Бул кабар учурда талкууга алынган окуялардын бири болууда. Былтыр ушул маалда Орусиянын мыкты актёру Сергей Безруков менен жубайы Ирина Безрукова эгиздердин ата-энеси болушканы тууралуу маалымат тараган. Бирок өздөрү эч кандай маалымат беришкен эмес. Актёр менен жубайы көптөн бери балалуу болуша албай жүргөнү маалым. Эми минтип Сергейдин бир кыз, бир уулу бар экендиги, бирок алар жубайынан эмес, Кристина аттуу айымдан экендиги кеп болууда. Мындай опурталдуу кабарга Сергей адаттагыдай эле эч кандай комментарий бере элек. Бирок анын атасы Виталий Безруков журналисттерден тажадыбы, айтор, «мунун баары чын, менин Иван аттуу 6 жаштагы, Александра аттуу 3 жаштагы неберелерим бар» деп билдирген. Айта кетсек, Сергей Безруков балдары тууралуу өз ата-энесине 2 жыл мурун айткан. Чуулгандуу окуяны актёрдун жубайы азырынча жылмаюу менен гана жеңүүдө.