Дүйнөлүк деңгээлдеги актёр менен ырчынын ортосунан кайсы кара мышык өттү дейсиз. Чыр Ибица аралындагы ресторандардын биринде башталган. Орландо Блум да, Жастин Бибер да өз достору менен коңшу столдордо отурушкан. Жастин жаштык кылып Орландонун мурунку жубайы Миранда Керр менен болгон мамилесин атайын баарына угуза айтып, мактанып кирген. Буга чыдабаган актёр ордунан тура калып, жаш ырчыны ооздон ары бир уруптур. Эске салсак, буга чейин да ырчынын үйүнөн баңгизаты табылган, андан соң Жастин кошуналарын жумуртка менен ургандыгы үчүн да жоопко тартылган.