– Менин турмушка чыкканыма 3 ай болду. Жакындан бери бирөө менин чөнтөк телефонума чалып, күйөөм экөөбүздү уруштуруп, тынчыбызды алууда. Үнү кыздардыкындай, бирок үнүн өзгөртүп, чалган сайын ар кайсы жигиттин атын айтат. Мен ага «биздин турмушубузду бузуп жатасың, мунуңду кой» десем укпайт. Күйөөм мени түшүнгөндөй эле болот, бирок ичинен шектенип жаткандай. Эмне кылсам болот?
Жемиля, 27 жашта, Нарын
– Телефонуңузда «кара тизме» функциясы бар. Ага чалып жаткан адамдын номерин каттап коюңуз, ошондо ал сизге чала албай калат. Же аны менен сүйлөшкөн сөздөрүңүздүн баарын жаздырыңыз да (телефонго, диктофонго), аны укук коргоо органдарына алып барып, үстүнөн арыз жазыңыз. Өзүңүз менен кошо жолдошуңузду алып алсаңыз жакшы болот.
Же болбосо ал адамга энергияңыз менен убактыңызды коротпой, жөн гана SIM-картаңызды алмаштырып салыңыз. Үй-бүлөлүк бакыт баарынан артык турарын унутпаңыз.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз,
бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.