Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу залкар обончулардын жолун татыктуу улантып келе жаткандардын бири – Жаныш Кочкоров. Анын «Өмүр дайра», «Кимибизден», «Сагындырба», «Кыргыз элим», «Эгерде болсо чын сүйүү», «Кыялда бирге жүрөлү», «Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин» сыяктуу көптөгөн обондору кыргыз калкынын жүрөгүнөн түнөк таап, элдик ырга айланганын тана албайбыз.
«КАТТАР «ОПТОМ» КЕЛЧҮ»
– Мен 1954-жылы 1-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Мал-Калды айылында төрөлгөм. Биздин тукумда артист жок, тай жагымда комузда кол ойнотуп, чыгармачылыкка кызыккан адамдар бар. Ата-энем «таякелериңди тартып калган окшойсуң» деп калышчу. Кыпкызыл, тоголок бала элем. Тентектигимдин айынан мектепте окуган, иштегендин баары мени жаман көрүшчү. Классташ кыздарым азыркыга чейин тентектигимди айтышат. Эс тарта баштаганда «жаш булбулдан кызыл гүлгө салам кат» деп далай кызга кат жазгам. Айрым классташ кыздарымды кат жазып ыйлаткан күндөр да болду. Мектепти аяктаган соң 1971-жылдан баштап Токмок шаарындагы Маданият техникумунда билим алдым. Аны бүткөн соң Хабаровск шаарында аскердик кызматымды өтөп келдим да, Кара-Көл шаарындагы Маданият үйүндө иштеп калдым.
Чыгармачылыгым студенттик курагымда ойгонду. Эң алгачкы обонум – «Сагындырба». Андан кийин «Караймын дайым жолуңду», «Эгерде болсо чын сүйүү», «Жеңеме» деген обондорду чыгардым. Булардын ичинен элге эрте тараганы «Жеңеме» болду окшойт. Бул ыр башында сүйүү жөнүндө болчу. Анан бир жерде ырдасам айылдаш жеңелерим «Эмнеге туулган жериң жөнүндө ырдабайсың?» дешкенинен ошол жерден жеңелерге арнап ырдап, өзгөрүп кеткен. Бул ырдын элге тарашы да кызык. Мисалы, «Жеңемени» сахнага ырдасам болбойт эле да.
«Оролуп колуң мойнума,
Жатасың менин койнумда.
Ойгонуп кетсем түш экен,
Ошол түш мени сойду да»,- деп кантип ырдайсың?
Бир жолу Ош шаарында радиодо иштеген тааныштарым менен ичип отуруп ырдап берип койсом, «жаздырып калалы, өзүбүз угуп жүрөлү» деп суранышты. Мен ырдап коюп, «муну радиодон бербегиле, уят» десем «макул» деп калышкан, кетерим менен эфирге коё беришиптир. Эртеси күнү Кара-Көлгө келсем кичинекей балдар угуп, «ойолуп колуң мойнума, жатасың менин койнумда» дешип артымдан ээрчип алышыптыр. Мен кубалайм, алар болушпайт. Кайра эле ээрчип алышат десең (күлүп). Атың чыккандан кийин изденип, жакшы обондорду жаратканга аракет кылат экенсиң. Жаш кезде кыздардын баары мага ашык болчу. Айылдарга концерт койсок, мага «оптом» кат келчү. Атүгүл кыздар өздөрү жатаканага чейин издеп келишчү. Ал каттардын аягы азыр да суюла элек. Бирок биз азыркылардай жылдыз болгон жокпуз, жөн эле жүрчүбүз.
«БАЛДАРЫМА «АРТИСТ БОЛБОГУЛА» ДЕГЕМ»
– Келинчегим Оңолбү медайым болуп эмгектенет. Өзүмдүн айылдашым. Армиядан келгенде эле ата-энем «орус аял сени ээрчитип кетпесин, үйлөн» деп калышканынан кыз тандаш керек болду. Туугандарым «өзүбүздүн айылдан же Каравандан (Кербен шаары) гана аласың» дешип чек коюшту. Алардын сөзүн эки кылбайын деп айылдан 3 кыз менен тааныштым. Мен адамды бир көрүп эле билем. Бирөөсү менен учурашканда эле колунун учу менен көңүл кош учурашты. Ал жакпай калды. Анан дагы бирөө менен таанышып, жолугушууга барсам, ал башкага жолукканга чыгып кетиптир. Акыры келинчегим көзүмө жакшы көрүнүп, алып алдым. Экөөбүз мурун эле мен аскерден эс алууга келгенде таанышканбыз. Анан кайра кетип, ал жактан сүрөтүмдү жиберсем, көрүп алып ашык болуп калыптыр. Келбеттүү элем да (күлүп).
Ошентип жылдызыбыз келишип, 1976-жылы үйлөндүк. Экөөбүз 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк. Балдарыма «артист болбогула, артисттин турмушу кыйын, айлыгы аз, бирөөң экономист, бирөөң электрик, дагы бирөөң куруучу болгула» деп тамашалап койгом. Чындап эле балдарым ошол кесиптердин ээси болуп калышпадыбы. Бирок кызым таланттуу чыкты. «Сенде талант бар, сынактарга, концерттерге катыш, бирок өмүр бою бул жол менен кетпе» деп кеңешимди бердим.
Чыгармачыл адамдарга жубайлары тоскоолдук кылса, эч иштей албайсың. Менин жубайым кызганчаак болсо, балким, менден обончу чыкпай калмак. 100дөн ашуун обонумдун бири да ага арналган жок. Азыр деле кээде «сен башкаларды жакшы көрөсүң, обонуңду ошолорго арнап жаздың» деп кызганымыш болуп калат. Мен «сөздү акындар жазат, мен болгону аларга обон жазам» деп кутулам. Чындыгында жакшы обон жазыш үчүн жаныңда маанайыңды көтөрүп турган жаш кыздар болуш керек (күлүп). Башкаларга арнап көп эле обон жаздым, бирок жубайыма арнабаптырмын.
«АРТИСТТЕРДИ АЛКАШ ДЕП ОЙЛОШОТ»
– Менин обондорумду көптөгөн жаштар аткарып жүрүшөт. Арасында жакшы ырдагандары да, ырдай албагандары бар. Мисалы, менин купулума толгондор Кутман Жолдошев, Токтобек Асаналиев жана Алтынай Нарбаева. Булар менин ырларымды деңгээлине жеткире аткарышат, ал эми жеткире аткара албагандар деле бар, алардын аттарын айтпайм деле. Азыр «обон сатат» дегендерди угуп алып таң калам. Мен өмүрүмдө обондорумду сатып көргөн эмесмин. Кээ бирөөлөр «сизге продюсер болуп берели» деп келишет. Аларга «кой, айланайын. Мен өзүмө-өзүм продюсермин» дейм.
Артист десе эле адамдар башкача ойлошот. Менден «сиз ичесизби?» деп көп сурашат. «Жок, ичпейм» десем, «артист болуп туруп кандайча ичпейсиз?» деп таң калышат. Убагында ичкем, жашырбайм. Эми ичкенде кандай десем, көчөдө кулап калчу эмесмин. Жаш чагымда эркек болгон соң ичип алгандан кийин анча-мынча мушташып койчумун. Ал кезде Маданият үйүндө иштейм да, «танцага» келишет, тарсылдаша кетчүбүз (күлүп). Анан ооруп калып аракты таштаганыма 8 жыл болду. 37 жылдан бери Кара-Көл шаарында жашайм. Токтогул ГЭСинде күзөтчү болуп иштейм. Учурда чыгармачылыгымды улантып, анча-мынча тойлорго чыгып коюп жүрөм. Тойлорго «ставкам» деле жок, сүйлөшүүгө жараша арзаныраак эле барам. Бардык чыгармаларым ушул шаарда жазылды. Эмгегимди эл дагы, бийлик дагы баалады. Өкмөттөн Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист наамын беришти. Мен наамды акча берип эмес, эмгегим менен алдым.
Асхат Субанбеков
star@super.kg