир да жолу артымдан жаман сөз калтырган эмесмин. Кекчил да эмесмин, таяна турганым силерсиңер. Буюрса, жаңы программаларды силер менен чогуу жасайбыз, аны Жумагулов жалгыз жасабайт» деди. Сөздөрүнө караганда, Султан Жумагулов сынактан жеңип чыгарына ишенимдүү. Эгер жеңип чыкса, аны Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоону өткөрүү өңдүү абдан жооптуу иш күтүп турат.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sherik
2014-08-04 14:47:01
Султан Жумагуловдун аракетине тушунбойм. Азаттык радиосу Бакиевдин режимине каршы маалыматтык согушта женди. Бул киши ошондо Бакиевдин секретариатында эксперт эмес беле. Болгон маалыматтарды Азаттык радиосуна, Оппозицияга, азыркы бийликк берип турса керек. Анткени апрель революциясынан кийин азаттык радиосуна директор болуп шайланды.Мында эч деле изилдоо, талдоо жургузуп кереги жок. Принцип деген болуш керек да. Анан кантип, КТРга жетекчи болом деп жатат. маалыматтык коопсуздук деген болуш керек
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан