АПАЛАР СҮЙЛӨЙТ...

Жылдыздар турмушунан

Ата-эне үчүн баласынын ар бир жаңы кылыгын көрүү, чоңойгондо аны эстөө өзүнчө ырахат эмеспи. Сахна жылдыздарынын мына ошондой эстен кеткис кылык-жоруктарын апалары айтып беришмекчи.

Эрмек Нурбаевдин апасы Качыгүл: «ОТУНДУ ТЫКЫЙТЫП ЖЫЙНАП КОЙЧУ»
– Эрмешкамдын кичинесинде эле жаны тынчу эмес. Отунду жарып, тыкыйтып жыйнап коёр эле. Кээде мурда жарылган отундарды жарып жаткандарына кошуп, "көп отун жарып койдум" деп өзүнчө жыргап калчу. Анын бул жоругуна күлүп гана тим болор элек.
2-курста окуп жүргөндө “апа, Жалал-Абадга КВНге барып келейинчи?!” деп калды. Жок, барбайсың деп паспортун алып жумушка кетип калгам. Жумуштан келсем, Эрмектен дайын жок. Столдун үстүнө “апа, мен сизди аябай жакшы көрөм. Кечирип коюңуз, мен кеттим” деп кат жазып коюптур. Анан эстеп жатпаймынбы, Жалал-Абадга паспортсуз барса болорун.

Аскат Алдашевдин апасы Анара: «МАНТҮК ЖЕЙМ» ДЕП ТУРУП АЛЧУ”
– Аскат кичинекейинде мискейдин капкагын машина кылып айдап, “чоңойгондо дөңгөлөгү чимирилген Волга айдайм” деп күлдүрүп калар эле. Бир жакка жөнөөрдө алгач Аскатты, анан карындашын кийинтчү элем. Карындашын кийинткенче, Аскат бүт кийимдерин чечип салып, “мени кайра кийинт” деп айламды кетирчү.
Уулумдун эң жакшы көргөн тамагы – манты. Ага тили келбей “мантүк” дечү. Кайда барбайлы, “апа, мантүк жейм” деп туруп алчу. Дагы бир адаты, карындашын дубалга такап, “ай-ий, бети шоколад экен” деп кечке өпкүлөп чарчатчу. Мектепке бара элегинде эле студент таякесин көрүп, "апа, 1-класска барбай эле студент боло берейинчи" деп көп айтчу.

Исанын апасы Лира: «КОЛГОТКИ КИЙИП БИЙЛЕБЕЙМ» ДЕП КАЧКАН»
– Иса кичинесинен эле аябай токтоо болчу. 1-классында хореографиялык орто окуу жайына бергем. Кирип барганда эле лосина кийип жүргөн балдарды көрүп, “мен колготки кийип бийлебейм” деп ыйлаган бойдон эшикти көздөй качты. Эшиктен араң кармап, булкулдатып кайра алып киргем. Кийин бат эле көнүп, кыздар-балдар аралашып эле кийинип жүрүп калды.
Бир жолу 8 жашында болсо керек, жоголуп кетип, бизди жинди кылып коё жаздаган. Балдардан сурасак, баары "көргөн жокпуз" дешет. Сураштырып отуруп 5 сааттан соң кошуна бала иштеген кафеден тапканбыз. Барсак, ырдатып коюшуптур. Бою кичинекей да, башы көрүнбөйт. Байкеси көчүккө чаап, үйгө алып келген. Көрсө, балам чоң апасынан суранып кеткен экен. Ал болсо бизге айтканды унутуп коюптур.
Азыр баягы томпошка балам жок, боюна кетти окшойт, арыктап, бою 180 сантиметр болуп калды.

Ынак Осмоналиевдин апасы Канымбүбү: «ЫНАК ЭКӨӨБҮЗ АВТОБЕКЕТТЕ КУУШУП...»
– Ынак аябай эрке болчу. Эсимде, Таласта автобекеттеги дүкөндө иштечүмүн. Илгери баарын счёт менен эсептеп, отчёт тапшырчубуз. Эсептеп бүтүп калгам. Ынактын бир талабын аткарбай койсом керек, бир убакта артымдан келип счётту бузуп, качып кетти! Бир аздан кийин бул жоругун кайра кайталады. Жиним келип, жанымдагы швабраны алып артынан кууп жөнөдүм. Ал автобекетти аралап качып баратат, мен кууп баратам. Жаш да, жеткизбей качып кетти. Кечинде үйгө келсем, Ынак жок. Автобус менен Арал айылына, чоң атасыныкына кетип калыптыр. Таарынса эле ошол жакка кетмей адаты бар болчу. Ошондуктан чоң атасы "саякатчы бака" деп коёр эле.

Самат Дөөлөтбаковдун апасы Айнагүл: «ӨЗҮНЧӨ АТАМАН БОЛУП АЛЧУ»
– Самат 5 жашта болсо керек эле, көчөдө сейилдеп жүргөнбүз. Ары жактагы отургучта 3-4 келин отурган. Ошолор тарапка барып келип, “апа, эмнеге сиздин тигилердикиндей жылтырак шакегиңиз, чынжырчаңыз жок?” деп сурап калбаспы. Унчукпай туруп калсам, “чоңойгондо сатып берем” деди. Ошол нерсе эсинде калганбы, чет жерге чыкканда мага зер буюмдарды ала келет.
Бир жолу "ооруп жатам" дегенинен, бала бакчага алып барбай койгом. Бала бакча үйүбүзгө жакын эле. Жумушка кетерим менен тарбиячысына барып, "болду, мен келбейм. Атаман болдум, мектепке барам" дептир.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан