«Сулуулар жана миллион», «Браво» фильмдеринде, ошондой эле «Ашыктык асманы» сериалында роль жаратып жана бир топ белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган актриса, модель Аида Чоткараева 26-июль күнү турмушка чыкты.
Актрисанын жолдошу корей улутундагы жигит, үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Тасмаларда «стерва» кыздын ролун аткарып, жарнамалык түрмөктөрдүн жылдызына айланып, сулуулук түбөлүктүү эмес деп эсептеген Аида чыгармачылык менен үй-бүлөлүк жоопкерчиликти чогуу алып кетет деген ишеничтебиз. Тууруң туруктуу болсун, Аида