КАЙРАТ ӨЗҮН МАКТАСА, КЛАРА ӨЗҮН АКТАЙБЫ?

Окурмандардан «атактуу адамдарга бере турган суроом бар, бирок кантип беришти билбей жүрөм» деген сөздөрдү кулагым чалып калат. Дал ошондой көөдөнгө катып алган көп суроолордон сууруп чыгып, айрым ырчыларга узатып, жооп алдык.

ЫРЧЫ БОЛБОЙ СЫНЧЫ БОЛУП КАЛСАҢЫЗ, ӨЗҮҢҮЗГӨ КАНДАЙ БАА БЕРМЕКСИЗ?

Кайрат Примбердиев:
– Бул жигиттин таланты жакшы, бирок аябай жалкоо демекмин. Чыгармачылык үстүндө көбүрөөк иштеп, жакшы ырларды ырдап чыкса, кийин Эл артисти болчу жигит деп бааламакмын. (күлүп).


ЫРДАП ЖАТКАН ЫРДЫН МААНИСИНЕ КӨҢҮЛ БУРАСЫЗБЫ?

Назгүл Токтакунова:
– Албетте, ар бир ырдын сөзүнө, музыкасына карап аткарам. Менин аткаруумдагы ырлардын сөздөрү, музыкасы жаштардын табитине ылайыкташып жазылган.


БИР ЖАРК ЭТИП, ЖАЛП ӨЧКӨН ЫРЧЫЛАР ЧАБАЛ ЫРЧЫЛАРБЫ?

Клара Алибекова:
– Эл алдына чымыны бар адамдар чыгышат. Айрым өнөр адамдары кандайдыр бир убакта турмуштук себептерден улам тыныгуу алышат. Мен дагы азырынча ошол ырчылардын катарын толуктап жүрөм. Ошондой шартка түшүп калган ырчыларды даремети жетпей калды деп айткандарга кошулбайм. Адамда талант болсо, бир күнү кайрадан оргуштап чыга берет. Мен дагы чыгармачылыкка киришейин деп жатам.

ТААНЫШ-БИЛИШСИЗ САХНАДА ОРУН ТАПКАНГА БОЛОБУ?

Аваз Акимов:
– Менин оюмча, тааныш чоң роль ойнойт. Өзгөчө талантың болуп, элдин баары ушул ырчыны угуш-көрүш керек деп коомчулукка алынып кетпесең эле, аталган чөйрөдөн өз ордуңду табуу кыйын. Мындай сыноону чыгармачылыкка аралашкан учурда өз башымдан өткөргөм. Менин бул чөйрөдө көрөрмандарымды, угармандарымды тапканыма Сыймык атамдын (ред. С. Бейшекеев) салымы чоң.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
alibekova94
2014-08-05 15:56:50
ммм да )) Аваздын унуно адам тойгус ушунчалык суйуп угам уну керемет бар болунуз Аваз байке ! Чыгармачылык ийгилик жеке жашоонузга Бакыт каалайм!
0
PROS
2014-08-05 17:47:55
Хехее, перецтен бердириптирсиңер да, азаматсыңар суперчилер!!!
0
shazi
2014-08-05 20:31:54
Клара таланттуу, супер.
0
mersedes2013
2014-08-06 02:31:04
Аваз жакшы туура жооп бериптир.Атасынын аркасы менен таанылса да бирок негизи таланттуу жигит.Ырлары абдан сонун ,уккулуктуу!
0
Nur92
2014-08-06 10:31:26
Молодцы бар болгула
0
Kleopatra_91
2014-08-06 11:05:07
Клара жакшы ырчы,а Кайраттын кайсы ыры бар?
Сен дагы мени сагынгандасынан башка ыры атактуу болгон жокко дейм,Назгүл Токтакунова дегенди тааныбайт экем?
0
33SUUN
2014-08-06 20:51:23
Клара супер!Чыныгы жылдыз!
0
nurjana83
2014-08-06 20:59:23
Кайрат Примбердиев ырчы болбой эле, кой кайтарсан жакшы жарашмак
0
nurjana83
2014-08-06 21:00:14
Клара Алибекова таланттуу кыз, ага берген суроонор туура эмес
0
rima88.kg
2014-08-07 02:45:20
Клара Алибекованын ырды аткаруусу озунчо айырмаланып турат.кыргызымдын жигиттерин кундо эле угуп турам уну кайталангыс назик.Клара жогорку музыкалык билим алып,
жакшы продюсер менен иштесе эл артисти болотко деп ойлойм.Клара Алга
0
s.tur
2014-08-07 11:52:28
Аваз Акимов биздин айылдан болот, бул бала 2-3классында эле кичиненкей акардеону менен мектепте ырдачу,кийин Сыймык Бейшекеев уюштурган сынакта 1-орунду алган.Сыймык Бейшеккеев озу менен кошо ала кеттип чыгармачылыгына жардам берди,озу чонойту.Негизи аябай талантуу бала чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
s.tur
2014-08-07 11:55:09
Назгул Токтакунова деген ырчыны тааныбайт экенмин ,Кайрат Примбердиевдин жакшы ыры жок.
0
Kalin466
2014-08-07 12:34:35
Клара башка суротун койсон болмок,чекчейип тушуп туруп,аябай жудогондой корунуп калыпсын. Биркезде абдан берилип укчу лек ырларынды.
0
Karamel
2014-08-08 03:13:09
Супер инфо, Кайраттан сурасанар, эмнеге фамилиян Примбердиев деп.
0
Lamazhlug
2014-08-08 16:27:11
Клара Алибекованын озгочо уну бар, таланттуу ырчы. Чыгармачылыгын улантып кетсе, сонун ырларды аткарат деген умут бар.Аваз Акимовдун да ырдаганы жагат, аябай суйкумдуу, жылдыздуу жигит. Кайрат Примбердиевдин бир гана "сен дагы мени сагынганда канатсыз учкун келеби" деген саптары бар ыры жакшы чыккан калганын билбейм, ал эми Токтакунованы такыр тааныбайм!
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан