«КЕМСИНИП, КЫЗДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨ АЛБАЙМ»

– Жашым 35те. Бул курак­ка келип калсам да алигиче үйлөнө элекмин. Ага себеп – бир колумдун майыптыгы. Мындан 20 жыл мурун кокустуктан ма­йып кылып алгам. Кыздар менен тил табышып сүйлөшө албайм. Убагында 2 кыз «майып» деп чанып кеткен. Ошондон тарта мен үчүн кыздар менен таанышуу, сүйлөшүү азапка айланды. Таанышсам да жолугушууга чакыра албай кыйна­лам. Чалган коңгуроомо жооп бербесе же «бошобой калдым» десе, «майып деп чанып жатат го» деген ой келет. Жиним келип телефон номерлерин дароо өчүрүп салам, кайра чалбайм. Эми кантип үй-бү­лө күтүп, эл катары жашайм деп ой­лонуп, сиздерден кеңеш сурап жа­там.

Темирбек, 35 жашта, Ош

– Сиз «майыпмын» деп чөк­пөңүз. Анткени гезит-журнал, интернеттерден бир колу эмес, эки бутунан айрылган адамдар деле үй-бүлө куруп, бактылуу жашап жаткандарын көрүп, окуп жүрөбүз. Андан көрө мү­нөзүңүздүн жакшы жактарын, колдон келчү өнөр­лөрүңүздү өр­күндөтүп, ошолорго басым жасашыңыз кажет. Тартынчаактыкты жы­йыштырып, өзүңүзгө болгон ишенимди күчөтүңүз. Буга өзү­ңүздүн алыңыз жетпей жатса, психологдорго барып, жекече кеңеш алып, тренингдерге катышыңыз.
Адам өзүнө болгон баасын жогорулатып, жакшы сапаттарын өстүрүп, жаман адаттарынан кутулуп, көп ийгиликтерге жетсе болорун эске тутуңуз. Менимче, кыздардын бардыгы сизди чанган жок. Өзүңүз эле алардын ордуна чечим чыгарып жаткан­дай туюласыз. Телефон чалууңузга жооп бербесе, балким, колу бошобой же болбосо өздөрүнүн көй­гөйлөрү менен алаксып жаткандыр. Сиз анык себептерин билмейинче жы­йынтык чыгарбашыңыз керек. Андан көрө айымдар­га жагынуунун, аларды каратуунун сырларын өз­дөш­тү­рүңүз. Бул тууралуу атайын курстар бар, ошолорго жа­зы­лыңыз.

Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз,
бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Nasyrkg
2014-08-05 17:56:23
колум майып деп озунду кемсинтпе да сенден жамандар уй було кутуп жашап жатышпайбы
0
guljigit88
2014-08-05 18:20:05
Менин келинчегим эпилепсия менен ооруп озун эч кимге керексизмин деп кемсинтип, жашоого кызыгы жоктой эле. Экообуз турмуш куруп, кыздуу болдук азыр деле ооруйт кээде ооруса карап, тушунуп эле жашап келетам, сизгеда жолугат тушунгон жар, аракет кылыныз.
+1
guljigit88
2014-08-05 18:34:20
Жараткан алла таалам, ар инсанга ар кандай сыноо берет экен. Бирин майып, бирин оорулуу дагы бирин жалгыз кылып жаратыптыр, сыноого сынып калбай аракет кылсак, берекет болот албетте жараткан алла таалам мээримдуу.
0
burger
2014-08-05 18:51:10
Билбеген адамга оной корунушу мумкун. Антип комплекстер менен жашоо чынында кыйын.Дуйнодо 7 миллиард адам бар. Эки кыз майынсын деп кемсинткен болсо калган кыздар менен суйлошуп корунуз. Менде дагы комплекстер бар. Ашыкча килограмм. Бир кыз менен суйлошуп калып, кайра кайра айта берип мен да комплексовать этип баштагам. Ойлоп корсом колумдан жумуш келет, айына $4000-5000 табат экенмин. Шаарда уй жай, машинем бар. Кызды алмаштырдым, баш оорудан да кутулдум. Лишний килограммдар деле озу эле кетти
0
bekbolot-NOOKAT
2014-08-07 03:02:37
burger, брат Аллахтын суйуктуу пенделери экенсинер молодцы!!!
0
ACAH_AKA
2014-08-05 19:42:40
Эээ брат кыжаалат боло бербе да.Кааарыган чалдардан караганда жапжаш жигитсинго болгонун болгондой айтып эле суйлошо бер эмнеси бар экен анын
0
elya-jan
2014-08-06 01:08:29
Kudaydin buyurgani da ozundu kemsintpey aldyga umtuluu k.k. butu kolu aman birok akyly az bolgondor dele jawap juruwpoybu
0
alhamdulillah
2014-08-06 11:07:40
Булда бир сыноо
0
uluk1982
2014-08-06 13:18:00
эч чокпонуз!!!!!!!!! Кудааай деп баштаныз! жакшы болот буйруса!
0
Sultanim
2014-08-06 14:24:45
Baarynyn komentine kowulam. azamatsingar!))) Kolundu senden murun beyiwke jonotuptur degrn eken paygambaribiz sav bir sahabaga...
0
edu.kg
2014-08-06 20:27:59
Чындыгында сиз айткандай жагымсыз создорду угуу кыйын. Аны жене билиниз эч кадамынызды артка таштабаныз сиз озунунузго ишениниз кудайым сизди ушундай абалга салса анда сизге деген жакшы жагдай кубанчуу кундорду да аябагандыр. Ошондуктан оз тенинизди табууга аракет квлыныз ишениниз сизди тушунгон ушул жагдайдан алып чыга турган адам бар экендигине. Сизге ийгилик каалайм.
0
elmira_kurmanalieva
2014-08-06 21:35:56
чынында бул адам озу эле чечи чыгарып жаман ойлоп, кыздар менен суйлошпой койот экен,бул адам андай ойлордон алыстап ,жаны жашоого умтулушу керек,мисалы:менин жигитимдин тандайы жок торолуп калган,суйлогон созуно эчким тушуно албачу жана жакшы укпай кетчумун, алда бул адамдай жаман ойлоп журчу,кокустан аны менен танышып мамилебиз жакшы болуп кетти,азыр ал башкача адам болуп калды,ал мурдакыдай адам эмес жана алдына койгон максаттары абдан коп , 2015 жылы кудай буюрса баш кошолу деп жатабыз!
+1
rk.kazaliev
2014-08-08 05:47:29
доке такыр чокпо кыз кулагы жигит козу мн суйот дейт анысы кандай создон жакшы болсон эле озуно жаккан кызды аласын. Кыргыздын кыздары чанбайт аткени ыймандуу келет
0
borbash92
2014-08-25 23:40:54
Салам аке. Азыр статистика боюнча да кыргызстанда кыз бир аз коп эркектерге караганда. Бул созду айтканымдын себеби, кыздарды тандап тандап уйлонсонуз болот. Сиз озунузду эч кемсинтпениз.
0
Adiko..91
2014-11-25 09:34:53
salam baike siz antip ozunuzdu kemsitpeniz bilesizbi ar bir adam ozun suluu seziwet sizda owondoi oilonuwunuz kerek tuwungon kyzdar kop kaisy kyz menen taanywsanyz da baaryn a4yk aitynyz
0
Adiko..91
2014-11-25 09:37:58
suiuu bul suigondun wartyna konuu degen sozdu emi tuwundum sizdi da biroo suiso sizdin baardyk warttarynyzga 4ydait
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан