«КЕҢЕШ» ТОБУ

”Эркелей”, “Асыл энем”, “Сулуу кыз” аттуу ырлары менен көпчүлүктүн купулуна толуп келаткан “Кеңеш” тобу менен тааныштырабыз.

Адилет, 18 жашта. Жалалабат областынын Базаркоргон районунда төрөлүп өскөн. Хоббиси футбол ойноо

Гүлмира,
22 жашта. Токтогул районунда төрөлүп өскөн. Бош убактысында аэробика менен машыгууну жана баласы менен сейилдөөнү жактырат.

Мүзүр,
29 жашта. Бакайата районунун Боотерек айылында төрөлүп өскөн. Музыкадан тышкары волейбол ойногонго кызыгат

– Мүзүр, «Кеңеш» тобу качан жана кандайча түзүлгөн?
– Топ 1998-жылы түзүлгөн. Өзүм бала кезимден чыгармачылыкка кызыгып, ырчы болууну самачумун. Мар­кум жердеш агам Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына ушунчалык таасирленчү элем. Ушундан улам мектепти бүткөн соң, «Кеңеш» тобун түзгөм. Би­рок, музыкалык аппаратуралар толук болбогондуктан, бир топ кыйынчылыктар болуп турду. Анан дагы топтогу балдар турмуш шартка байланыштуу топтон чыгып кетишти. Ошентип, топ таркап кеткен. Айылда ишсиз жүргөн­дөн тажап, шаарга келип, кафелердин биринде иштеп калдым. Ал жерден чыгармачыл адамдар менен таанышып, тараган топту кайрадан түзүүгө киришкем.

– Топко солисттерди өзүң тан­дадың беле?
– Алгач Гүлмира экөөбүз дуэт болуп эле чыгабыз деп ойлогом, бирок, кайра топ түзүүнү чечкенбиз. Гүлмира экөөбүз кафеден таанышканбыз. Ал кезде мен шаардагы кафелердин биринде музыкант болуп иштечү­мүн. Баш кошуп, бирге түтүн булатып келатканыбызга быйыл 4 жыл болду. Ортобузда Медер аттуу уу­лу­буз бар. Ал эми Адилетти топко жакында эле алдык. Адилет чыгармачылыкка шыктуу жигит.

– Адилет, топко кошулганга че­йин эле ырдачу белең?
– Ооба. «Кеңеш» тобуна кошула электе куудул Жакут Сыдыков менен иштешип жүргөм. Өзүм куудулдукка да, ырчылыкка да кызыгам. Ал эми Мүзүр байке менен мурдатан эле таанышмын. Чогуу иштешип жатканыбызга эки айдай болуп калды.

– Жүрөгүңө куудулдук жакынбы, же ырчылыкпы?
– Азырынча ырчылык. Бирок, келечекте экөөнү бирдей алып кетсем деген тилегим бар.

– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Бар. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө жарым жылдай болду.

– Гүлмира, ырчылыкка качантан бери кызыга баштагансың?
– Негизи, мен 7-класска чейин ырдагам. Кийин кандайдыр бир себептер менен ырдаганды таштап койгом. Анан жолдошум менен таанышып, кыз-жигит болуп 7 ай сүйлөшүп жүрдүк. Ошон­до чыгармачылыкка болгон кызыгуум ойгондубу, айтор, Мүзүр менен кошо ырдап чыга баштадым.

– Кичинекей балаң чыгармачылыгыңа тоскоол болбойбу?
– Жок. Анткени, биздин чыгармачы­лыгыбызды ата-энем абдан колдойт. Баламды апам кошо багышат.

– Костюмдарыңарды ким каржылайт?
– Азырынча демөөрчүбүз жок. Ошондуктан, өзүбүздү-өзүбүз каржылайбыз. Костюмдарбызды апам тигип берет.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 210, 10-16-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан