АПРЕЛЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ӨКҮМ ЧЫКТЫ. МЫНДАН БАКИЕВДЕРДИН КЫЛЫ КЫЙШАЯБЫ?

25-июлда судья Дамир Оңолбеков 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча томдоп саналган өкүмдөрдү окуп бүттү. Беш күнгө созулган бул отурумдун жыйынтыгында экс-президент Курманбек Бакиевдин, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүмдөр чыкты. Ж.Бакиев генералдык чининен да айрылды. Бирок бул өкүмдөр качып жүргөн кылмышкерлердин сыртынан гана айтылды. Алар кайсы бир күнү керт башы менен жазасын өтөйбү, жокпу, белгисиз. Ал эми УКМКнын мурдагы башчысынын орун басары, Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев «адам өлтүрүү», «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «кызматтык милдеттеринен аша чабуу» беренелери боюнча акталып, «кызмат ордун таштады» жана «легалдуу эмес жол менен табылган акчаны иштетти» деп 10 жылга кесилди.
Ошондой эле Апрель окуясы боюнча сот экс-президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловду жана Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Каныбек Жороевди «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча 10 жылга соттоп, сот залынан камакка алды. Бул адамдардын да үй-мүлкү конфискациялана турган болду. Мындан тышкары президенттик катчылыктын мурунку башчысы Оксана Малеванаяга дал ушундай өкүм сырттан чыгарылды. Кылмышынын эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мурунку коргоо министри Бактыбек Калыевге карата кылмыш иши токтотулду.
УКМКнын ошол кездеги башчысы Мурат Суталинов болсо «адам өлтүрүү» жана «адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми «Альфа» атайын кызматынын жана «Арстан» мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлери акталды. Албетте, командирдин буйругун эки кылбай аткаруу мындай кызматтагылардын милдети. Сот ушул нерсени эске алды көрүнөт.
Ал эми «Альфа» жана «Арстан» атайын кызматтарынын ошол учурдагы командирлери Алмаз Жолдошалиев жана Эсенбай Байиш уулу Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга соттолушту. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Нурлан Темирбаев Кылмыш жана жаза кодексинин 5 беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылды. Жаныш Бакиевдин ошол кездеги дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилди, азыр ден соолугуна байланыштуу убактылуу үй камагында.
Соттун мындай чечимине жабырлануучулар толук макул эмес. Жакында алар акталган 14 адамдын экөөсүнө карата апелляциялык арыз жазарын маалымдашты. Апрель окуясы боюнча жабырлануучу тараптын өкүлү Осунбек Жамансариев «Биз судьянын чечимине канааттандык десек болот. Бирок 2 адам жок жерден акталып жатат. Алар – «Альфанын» атайын аскер бөлүгүнүн кызматкери Олег Ребенка жана «Арстан» атайын кызматынын 3-отрядынын жетекчиси Расул Байтоков. Биздин маалыматтар боюнча, дал ушул адамдар бакиевчилерден түз буйрук алып элди атышкан. Булар жоопко тартылыш керек» дейт.
Президент Алмазбек Атамбаев бул окуя боюнча соттун адилеттүү жүрүшүн жана күнөөлүүлөр айыбын тартышын көптөн бери күтүп келгендигин айтты. «Кандуу Апрель окуясы кыргызстандыктардын жүрөгүнө кетпес тагын калтырды. Албетте, бул трагедия, ага байланышкан соттук чечим ар кандай сөздөрдү жаратат. Бирок сот өкүлдөрү чоң жумушту жасашты, аны туура же туура эмес деп айтуу өтө кыйын. Ал үчүн ишти толугу менен карап чыгыш керек»,- дейт А.Атамбаев.
Төрт жарым жылдан бери уланып келе жаткан бул соттук иш коомчулуктун көңүл чордонунда. Өкүм чыкты. Эми ал кандуу окуяларга жооптуу кылмышкерлер канчалык деңгээлде жазасын алат? Бул нерсе да элди ойлондурбай койбойт. Башкы айыпталуучулар жанына ала кеткен элдин байлыгын каалашынча чачып, боштондукта жүргөн чактары.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aitysha-91
2014-08-04 14:18:54
Ишти толугу менен карап чыгыш керек деп эми ойлонуп жататго биздин АШАбыз. У шунча убактан бери эмнени карап жатты болду экен ошол убакта олтурган бийликтегилер аздырда креслолордо олтурат буларда куноолу эмнеге буларда сот чара коргон жок. Туура эмес чечим чыгыптыр корунуп эле турат алсыздар Камчатка олтурушат алдуулар качып кетти хитрый акчалуулар ичинен кулуп олтурушат да эх кайран кыргыз
0
kara_kulzha
2014-08-04 20:02:11
АШАны баш кылып соттош керек
+3
Aygul
2014-08-05 12:38:47
Бийлик булардын колунда болгон учурда, мин текшерип, мин караса да Бакиев куноолуу боло берет.
+2
tairbek.
2014-08-05 15:31:38
Aygul, туура айтасын бир убакта азыркы бийликтегилер да отурат отурчу жерге
+2
rk.kazaliev
2014-08-07 18:32:41
сотогон адамдын баарын качырышпадыбы акчанын айынан. максим бакиевге 10 жыл берип койгону окунучтуу жок дегенде 25-30 жыл беришсе болмок
0
iliaz-91-91
2014-08-08 01:19:11
Ишене турган ХХХ ХХХ ХХХ акаевди алып келип кайра призидент кылыш керек
0
admin_portal
2014-08-08 10:00:06
iliaz-91-91 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Shaa-82
2014-08-08 11:47:30
Бакиевдер ак уйдо олтурса анан ок адамдардын артынан атылды дешип атса тушунбоймда кантип Бакиевдер куноолу болот. анан да табыттардын арасында ичи пустой комуп салышты деп да атыштыле казыдырып коруш керек болчу ошону. ал эми Альфанын балдарынын эч кандай куноосу жок бул жерде алар каалайбы каалабайбы буйрукту аткарышы керек эгер анда атпаганда кийин иштен айдалмак.
менин жеке оюм Ак уйго эч качан кол салбаш керек болчу башка жерде кармашчын уйундобу кочодобу бирок Ак уйдо эмес.
+1
sneg88
2014-08-17 15:11:40
каныбек жороевге жаман болуптур
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан