Көз күйдүргөн «тамашоучу» бойдок жигиттердин саны дагы бирөөгө кыскарды. Дегенибиз, учурда тамада жана ар кандай кечелерде алып баруучулук милдетти аркалап жүргөн «тамашоучу» жигит Кубат Кубанычбеков Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сүйүктүүсү Айжандын колун сурады. Болгондо да оригиналдуулугун көрсөтүп, суу астынан сураган. Бул тууралуу Кубат: «Айжан экөөбүз 3 жылдан бери кыз-жигит болуп жүрөбүз. Мамилебизди мыйзамдуу жол менен бекитүү убактысы келип калган эле. Ысык-Көлгө эс алганы барганда суу астынан Айжандын колун сурадым. Ал үчүн аябай күтүүсүз болду окшойт, сүйүнгөнүнөн улам сүйлөп жибердиби, айтор, кычкылтек берчү маскасы чечилип кетип, суу жутуп какап да алды. Үлпөт тойду 10-августка белгиледик. Учурда тойдун камы менен чуркап жүргөн чагыбыз»,- дейт.