КИМ? КАЙДА? КАЧАН?

Супер агент

Урматтуу окурман, мындан кийин шоу-бизнестеги жашыруун жаңылыктарды узун кулак каармандар Айшакан менен Сайракан айтып берип турмакчы.

ВИКТОРИЯ САВЧЕНКО ТЕМИР НАЗАРОВ ҮЧҮН МУСУЛМАН ДИНИН КАБЫЛ АЛГАНБЫ?

Сайракан: – Ай, Айшакан, “Супер-Инфодон” Темирдин интервьюсун окудуңбу? Виктория менен жашаганын ушак деп коюптур го?
Айшакан: – Ой, ага сенин эмнеге жиниң келет? Ушак болсо ушак да.
Сайракан: – Ушул жигит, каратып туруп калп айтып койдубу дейм да?.. Вика Темир менен эки жыл чогуу жашаганын угуп эле жүрбөдүмбү. Жадакалса Темир үчүн мусулман динин кабыл алган деген кепти да кулагым чалган эле. Анан эле Темир үйлөнүп алды. Вика “шок” болуп, өзүн алаксытуу максатында Москвага барып, 3 ай жүрүп келген имиш.
Айшакан: – Койчу, чын элеби? Өздөрү­нөн сурап көрөлүчү, эмне дешээр экен.

Виктория Савченко: – Мунун баары карандай калп. Мен Темир Назаров менен 3 жыл чогуу иштешкем. Кесиптеш, дос катары мамилебиз бар. Буюрса, жакында кайрадан иштешели деп турабыз. Мунун эмнеси бар экен?! Менин азыр сүйүктүү жигитим бар, аты – Рома. Рома экөөбүз үйлөнүү тоюбузду жазга пландап жатабыз. Баса, динимди өзгөрткөн эмесмин.

Темир Назаров: – Мен Виктория менен жашаган эмесмин, жөн гана иштешкем. Дагы деле иштеше бермекчимин! Муну айткандар эмне, мени Вика менен кармап алышыптырбы?!


ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ ТАЛАСТЫКПЫ?

Айшакан: – Сайракан, кулагыңды бери тоссоң, мен ысык жаңылык уктум.
Сайракан: – Кокуй, эмне жаңылык болду экен? Бол, айта калчы, чыдамымды кетирбей!
Айшакан: – Айтсам, сүйүнчүсүнө эмне бере­сиң? Сүйүнчү бербесең деле айта берейинчи сени көп күт­түрбөй. Жанагы ырчы бала Ильяз Абдыразаков бар эмеспи, ошол баткендик эмес эле таластык болот экен да. Ошко турмушка чыккан таежеси багып алыптыр.
Сайракан: – Ме, сага, ошондой бекен? Кайдагынын баарын угуп аласың ээ?
Айшакан: – Ой, ооба, Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында Шамырат деген киши бар. Ал согушка катышып, бир аз башынан жаракат алган. Анын Клара деген кызы бар. Клара Ильязды төрөөрү менен ден соолугуна байланыштуу бага албай, эжесине берген имиш. Клара да укмуш ырдайт.
Сайракан: – Оозумду Ошко караттың го. Мунун чын-төгүнүн билүү үчүн Ильяздын өзүнөн сурап көрөлүчү.

Ильяз Абдыразаков:
– Мен Кызыл-Кыя шаарынын Маркас деген жеринен болом. Апам да, атам да ошол жактан. Азыр таятамдын көзү өтүп кеткени менен, чоң атамдын көзү тирүү. Менин Таласка эч кандай тиешем жок.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан