Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2005-жылы жарыкка чыккан «Мистер жана миссис Смит» аттуу тасмага тартылып, дал ушул тасманы тартуу учурунда экөөнүн ортосунда махабат оту тутанган. Атактуу жубайлар андан бери чогуу тасмага тартыла элек эле. Түйгөйлөр эми бир фильмде чогуу роль жаратышат. Тасма «Деңиз жээгинде» («У моря» ) деп аталат. Драманын сценарийи Анжелинага таандык, мындан тышкары режиссёрлук милдетти да өзү колго алган. Тартуу иштери жаңы гана башталганына карабай коомчулукта эбегейсиз кызыгуу жаралып, түгөйлөрдү бир тасмадан көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатышкандыктарын айтышууда.