КЫЗЫЛ-ЖАР-12 КАРООСУЗ КАЛГАН ҮЙ СЫЯКТУУ

Гезитибиздин «Элет үнү» аттуу рубрикасынын алкагында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 айылына сапар алдык. Айыл тыптынч, көчөдө ары-бери баскан бирин-экин мас кишиден башка эч ким көрүнбөдү. Керилген кызыл тоолордун арасында орун алган, кезинде шаар тибиндеги айыл аталган, Республикалык психиатриялык оорукана жайгашкан айыл бизди аянычтуу тосуп алды. Аталган айылда 500гө жакын түтүн жайгашкан. 5000ге жакын адам жашайт деп айтылат. Бирок айылды араласаң, ээнсиреген үй сыяктуу жымжырт.

«БИЗДЕ БААРЫ ЖАКШЫ»
Алгач аталган айыл тууралуу маалымат алуу үчүн жергиликтүү айыл өкмөткө баш бактык. Айыл башкармасынын жоктугуна байланыштуу бизди Каныбек Эсенов аттуу айыл башчынын убактылуу кызматын аткаруучу кабыл алды. Бул адам берилген суроолорго ооз учунан жооп кайтарып, бизди батыраак узатканга шашты: «Баары жакшы. Жаштар үчүн клуб бар, оңдоп-түзөөдөн өттү. Психиатриялык оорукананын бөлүмдөрү бүт оңдолуп турат, болгону, жумуш орду гана жетишсиз».
Айыл четиндеги Союз маалында уран чыкчу жай жабылып, айыл тургундары ишкананын темирлерин сатабыз деп казып жүрүшүп, радиация чыкчу жерди ачып алышканы тууралуу укканыбыз бар эле, бул тууралуу сурасак, «жакында радиация ачылган жерди коргондоо иштери бүтөт, бетондоп жаап салдык,
10 миң долларлык иш жасалды»
деп жооп берди.
Кантсе да айылды аралап, жергиликтүү тургундардан алардын жашоо-шарты тууралуу сурап көрөлү деп сапарыбызды уладык.
Кызыгы, алдыбыздан чыккан адамдардын көпчүлүгү мектепте окуган окуучулар же улгайып калгандар болду. Бул айылда орто муундагы каны кайнаган жаштар жокко эсе экен. Мунун себебин кийин түшүндүк.

«ООРУСАК, ООРУКАНАГА ЖЕТПЕЙ ӨЛҮП КАЛАБЫЗБЫ ДЕП КОРКОБУЗ»
ЖИЙДЕ АКБАЛАЕВА, дүкөнчү:
– Азыр айылдагы жаштардын баары Орусияда. Бул жерде жумуш жок. Бизде жашоо ушундай, эптеп-септеп 8-9-классты бүтсө, Орусияга барып нан таап жемей. Эгин эге албайбыз, жерибиз туздуу, радиациядан улам жемиш тургай чөп да өспөй калган. Мен минтип чакан дүкөн ачып алып, күнүмдүк жашоону өткөрүүдөмүн.

– Байкашымча, дүкөнүңүздө дээрлик спирт ичимдиктерин сатат экенсиз...
– Бизде тамак жасап сата албайсың, аны алып ичкенге эч кимдин акчасы жок. Минтип ичимдик сатып отурабыз да анан.

Дүкөнчү айым сөзүн айтып бүткүчө эле бир жигит мас абалында кирип келип, «карызга арак берип туруңузчу. Айтчы, карындашым, тамагым кургап кетти. Берип туруңузчу бир жолу» деп калды. Дүкөнчү айым «билесиң, мен карызга бербейм, бар, акчаң болгондо кел» деп аны кууп жиберип сөзүн улады.
– Балам бар, Ноорузда сүмөлөк жасалып, музыка коюп иштеп жүргөн жерде жүрөгү кармап калыптыр. Кайда алып барышыбызды билбейбиз, жакынкы оорукана Таш-Көмүр шаарында, жеткиче жарым саат өтөт. Айылда оорукана жок же түнү бою иштей турган дарыкана жок. Эптеп психиатриялык ооруканада иштеген мээрман айымдарды сүмөлөк жасалып жаткан жерден таап келдик. Дагы жакшы, бир дарысы бар экен, ошону беришти. Элестетип көр эми, кош бойлуу келиндер эмне болуп жатышат. Таш-Көмүргө жетпей жолдо төрөп койгондорун айтпай эле коёюн. Улгайып калган аталарыбызда, апаларыбызда кан басым деген балээ бар. Кудай сактасын, кокусунан ооруп калчу болсоң, кайрылчу дарыгер же чакырчу «Тез жардам» жок, өлүп кете беришиң кеп эмес.
Бул жердеги ооруканага бүт криминалдарды алып келип тыгып салышкан. Алар бейкапар айылды каалаганча айланып жүрүшөт. Жаш балдарыбыз, кыздарыбыз бар дегендей, коркобуз. Баягы күнү болгон тополоңдон кийин гана оорулууларды сырттан көрбөй калдык.

«ЖИНДИЛЕР АЙЫЛДЫ АРАЛАП БЕЙКАПАР ЖҮРҮШЧҮ»
БҮРОБА АЙТЫЕВА, психиатриялык оорукананын 2-бөлүмүнүн кенже медициналык кызматкери:
– Биздин айылда көйгөй толуп жатат. Кайсы биринен баштаарыңды да билбейсиң. Өзүм бул жерде 7 жылдан бери эмгектенем. Жакында оорулуулар качып, ызы-чуу болгон учурда мен эмгек өргүүсүндө элем. Чынын айтайын, бизде дарылануучуларды карай турган кароолчубуз жок, кызматкерлердин көпчүлүгү аял кишилер, биздин алыбыз канча дейсиңер. Жашырганда эмне, биздеги дарылануучулар сыртка чыгып жүрө беришет, жадакалса Бишкекке чейин барып, кайра келип жатып алышат. Тиги МАИ кызматкерлерине ок аткан бала дагы ошентчү. Кантип жолун тособуз? «Өлтүрүп салам, ач эшикти» десе ачпай көрөлүчү... Ошол окуядан кийин ооруканада тынчтык өкүм сүрүүдө, көз тийбесин.
Радиациядан улам азыр жаштар болобу же карысыбы кан басымы жогорулап же төмөндөп кетип көз жумгандар деле чыгат. Оорулуу балдар көп төрөлөт. Бардык айыл тургундарынын башы ооруйт.

«КУРГАК УЧУК КАПТАП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ БАР»
СМАНЖАН БАБАТАЕВ, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты, айыл тургуну:
– Айылыбыз радиациянын астында, кургак учук каптап кетүү коркунучунда турат. 2008-жылы бул жакка эксперттер келип, текшерип кетишкен. Ошондо радиация кээ бир жерлерде 1250 микрорентген болчу. Өзү 27,5 микрорентгенден ашпоосу керек. Күндүн ысыгында башыбыздын ооруганын айтпа. Анын үстүнө ичкенге суу тартыш, кургакчылык элди тажатты.
Мурдагы кургак учук бөлүмүн азыр бирөө мыйзамсыз түрдө үй кылып жашап жатат. Аны менен эч кимдин иши жок. Түп орду менен өрттөп жок кыла турган жердин терезелери ачык, акырындан кургак учук каптап келе жатат. Учурда психиатриялык оорукананын 3 кызматкери кургак учуктун ачык формасы менен ооруп, Жалал-Абад шаарында дарыланып жатышат. Булар ооруканага кайрылгандары, кайрылбай жүргөндөрү канча, ким билет? Биздин айылдын тургундары шайлоо алдында эле бийликтин эсине түшөт окшойт.

Баарлашкан адамдар «чындыкты гана жазып берсеңер болду» деген кептери менен күндүн аптабында бизди жолго салышты да, толгон-токой армандары менен айылда калышты.

Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе,
0312 32-33-28 телефон номерине чалыңыз же koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.

Бул эски имаратта мурун кургак учук менен ооругандар дарыланчу. Азыр кадимки үй.

Айылдагылардын негизги отуну тезек болуп эсептелет. Ал ар бир үйдө бар.

Бул Союз маалындагы уран казылып чыккан жай. Учурда жарым-жартылай тосулуп турат. Бул жерге барган соң күндүн ысыгынан уламбы же радиацияданбы, башым ооруп кыйналдым.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
momuntay
2014-08-04 20:46:28
Турмушу катаал экен. Кызык эмне учун радиация чыккан жерге элди жашатышат. Жаап салса болбойбу же такыр болбосо башка жерлерге кочурбойбу. Курган бийлик ай. Элинерди бир топ эле азап тарттыра турган болдунар.
-1
merim
2014-08-05 01:20:54
momuntay, туура мен да ушуну айтайын дегем.
-1
mama.i.synochka
2014-08-07 14:35:53
радиация эмне бул кенири маалымат бере аласыздырбы
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан